Бишкек мозаикаларынын өзгөчөлүгү эмне? Алар кантип жасалган? Алар үчүн жоопкерчилик кимдин мойнунда? Бул суроолорго Келечекти чыгармачыл актуалдаштыруу мектебинин (КЧАМ) мүчөсү Самат Мамбетшаев жооп берет.

КЧАМдын командасы.

«Кыялдын сыныктары» — Бишкектин мозаикалары боюнча активисттер 2012-жылдан бери ишке ашырып келе жаткан КЧАМдын долбоору. Бул долбоор мозаика сыяктуу монументалдуу өнөр тууралуу элге көбүрөөк айтып берүүнү максат кылат. Kloop.kg менен болгон маегинде Самат Мамбетшаев активисттер Бишкектин мозаикаларын иликтеп чыккыча эмнелерди байкашканын айтып берди.

Баяндоо Мамбетшаевдин атынан жүргүзүлөт.

Советтик мозаикалар тууралуу маалыматты иш жүзүндө нөлдөн баштап калыбына келтиришке туура келди. Сүрөттө — Шубин атындагы музыкалык окуу жайында жайгашкан «Шубиндин ыры» аттуу панно, автору — Алексей Каменский.

Бул долбоордун баары издөөгө багытталган, эч кандай маалымат болгон эмес. Архивдерге барып, маек уюштуруп, ар бир мозаика тууралуу элдин пикирин чогултуп — кыскасы бүт маалыматты бир тамчыдан жыйнашка туура келди. Ал убакта бул темага эч ким кызыккан эмес, андыктан биз бул чөйрөгө алгач ирет чыйыр салып, бардык Борбор Азияга үлгү болуп жатабыз.

Көптөгөн мозаикалардын жана барельефтердин авторлору ошол бойдон белгисиз боюнча калышты.

Долбоордун жыйынтыктарынын бири — Бишкектеги мозаикалардын биз жасап чыккан картасы. Ошондой эле монументалдык өнөрдү көрсөтүп шаар боюнча жүргүзгөн экскурсияларыбыз. Долбоордун негизги багыты — 60-80-жылдардагы Фрунзе шаары. Мозаика өнөрүнүн туу чокусу так ошол убакка туура келген.

Аталышы белгисиз чыгарма, бешинчи кичирайон.

Мозаикалар ар кандай болгон. Кай бирөөлөрү атактуу монументалисттер тарабынан аткарылган. Башкалары үй курулуш комбинаттарында жасалган. Бирок жалпысынан ар кайсы он жылдыктагы мозаикалардын ортосунда өзгөчө деле айырма жок. Алардын ар бири өзүнчө кызыктуу.

«Ала-Тоо» кинотеатрынын имаратындагы жасалга мозаика.

Монументалдуу өнөр дайыма спортко, элдердин достугуна, эмгекке, илимий-техникалык прогресске, илимдине жана билимдин салтанатына үндөгөн советтик үгүттүн бөлүгү болгон.

«Спорт, спорт» мозаикасы Көлбаев көчөсүндө, Республикалык олимпиада резерв мектебинин дубалында жайгашкан. Мозаиканын автору — Момунбек Акматкулов.

Мозаикалык панно жаратууга чоң сынактар жарыяланчу. Көптөгөн монументалисттер өз эскиздерин сунуш кылышчу. Айрымдары өз заманындагы авангардисттер болушкан, бирок кантсе да советтик реализмге ыктагандыктан, Бишкектеги мозаикалар кескин мүнөзү менен айырмаланбайт.

Фрунзе жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мозаика. Автору белгисиз.

Табылган документтерге караганда, адегенде имарат курулганда мозаика өндүрүшү үчүн белгилүү бир сумма каралган. Үйлөрдүн беттерин сүрөт тартылчу жер катары калтырып коюшчу.

«Эмгек» панносу Исанов 94 дарегинде жайгашкан. Анын авторлору — сүрөтчүлөр Михаил Бочкарев жана Алтымыш Усубалиев.

Айтмакчы, мозаикалар абдан кымбат болчу, алардын авторлору абдан чоң өнөр акы алышчу.

Шабдан баатыр көчөсүндөгү имаратты мозаика да, барельеф да болгон сүрөт кооздоп турат.

Паннолор негизинен смальтадан — Балтика боюндагы өлкөдөн алынып келген өзгөчө бышырылган айнектен жасалчу. Ал узакка чыдайт, эгерде ага туура көз салып турса, мозаика баштапкы сынын жоготпойт.

«Мейман тосуу» панносун бишкектиктер «Эл достугу» деп аташат. Ал Тынчтык проспектинин атайын дубалында, Ормон Хандын эстелигинен жана эски аба майданынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Анын автору — сүрөтчү Алексей Михалев.

Бүгүнкү күндө мозаикалар кароосуз калган. Алардын көбүнүн абалы жакшы эле, болгону тазалап гана коюш керек.

Кичирайондордогу бул паннонун сүрөтү убакыттан жана табигый кубулуштардан даана жабыркаган.

Бир паннону калыбына келтириш мүмкүн эмес. Ал көп кишиге белгилүү «Космос жана илимий-техникалык прогресс» мозаикасы. Мозаиканы калыбына келтирүү демилгесин дал КЧАМ көтөргөн.

«Космос жана илимий-техникалык прогресс» убакыттан жана табигый кубулуштардан эмес, советтик мурастын тышын күрөң сыр менен боеп салган имараттын жаңы кожоюндарынан жабыр тарткан.

Көркөм жетекчибиз Оксана Шаталова бул мозаиканы сүрөткө тарткысы келип, ордунан таппай койгону эсимде. Анан ал дубалдын текстурасын карап, [аны сыртынан сырдап салышканын] түшүндү.

Мозаиканын автору — Момунбек Акматкулов. Ал Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан.

КЧАМдагылар мэрияга, Маданият министрлигине кат жазып, бул тарыхтын жана маданияттын эстелиги экенин эске салып чуу көтөрүштү. Ээси кантсе да мозаиканы жууп чыгып, 1000 сомдук күлкү келерлик штраф төлөгөнгө аргасыз болду.

Паннону «жууп чыгышты». Бирок жакындан ал аянычтуу көрүнөт.

Паннону жууп чыгышты, бирок таштарын гана жуушту, ашташкан жерлери жуулчудай эмес. Дубалда кондиционерлер үчүн оюктар тешилген, мозаика болсо ыдырап кетип баратат.

Теодор Герцендин «Аялдар» мозаикасын имараттын жаңы кожоюндары баалаган жок. Сүрөт: КЧАМ

Ошондон кийин «Айпериде» [совет мезгилинде Бишкектин борборундагы сулуулуук салону болчу] бир окуя болду.

«Айперинин» ордунда жаңыдан бар ачылганда биздин көркөм жетекчилер паннонун келечегине кам көрүштү. Бардын ээлери мозаикага эч ким тийбегенин, аны жөн гана гипсокартондон жасалган дубал менен жаап коюшканын айтып ишендиргенге аракет кылышты.

Бирок аны эч ким тешип салбаганын же дагы башкача жол менен бузуп салбаганын эч ким ишеничтүү айта албайт.

Эми мозаика гипсокартон дубал менен жабылган.

«Аялдар» мозаикасы өзгөчө чыгарма. Мен аны көргөндө бул мозаика сонун абалда болчу. Анын өзгөчөлүгү — аялдардын сүрөттөлгөнүндө, алар Европа кийимдерин да, салттуу кийимдерди да кийип турушат, алардын бири болсо капталынан тартылган.

Стилистикалык жактан бул мозаика абдан интернационалдуу. Анын жабылып калганы өтө өкүнүчтүү. Бул менин эң сүйүктүү мозаикаларымдын бири.

«Гимнасткалар» мозаикасын да азыр көрүүгө мүмкүн эмес — ал менчик жерде жайгашкан. Ал камвол-нооту комбинатынын имаратында турат, анын авторлору — Сагынбек Ишенов жана Теодор Герцен. Сүрөт: КЧАМ

Мисалы, «Эмгек» панносу ошол учурдагы коомдун таптык түзүмүн символдоштурат: дыйкан аял, жумушчу жана интеллигент. Ал эми «Спорт, спорт» сергек жашоо мүнөзүнө үндөп, спорт мектебинин дубалында турат.

«Ленин» Жаш Гвардия көчөсүндө турат, анын автору — Лидия Ильина.

«Ленин биз менен» — бул жерде панно-рельефтин сюжети көнүмүш образдардын — Лениндин, Кызыл Армиянын жана башкалардын тегерегинде айланат.

«Эмгегибиз сага арналат, Мекенибиз» Жибек Жолунда турат, автору — Теодор Герцен.

«Эмгегибиз сага арналат, Мекенибиз» мозаикасы бул панно биографиялык жактан жыш болгону менен кызыктуу. Ал гобеленди эске салат. Мозаиканын автору Теодор Герцен анча алыс эмес жердеги үйдө жашаган, ал эми анын аялы уламыш боюнча эстелик үчүн модель катары кызмат кылыптыр. Кездеме токуу паннодо жомоктогу жөрөлгө сыяктуу көрсөтүлгөн.

«Гүлдөй бер, Кыргызстаным» Абдрахманов көчөсүндө Түштүк-2 районунда турат. Анын автору — Жылдызбек Молдахматов.

«Гүлдөй бер, Кыргызстаным» — үйдүн тургундары жарнама берүүчүлөрдүн сунуштарына карабай, мозаиканы сактап калган учурлардын бири. Ал азыр да баарына көрүнүп турат.

«Жүрүш» Түштүк дарбазадагы имараттын дубалын кооздоп турат. Сүрөтчүлөрү — Алексей Каменский жана Альберт Бекжанян.

Түштүк дарбазадагы «Жүрүш» башында жасалга панносу катары ойлонуштурулган. Бирок аткаминерлер анда илим, маданият, айыл чарбасы багытындагы жетишкендиктерди чагылдырууга буйрук кылышкан. Авторлор кепке келип, ошондой жетишкендиктерди символдоштурган адамдарды тартып чыгышкан.

Монументалист Алексей Каменский 2004-жылы Көркөм академиянын дубалында фреска жасап чыккан.

Көркөм академиянын дубалындагы мозаикалар башка нерсеси менен өзгөчөлөнүп турат. Алар 2004-жылы жаратылган. Ал жерде сабак берген монументалист Алексей Каменский академиянын тапшырыгы менен атайын панно үчүн арналгандай кылып маңдайкы бетте эки мозаика жараткан. Мындан тышкары, аны жасоо окуу мүнөзүндө болгон. Студенттер керамиканы бышыруудан тартып таштарды кынаштырууга чейин мозаика жаратууга катышкан.

Мозаиканы түзүүгө академиянын студенттери да катышкан.

«Агартуу» өзүнүн тарыхы менен адамды өзүнө тартат. Сатар Айтиев сүрөттү мозаикага түшүргөн сыяктуу. Анын стили кагаз сүрөттүкү. Бул мозаика башкаларынын баарынан айырмаланып турат. Сыйымдуулук живопистик мунарыкка орун бошотот. Стили элде жок, бөтөнчө.

«Агартуу» Кыргыз улуттук университетинин алтынчы корпусунун имаратында жайгашкан.

«Радио жана азыркы учур» панносу да башкаларга окшобойт. Мозаика майда шагылдан жасалган. Алардын түсү кайталангыс жана эмгиче абдан жаңы көрүнөт. Темасы радиоборбордун максаты менен шартталган, ал жерде көрүнгөн жана көрүнбөс материяны колго көндүргөн гигант ишмерден тараган радио толкундар көрсөтүлгөн.

«Радио жана азыркы учур» панносу КТРКнын имаратында жайгашкан, анын автору — Александр Воронин.

Кичирайондордогу мозаикалар — бул өзүнчө тема. Алар башкаларынан айырмаланып турат. Жасалга максатында арзан материалдардан жасалган. Башкалаанын меймандарына эмес, райондун тургундарына арналган. Борбордо болсо мозаикалар алда канча салтанаттуу, алар белгилүү сүрөтчүлөр тарабынан тартылган.

Бешинчи кичирайондогу мозаикалуу аксакал.

Мозаикалар кимге таандык жана алар үчүн ким жооп берет? Алар элге таандык. Бишкектиктер мозаикалардын аларга таандык экенин түшүнгөнү өтө маанилүү. Ал меники дагы, силердики дагы, бирок менчиктештирүүгө байланышкан азыркы учур абдан чырлуу мезгил.

«Спортчулар» алтынчы кичирайондогу турак жай имаратынын дубалында чуркап баратышат.

Имарат кимдир-бирөөгө тиешелүү сыяктуу, бирок мозаика мазмуну жагынан коомго таандык. Кожоюндар бул тууралуу, анын эстелик экендигин билбеши да мүмкүн. Анан «Запой» клубу сыяктанып аны бузуп салышы да мүмкүн. Мозаиканы сырдап салышканда көп кишилер өзүн бирөөлөр келип жеке буюмуна кол салгандай сезишкен.

Цирктин имаратындагы барельеф кайра жаңыртууга муктаж.

«Космостон» тышкары, «Спорт» панносу оор абалда турат. Паннонун ылдыйкы бөлүгү түшүп баратат. Мозаиканы калыбына келтирсе болот, бирок смальтаны ким алып келип берет? Аны кайдан тапса болот, ал кимге керек?

«Спортчу кыздардын» авторлору — фрунзелик куруучулар.

5-кичирайондогу «Спортчу кыздар» мозаикасы да жабыр тартты. Батирдин ээси өзү жашаган үйдү жылыткысы келгендиктен мозаиканын үстүңкү бети жабылып турат.

Эски аянттагы барельефти жууп коюшса жакшы болмок.

Калгандары жакшы эле абалда, болгону аларды тазалап коюш керек. Мозаикаларды мамлекет тейлеши зарыл — бул анын эстеликтерге карата милдетинин бир бөлүгү.

Паннолор менен барельефтер аяр калыбына келтирүүнү талап кылат. Сүрөттө — «Ала-Тоо» кинотеатрынын имаратындагы барельеф.

Мозаикалар темасы кайрадан кызыктуу боло баштаганы мени таң калтырат. Балким, бул советтик эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча жакында башталган өнөктүк менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Хоттабыч абышка бешинчи кичирайондогу турак үйдүн дубалында учуп баратат.

Жакында «Күнөстүү балыктар» чачыратмасы тазаланды, [Илимдер академиясынын жанындагы] атомдун модели жана «Дельфин» бассейни калыбына келтирилди, эми биз мозаикалар да четте калбаса керек деп үмүт кылабыз.

«Күнөстүү балыктар» чачыратмасынын автору — сүрөтчү жана скульптор Владимир Кругман.

Албетте, бул тууралуу коомчулук канчалык кабардар экени чоң роль ойнойт. Мен мозаикаларга көбүрөөк адамдар көңүл бурат деп үмүт кылам, анткени жамааттык аң-сезим, ушунун баары биздин жалпы байлыгыбыз экенин түшүнүү өтө маанилүү. Биз баарыбыз бийликке эле үмүт артып жүрөбүз, бирок бул мамлекеттин эле эмес, бүтүндөй коомдун да милдети.

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ