№ 61-мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы экинчи класстын окуучусун «сабагандан» кийин иштен алынды

Бишкектеги № 61-мектептин башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Макарова Билим берүү министрлигинин комиссиясынын кеңеши менен кызматтан алынды. Буга экинчи класстын окуучусу «таяк жеген» чыр түрткү болду.

Октябрдын башында № 61-мектепте экинчи класста окуган баланын энеси Элмира Ирисова анын уулун баштапкы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Макарова сабап салганын айтып арызданган. Баланын классташтарынын ата-энелери мугалим баланы урбай эле, колунан тартып койгонун айтып жатышат.

Окуяны териштириш үчүн Билим берүү министрлиги атайын комиссия түзүп, ага Акыйкатчы аппаратынын, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана укук коргоочулар кирген.

Комиссиянын ичиндеги карама-каршылыктар

Комиссия мүчөлөрү баланын таяк жеген-жебегенин айта алышкан жок. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова экинчи класстагы башка окуучулардын ата-энелеринин айтканына таянып, «баланын сабалган фактысы аныкталган жок» деп билдирди. Бирок комиссиянын кеңеши менен баштапкы класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Макарова баланын таяк жегенине байланыштуу кызматтан алынды.

Мындан тышкары, комиссия «таяк жеген» бала окуган 2 «Г» класстын жетекчисин алмаштырууга кеңеш берген.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева экинчи класстын окуучусунун энеси зомбулук фактысын ырастаган сот-медицина экспертизасынын корутундусун бергенин билдирди.

«Экспертизанын жыйынтыгында оң жана сол билектерде көгөргөн жерлери бар экени айтылган. Мокок нерсе менен [сокку] урулганы факт», — деди Жамгырчиева.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, мындан ары баланын «сабалышы» боюнча укук коргоо органдары териштириши керек. Бирок «Заноза» басылмасынын маалыматы боюнча, мектептин директору Юрий Низовскийге каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу «таяк жеген» баланын энесинин өтүнүчүнөн Биринчи май районунун ИИБи бул иште «кылмыш курамы жоктугунан улам» баш тарткан.

Мектептеги ашкере жыйымдар

Комиссия ошондой эле баланын энесинин мектептеги мыйзамсыз жыйымдар тууралуу арызын да текшерген. Ирисова класс жетекчи өз классынан ага кир жуугуч машина сатып берүүнү талап кылды деп арызданган.

«Акча класстын күнүмдүк муктаждыгына: классты жасалгалоого, көрсөтмө материалды даярдоого чогултулган», — деди билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сауле Мейрманова.

Ал ЖМКда мурда сөз болгон көчүрмөлөөчү аппарат жана терезе жапкыч класста эле турганын кошумчалады.

«Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» фондунун директору Назгүл Турдубекова мектепте бир катар тартип бузуу аныкталганын билдирди. Анын айтымында, ар бир мектепте атайын фонд бар, ага ата-энелер ыктыярдуу каржылык жардам жөнөтүшү керек.

«Бул жагдайда ата-энелер коомдук фонддун акчасынан тышкары кошумча акча чогулткан болуп атат. Жана класс үчүн эмне алыш керек экенин өздөрү чечишкен. Бул маселе администрация тарабынан жөнгө салынбагандыктан, чатак башталган», — деп түшүндүрдү укук коргоочу.

Комиссия мүчөлөрү баланын үй-бүлөсүнө аны кара күчтөн же психикалык зомбулуктан жабыркаган балдарды сакайтуу борборуна жөнөтүүгө кеңеш берилгени, бирок баланын энеси аны менен психолог иштеп жатканын айтып, андан баш тартканын билдиришти.

Мектептин директору Юрий Низовский ЖМКда мугалимдин күнөөсүн танган. Анын айтымында, окуу бөлүмүнүн башчысы жана баланын классташтары менен сүйлөшүүдөн кийин Макарова «баланы урбай эле, тартипке чакырып колдон тартып койгону» аныкталган.

«Таяк жеген баланын» классташтарынын ата-энелери Ирисовага анын баласынын бейбаш жүрүш-турушу тууралуу бир нече жолу арызданышканын, бирок андан эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтышууда.