Жүз жылдай убакыт мурун кыргыздардын бир бөлүгү Ооганстанга, кийин 1970-жылдардын аягында Түркияга көчүп, Ван көлүнүн жанында отурукташып калган. Азыр Түркиянын Ван провинциясында төрт миңге жакын кыргыз жашайт. Алар салтын сактап калган менен, тилин дээрлик унутуп калышкан.

Кыргыздар Түркиянын Ван облусуна Ооганстандын аймагынан Рахманкул хандын жана анын мураскери Жапаркулдун демилгеси менен көчүп барышкан. Мындайча айтканда, алар Ооганстандын бийик тоолорундагы памирлик кыргыздардан бөлүнүп кетишкен.

Чоң көч 1978-жыл башталган: памир кыргыздардынын бир бөлүгү Ооганстанда марксисттер бийликке Апрель революциясынан кийин келген соң ал жактан кетмек болушкан.

Адегенде кыргыздар Пакистанга көчүп барышкан, бирок Вахан босогосунун катаал аба ырайына кынык алып алгандан кийин ысык жерге көнө албай коюшкан. Американын визасын алып, Аляскага көчүп кетели деген ниети ишке ашпай калып, кыргыздардын тобун Түркия кабыл алган.

1983-жылы Түркиянын өкмөтү өлкөнүн эң чыгыш жагындагы Ван процинциясынан кыргыздарга жер бөлүп берген. Ошентип Улуупамир айылы пайда болгон.

Түркиядагы Ван процинциясы (кызыл түс менен бөлүнгөн) Иран менен чектешет.

Азыр Түркияда төрт миңге жакын ван кыргыздары жашайт, алардын миңи чоң шаарларга көчүп кетишкен.

Вандагы кыргыздардын тиричилиги кандай өтөөрүн биз азыр Кыргызстанга келген Улуупамир айылынын тургуну Атилла Гүвенден билдик.

Баяндоо Атилла Гүвендин атынан жүргүзүлөт.

Улуупамирдик Атилла Гүвен азыр Кыргызстанда.

Ван кыргыздары төрт миңдей киши. Эгерде чоң шаарларга көчүп кеткендерин эске албаганда, үч миңдей болот.

Улуупамир айылында 550 түтүн турат. Эң улгайган жашоочу — аял, 90 жашта.

Аял-эркектин саны бирдей эле. Калкыбызда кайсы бир жыныстын үстөмдүгү жок.

Улуупамирдин аты Улуу Памирде калган кыргыздар тууралуу эстетип турат.

Биз үчүн эң кыйын маселе — кыргыз тилин үйрөнүү. Акаевдин заманында Кыргызстан менен Ван кыргыздарынын ортосунда макулдашуу бар эле. Түркияга кыргыз тил мугалимдери келип бизди окутуп турушчу.

Менин агаларым менен эжелерим кыргыз тилин так ошентип окушкан. Андан тышкары, аларга кыргыздын тарыхын, маданиятын үйрөтүшкөн, алар болсо өз кезегинде ал билимди балдарына калтырышкан.

Тилекке каршы, Аскар Акаев [президенттик кызматтан] кеткенден кийин макулдашуу иштебей калды. Кыргыз тилинде дээрлик эч ким сүйлөшпөйт.

Ван кыргыздары балдарынын кыргыз тилин жана маданиятын билишин каалашат.

Бир кезде кыргыз тилин үйрөнгөндөр кыргызча сүйлөшүп атабыз деп ойлошот. Бирок чындыгында алар түрк тили менен кыргыз тилинин окшоштугун байкашпайт. Алар түркчө сүйлөсө деле кыргызча сүйлөп атабыз дешет.

Азыр айылда түрк тили гана үйрөтүлөт. Биз кыргыз тарап мурдагы макулдашууну жаңыртып, биздин маселени чечет деп үмүт кылабыз.

Кыргыз тилин улгайган адамдар эле билбесе, башкалары билбей деле калды.

Биздин айылда сегиз класстык бир мектеп бар. Анда 20дай мугалим иштейт.

Айылдын четинде дарыканасы бар оорукана бар. Баарынын унаасы бар, кимдир бирөө ооруп калса ооруканага бат эле жетсе болот.

Жалпысынан эч кандай кыйынчылык деле жок.

Ван кыргыздары Памир кыргыздарына караганда жакшыраак шартта жашашат.

Мен бизди Памир кыргыздары менен көп салыштырышаарын байкадым. Бизди да начар, ылайыкташпаган шартта жашайт деп ойлошот.

Тескерисинче, биз абдан жакшы шартта жашайбыз, экономикалык жактан абдан өнүккөнбүз, мамлекеттик колдоо бар.

Ван кыргыздарынын салтанаты.

Күрддөр менен эч кандай карама-каршылыгыбыз жок. Биз тынч жашаганга аракет кылабыз. Алар да ошого аракет кылышат.

Бизди мамлекет колдогондуктан, биз айылдагы туруктуулукту сактап, чек арада кызмат өтөп, ыраазылыгыбызды билдиребиз.

Көпчүлүгү аскер болгусу келбейт, ошондуктан чоң шаарларга көчүп жатышат. Адатта чек арачылар бир жерде 10-15 жыл жашашат. Алар бул эмгеги үчүн айына 350-400 доллар алышат.

Улуупамирдин көрүнүшү.

Азыркы тапта атайын Ван кыргыздары үчүн Йозгат шаарында үйлөр салынып атат. Үйлөр алгылыктуу ипотека шартында 10 жылдык мөөнөткө тапшырылат.

Бул биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк, анткени Стамбулда же Анкарада биз батир сатып ала албайбыз — акчабыз жетпейт. Азыр турак-жай алууга 100гө жакын кыргыз үй-бүлөсү кезекте турат.

Турак-жай алууга кезекте Улуупамир айылындагы кыргыздар эле эмес, Стамбулга же Анкарага көчүп жаткан кыргыздар да турушат.

Ван кыргыздары үчүн Йозгат шаарында үйлөр салынып атат.

Кыргыздар үчүн үй салуу — Йозгат шаарынын мэринин демилгеси. Манастын жана Айтматовдун эстелиги тургузула турган кыргыз маданий борборун куруу да пландалууда.

Йозгаттын мэринен тышкары бизге эч ким кызыккан жок. Ал биз менен келип таанышкан биринчи киши болду.

Келгенде ал ван кыргыздары түрктөргө жакын тууган болоорун, андыктан жакшы шартта жашашы керек экендигин айтты.

Кыргыз айылдары менен салыштырганда, ван кыргыздарынын деңгээли кантсе да жогору. Мамлекет [Түркия] дайыма жардам берип турат.

Кыргыздар Ван көлүнүн тегерегинде отурукташкан.

Улуупамирликтер мал багып, дыйканчылык кылышат. Жаштар окуйт, билим алып, ой өрүшүн кеңейткенге аракет кылат. Окубагандары Стамбул менен Анкарага барып иштейт, жети-сегиз ай иштеп келип, айдоо иштери жакын калганда айылга кайтып келишет.

Айдоо-себүү иштери бүткөндөн кийин кайра кетишет. Негизинен тери иштеткен заводдордо же чай чыгарган фабрикаларда иштешет.

Вандык келин жүзүн катууда.

Стамбулда жана Анкарада окугандар ошол жактан сүйгөнүн таап үйлөнүшөт. Мисалы, 10 жыл мурун Улуупамирде салтты сакташчу эле, чоочундарга эч ким үйлөнчү эмес.

Мен өзүм Кыргызстандык кыргыз кызга үйлөнгүм келет. Балам кыргыз болушун каалайм.

Вандык күйөө бала.

Биздин салттарды кыргыздыкы менен салыштырганда бир топ айырма чыгат.

Кыргызстанда койдун башын кичүүсүнө тартса, бизде улуусуна тартышат. Салтты сактаганга аракет кылабыз.

Биз эмгиче улуттук оюндардан көк бөрү менен ордо атыш ойнойбуз.

Ван кыргыздары салтын сактап, улуттук оюндарды ойношот.

Кыздар-жигиттер эки жаат болуп алып бири-бирине ун ыргыткан оюн бар. Бул оюн тазалыкты жана руханий жакындашууну билдирет.

Эгерде оюн учурунда кыз менен жигит бири-бирине ун менен уруп тийип калса, алар таанышат. Ошентип бул зоок жаңы үй-бүлөлөрдүн түзүлүшүнө өбөлгө түзүп, тургундарды жакындаштырат.

Вандык аялдар.

Эгерде вандык кыргыздар Кыргызстанга барса көнгүчө бир топ убакыт өтөт. Анткени бизде экономикалык шарт жакшыраак.

Бизде бир жолу вандык кыргыздар Чоң-Алайга көчүп барып, жарандык алып, ал тургай 10 жыл жашап да көрүшкөн. Бирок уулдары чоңойгондо үй-бүлөсү менен Ванга көчүп келишкен.

Ван кыргыздары тарыхый мекенине жылуу мамиле кылышат.

Эгерде вандык кыргыздар Кыргызстанда болуп калышса, алар Кыргызстанга сөзсүз дагы барышат. Бара албагандары «Кыргызстан кандай экен?» деп сурашат.

«Кыргыз катары кабыл алышабы же түрк деп коюшабы?» дешет. «Кандай мамиле кылышат болду экен?» дешет. Биздин абышка-кемпирлер да Кыргызстанды көргүсү келет, Кыргызстан жөнүндө укса жашып кетиши мүмкүн.

Сүрөт: Атилла Гүвен

ТЕМА БОЮНЧА:


«Биз силерди дайыма күтөбүз»: Памир кыргыздарына экспедиция