Мен Кыргызстанда жаңы эрежелер боюнча кантип каттоого турдум (жана кандай кыйынчылыктарга туш болдум)

Вероника Безумова — Казакстандан окууга келген Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү. Бишкекте жашап, иштейин деп пландаштырууда. Колонка анын өз пикирин чагылдырат.

Силер «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга киргизилип, 4-ноябрда күчүнө кирген түзөтүүлөр тууралуу уксаңар керек. Эми мен ал ичинен кандай иштей тургандыгын жана эмнелерге туш болгонумду айтып берейин. Казакстандын көп жарандарына бул өзгөртүүлөр түздөн-түз таасир этти, кайдыгер калыш мүмкүн эмес.

Бирок баары ирээти менен болсун.

Вероника Безумова, Казакстандан окууга келген Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү.

Бишкекте жогорку билим алууга, эс алууга жана туризмге абдан жагымдуу шарттар бар. Бул жерде билим алуу арзаныраак жана алда канча жеткиликтүү, Казакстандан келген миңдеген студенттер Бишкектин жогорку окуу жайларында окушат. Көбү иштегени, эс алганы, жашаганы калышат. Казакстандан студенттерди жана кызматчыларды тартуунун шарттарын пайдалуу десе болот. Бул баарына жакшы.

Мурда казакстандыктар Кыргызстанда каттоого турбастан 90 күн жүрө беришчү эле. Эгерде Түштүк-Казакстан облусунан келип окуп жаткан студенттердин көпчүлүгү тууралуу айтсак, ал система абдан ыңгайлуу болчу. Дем алыш күндөрү жана каникулда үйгө келип, үй-бүлө менен Ысык-Көлдө эс алып, бир нерсе сатып алганы, дарыланганы келип турса болоор эле. Бул да баарына пайдалуу.

Мен үчүн чет өлкөлүктөр башка өлкөдө каттоого турушу керек экени талашсыз жана туура талап. Бирок мени мыйзамга өзгөртүүлөр шашылыш киргизилгени таң калтырат.

Мыйзамды тез арада кабыл алууга эмне себеп болду? Шарттарды өзгөртүүнүн эмне кереги бар? Мурдагы системанын эмнеси туура эмес эле? Чек арадан өтсөңөр эмне кылышыңар керек? Маалыматты кайдан алса болот?

Мен дээрлик мыйзам күчүнө кирээри менен чек арадан өттүм. Чек арада мага каттоого туруу зарыл экенин эскертишти, бирок аны кантип кылыш керек экенин айтышкан жок. «Кайдадыр кайсы бир документтер менен барыш керек экен» деп айтышат.

Каттоого туруш үчүн берилген беш күндүн экөөнү мен жооп издегенге кетирдим.

Элчиликте «жашаган жериндеги паспорттук столго» сылык-сыпаа жиберишти. Тактоо иретиндеги суроолорго «биз билбейбиз» деп коюшту.

Каттала турган дарек кайсы районго карай тургандыгын, кандай документтер керек экенин, дегеле эмне кылыш керек экенин каяктан билсе болот? Паспорттук столго чалып байланышканга эч мүмкүн эмес!

Мени Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтындагы онлайн кеңеш берүү сактап калды — мага баарын сылык, жеткиликтүү, ыкчам түшүндүрүп беришти.

Дагы бир нече күн жардам издөөгө кетти.

Чет өлкөлүк жарандардын көбү ижарага батир жалдашат, ал эми ижара ээлери үчүн каттоо жагынан жардам берүүгө убакыт коротуу кыйын. Каттоого туруп жатканда батирди алуу-сатуу жөнүндө документтери жана анын техпаспорту менен кошо батир ээсинин өзү болушу зарыл экен.

Бишкектин паспорттук столу мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү аткарууга даяр эмес болуп чыкты. Каттоого туруш керек болгон кишилердин саны паспорттук стол кызматкерлеринин күткөнүнөн арбын болуп чыкты окшойт.

Көрүнүш эми бир укмуш. Дээрлик Помпейдин акыркы күнү тууралуу сүрөттөгүдөй эле. Эл өтө көбөйүп кетсе эле «азыр киши өтө эле көп болуп атат, эртең келгиле, бирок эртең аз болоорун ким билет» деген түшүндүрмө менен каттоо токтотулат.

Мен каттоодон өтөйүн деген үмүт менен паспорттук столго үч күн бардым, күн сайын мени каттоодон улам жаңы себептер менен баш тартып жатышты:

  1. Биринчи күнү мени кезекке коё бербей коюшту, анткени таптакыр орун жок болчу;
  2. Экинчи күнү мен келген автобустун билетин тиркеш керек болуп чыкты. Мурда маалымат кызматында жана онлайн кеңеш берүү учурунда мага бул жагдай тууралуу эскертишкен эмес;
  3. Үчүнчү күнү мага: «Биз бажыканадан сиз чын эле чек арадан өткөнүңүз тууралуу ырастама күтүп жатабыз» дешти.

Жөнгө салуу системасын түзбөй туруп кантип мыйзам кабыл алса болоорун мен эч түшүнбөйм. Тагыраак айтканда система деле бар, бирок аны иштиктүү деп айтыш кыйын. Мыйзам кандай иштей турганын түшүндүрүү системасы, каттоодон өтүү системасы, эгерде ал мурунку эки система жараксыз болуп калса, арыздар менен иштөө системасы керек да.

Эмне үчүн чет өлкөлүк жарандардын көз көрүүнө көптүгү жана паспорттук столдун бөлмөсүнүн көз көрүүнө тардыгы эсепке алынбайт? Эмне үчүн түшүндүрүү мезгили болгон эмес? Жаңы мыйзамдын алкагындагы иш-аракеттердин эрежесин деги ким түшүндүрүшү керек?

Каттоонун акысын төлөө

Каттоонун наркы мени жакшы жагынан таң калтырды — болгону 120 сом. Бирок такай эле «эртең келиңиз» деген өтүнүчтөрдү эске алганда, үч күн ичинде мен каттоонун өзүнө караганда жол киреге көбүрөөк акча кетирдим.

Каттоонун шарты бузулганы үчүн штрафтын өлчөмү — 10 миң сом. Аткаруу механизминин көзгө даана урунган кемчилигин эске алганда, штраф өтө эле чоң деп ойлойм.

Мен эмгиче жооп таба албай жүргөн суроо — чек арадан өткөндө каттоону жаңыртыш керекпи? Бажыканада кереги жок дешет. Паспорттук столдо тескери маалымат жүрөт, анын кызматкерлери каттоо чек арадан өткөндө жокко чыгарылат деп жатышат.

Кандай таң каларлык учурларга туш келишиңер мүмкүн:

  • Паспорттук столдо жаран качан чек арадан өткөнү тууралуу маалымат жок. Маалымат бажыканада гана бар. Паспорттук стол бажыканага сурам жөнөтөт, жооптун келиши 5 жумуш күнүнөн ашып кетиши мүмкүн, анда силерди штраф күтүп турат. Андай учурда эмне кылыш керек деген суроого паспорттук столдогулар жооп бере алышпайт.
  • Чек арадан эки документ менен — өздүк күбөлүгү менен же чет өлкөлүк паспорту менен өтсө болот. Каттоого да тиешелүү түрдө ушул эки документ менен тургузушат. Бирок кийин билингендей өздүк күбөлүгү менен каттоого турганда поезддин, автобустун же учактын билеттери да зарыл экен.

Мыйзам менин өлкө тууралуу баштапкы пикиримди анык эле өзгөрттү. Бирок билесиңерби, мен Бишкекти эмне үчүн жакшы көрөм? Бул жердеги адамдар кайдыгер эмес, дайыма жардамга даяр. Сөзү менен да, иши менен да. Досторум менен тааныштарым колдоп, кайсы жакка телефон чалыш керек экенин, кайда барыш керек экенин, кандай документтерди издеш керек экенин айтып беришти. Бирок комментарийлерде «жакпаса — кете бер» деп жазчулар деле чыгат.

Позициямды күн мурунтан билдирип коёюн, достор.

Силердин ажайып, меймандос, кооз өлкөңөр бар, анда адам беш жумуш күнүнө караганда көбүрөөк калгысы келет!