Азамат Өмүралиев: 61-мектепке тийбегиле

«Пикир» рубрикасында жарык көргөн материалдар авторлордун жеке позициясын чагылдырат.

Мен Бишкектеги 61-мектепти бүтүргөм. Менин аны менен эки эле маселем бар болчу.

Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев

Биринчисин мен биринчи нөөмөттө окуй баштаган чоң балдар үчүн мектепте башымдан өткөрдүм. Борбордогу көпчүлүк мектептерде сабак эртең мененки 8де башталса, бизде 7де башталчу. Кеп уйкум канбай калганында эмес — болгону көчөдө куштар жаңыдан сайрап, күн ыңгыранып көтөрүлүп келатканда өспүрүм бала үчүн 6да туруш кыйын эле.

Экинчи маселе ошол эртең мененки кыйналышыма чейин эки жыл мурда башталган. Орто мектепте мен башкаларга жаккан бала эмес болчумун — кеч кирген сайын футбол ойнобой эле блокнот менен калем кармап жалгыз отурсаң элге жагыш кыйын. Башкаларга жакпаган бардык балдар сыяктуу эле мен да теңтуштарым менен чатакташчумун. Тагыраагы, бирөө менен.

Албетте, ал өз курагынан кыйла улуу көрүнчү. Алтынчы класста эле дене түзүлүшү 16 жаштагы атлеттикиндей болуп, мектептин жанындагы кар баскан талаада ое баскан из калтырып, анысы дароо чыйыр болуп калаар эле. Теңтуштарымдын көбү мени кандай жактырбаса, аны деле жактырып жиберчү эмес. Бирок анын артыкчылыгы бар эле. Ал бою узунураак, өзү алыбеттүү жана күчтүү болчу.

Ал тийишип эле турчу. Айрыкча — ооба, мага тийишчү. Менин ак көйнөгүмө көпкөк, сыясы куюлган маркер менен балжыратып бир нерсе жазчу. Дене тарбия сабактарынын эң ылайыксыз жеринде шымымды шыпырып жиберчү. Башын бийик көтөрүп жүрчү. Эч качан артына кылчайчу эмес.

Убакыт өтө берди. Мен дос күттүм, ал болсо окуудан чыгарылды. Ал эмне болгонун билбейм. Ага кек сактаганым деле жок. Ал деле мага кек сактабаса керек деп үмүттөнөм.

61-мектептин буга эмне тиешеси бар? Тиешеси ушул, ата-энелердин, мугалимдердин жана директорлордун эч кандай териштирүүсү бизге жардам бермек эмес — депутаттардыкы андан бетер. Аны жазалашмак, балким окуудан чыгарышмак, бирок мен эмне болот элем?

Мага ал бир жыл тийишип жүрүп жаман баалары үчүн башка мектепке которулуп кеткени жардам берген жок. Мага айланамда мыкты адамдар болгону жардам берди. 61-мектепте тандоо катуу болчу — ал окууга кабыл алууга тиешеси болгон эмес (мейли, ал жакта паракорлук болгон дейли: андайы жок кыргыз мамлекеттик институтун көрсөткүлөчү). Бул мектепте табигый тандоо иштейт. Колуңдан келбейби? Кет. Окугуң келбейби? Кет. Уйкуң канбай жүрөбү? Жообу ошол эле.

Жыйынтыгында окууга умтулган жана билими жакшы — мындан келди, тарбиялуу, сыйлуу жана ачык ой жүгүрткөн балдар гана окууда калат. Мүнөзү татаал, кызыкчылыгы баарына жага бербеген бала жагып калган балдар. Мен жагып калган балдар.

Жыл сайын эч кандай кыйналбай-этпей алтын сертификаттардын үчтөн бирин алып жүргөн балдар. Бирөөнүн жардамы жок эле мыкты эл аралык жогорку окуу жайларына өтүп жүргөн балдар. Көзүндө от жанып турган балдар. Кайрылып келип, бул өлкөнү жакшыраак кыла турган балдар.

Мейли, окутуучуларды, директорлорду жана окуу бөлүм башчыларын иштен кетиргиле дейли. Алар кетип калып, жаңы менчик мектеп ачып алышат. Ал мектептин баасы кымбат болот. Бирок менчик мектеп — кайрымдуулук эмес, ал ишкерлик. Анан табигый түрдө андай мектеп талаптарын жана сапат стандарттарын төмөндөтүүгө аргасыз болот. Атасы бай балдардын баарынын эле көзүндө менин классташтарымдын жана досторумдун жүрөгүнө жарык берген от боло бербейт. Ал эми атасы бай балдар — ишкердиктин ар бир түрү үчүн кызыгуу жараткан нерсе.

Албетте, ал жаңы менчик мектеп алтын сертификаттардын үчтөн бирин ала албай калат.

Бүтөөрү менен МГУга же Европанын мыкты жогорку окуу жайларына өтө турган балдарды чыгара албай калат.

Бизге ошол керекпи?

Мектепти жайына койгула. Ал депутаттардын баарына салыштырмалуу өлкө үчүн көбүрөөк нерсе жасап жатат. Андан көрө конституциянын жаңы долбоорун окуп чыгып, 11-декабрдагы референдумга барып келгилечи, пайдасы көбүрөөк болот.

ТЕМА БОЮНЧА: