Карточкалар: Референдумда кантип добуш бериш керек?

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 11-декабрда болот. Референдумга кантип катталып, биометриканы кайдан тапшырса болоорун, катталбаган жерде добуш берсе болоор-болбосун түшүндүрөбүз.

1Сизди БШК каттаганын текшериңиз

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган эки миллиондон ашуун адамды каттады. Эгерде сиз биометриканы тапшырган болсоңуз, өзүңүздү Shailoo.srs.kg сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен текшерип көрсөңүз болот.Шайлоочулардын тизмесинде бар экениңизди текшериш үчүн өз аты-жөнүңүздү «издөө» деген жерге терип жазсаңыз жетиштүү. Эгерде издөөнүн жыйынтыгы бир нече киши жөнүндө бирдей маалымат көрсөтсө, анда атаңыздын аты боюнча өзүңүздү тактасаңыз болот.

БШК сизди каттаганын 199 номерине чалып тактап алсаңыз да болот.

Эгерде тизмеде жок болсоңуз, бирок биометриканы тапшырганыңыз эсиңизде болсо — катталган жериңиздеги участоктун тизмесинен өзүңүздүн аты-жөнүңүздү издеп көрүңүз. Эгерде сиз мурда башка райондо катталган болсоңуз, акыркы жолу добуш берген участоктон өзүңүздүн аты-жөнүңүздү издеп көрүңүз.

Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) маалыматтарды тактоону улантууда жана балким сизди маалымат базасына киргизе элек болушу мүмкүн.

2Эгерде катталбаган жерде добуш бергиңиз келсе

 

Сиз катталган жериңизде эмес, башка жакта добуш берсеңиз да болот. Жергиликтүү кеңештерди шайлоодон айырмаланып, референдумда добуш берүү укугу жашаган жериңизге карабастан берилет.

Катталбаган жерде добуш бериш үчүн сиз 

Өзүңүз тандап алган участокто катталбаган жериңизде добуш бергиңиз келгени тууралуу арыз жазыңыз. Айрым участоктордогулар арызга ID-паспорттун көчүрмөсүн тиркегенди өтүнүшү мүмкүн. Паспорттун өзү да жаныңызда болушу зарыл.

Арызды 25-ноябрга чейин жазыш керек. 

3Эгерде биометрика тапшырбаган болсоңуз

 

Эгерде сиз биометрика тапшырбаган болсоңуз референдумда добуш бере албайсыз. Эгерде Бишкекте добуш берүүнү пландап жатсаңыз, биометрикалык маалыматтарды төмөнкү даректерде тапшырсаңыз болот: Тынчтык проспекти 96 дарегиндеги Калкты тейлөө борборуВалиханов 2 дарегиндеги Калкты тейлөө борборуБайтик Баатыр 17 дарегиндеги Октябрь районунун администрациясы

Биометрика тапшыра турган жер катталган жериңизге карабайт. Биометриканы 24-ноябрга чейин тапшырыш керек. Жаныңызда паспорт болушу керек.

Кыргызстандын башка шаарларындагы жана аймактарындагы биометрика тапшыруучу жерлердин даректерин Grs.gov.kg сайтынан тактап алсаңыз болот.

4Кыргызстанда болбосоңуз кайсы жерде добуш берсеңиз болот?

 

Сиз Кыргызстандын консулдугунда добуш берсеңиз болот.

5Эмне болгон референдум? Эмне болгон түзөтүүлөр?

 

Референдум — мамлекет үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуу ыкмасы.

Бийлик 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга 30дай түзөтүү киргизүүнү сунуш кылып жатат. Өзгөртүүлөрдүн негизги топтому адамдын укуктарына жана эркиндигине тиешелүү.