Текебаев Атамбаевди президенттик кызматтан кетирүүгө аракет кылат

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге карата импичмент процедурасын баштоону сунуш кылды. Ал өзү башкарган партиясы Атамбаевди кетириш үчүн 2017-жылдын мартына чейин документтерди чогултаарын айтты.

Импичмент — бул аткаминерлерге сот же кылмыш айыбын коюп, кызматтан кетирүүнүн жол-жобосу.

Текебаев анын партиясы ушундай демилге көтөргөнүн, анткени Конституциянын 63-беренесине ылайык президент КСДПдан чыгып, ага колдоо көрсөтүүнү токтотушу керек экендигин айтты.

«Ата Мекендин» башчысынын пикиринде, президент бул шартты аткарган жок жана КСДПнын ишмердүүлүгүнө ар кандай жолдор менен катышып жатат.

«Февралда партиянын жыйынында жаңы саясий кеңеш түзүлүп, ага президенттин тегерегиндегилердин баары — Фарид Ниязов, Албек Ибраимов, Икрамжан Илмиянов, Кубанычбек Кулматов кирди. Алардын баары президенттик аппаратта кызмат ордун ээлешет же андан түздөн-түз көз каранды, ал тургай президент менен өзгөчө мамилеси бар экенин деле жашырышпайт», — деди ал.

Текебаевдин айтымында КСДПнын төрагасынын орду азырынча бош турат, бирок президент партиянын ишине дагы эле катышууда.

«Президент “балашка” Жанар Акаевге, ал “балашка” анын шайлоо алдындагы өнөктүгүн ким каржылап бергенин унутуп калганын эскертти. Ал партияны башкаруу ишине кыйыр аралашып жатканын биринчи жолу моюнга алып жаткан жок. Бул Конституцияга каршы келет. Президент калыс болушу керек, ал өлкөдө тең укуктуу саясий атаандаштыкты камсыз кылышы керек, бирок өзүнө тагылган милдетти аткарбай жатат», — деди ал.

Текебаевдин айтымында, анын партиясы жетиштүү фактыларды жана документтерди чогултуп, аларды юридикалык документ катары тууралаштырат.

«Ал адамдардын көрсөтмөсү болушу мүмкүн, ал ЖМКда чыккан материалдар, ар кандай документтер болушу мүмкүн. Президент чечтиби, токтоттубу, токтом кабыл алдыбы, бул анын ыйгарым укуктарына кирбей турганы аныкталган болсо — мунун баары Конституцияны бузуу болуп эсептелет», — деди Текебаев.

Президенттин иш мөөнөтү ансыз деле аяктай турган убакыт жакындап баратканда ага импичмент жарыялоонун зарылдыгы тууралуу суроого Текебаев кийинки президенттер экс-президенттин статусун жана эркиндигин жоготуп алышы мүмкүн экенин билиши керек деп жооп кайтарды.

Ал президент кызматтан кеткенден кийин аны кылмыш жообуна тартса болоорун кошумчалады.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде президентке импичмент жарыялоого негиз жок экенин билдирген.

«Ал [президент] КСДПны колдоп сүйлөгөн учурлар жок. Саясий кеңештин айрым мүчөлөрү жумуш убактысынан тышкары саясий иштер менен алектенүүгө укугу бар. Мисалы, дем алыш күндөрү, же эмгек өргүүсүндө жүрсө. […] Бул жерде партияга асылуу болуп жатат. Бардык жерде эле социал-демократтардын өкүлдөрү болуп кеткен жери жок. Өкмөт алмашып жатат. Жаңы дайындалгандар башка партиялар тарабынан көрсөтүлгөн. Мен бүгүн президент бийлигин колдонуп, өкмөттүн ишине кийлигишип жатканын көргөн жокмун», — деди ал.

Азыркы Конституцияга ылайык, парламенттин 40 депутаты атайын комиссия түзүп, президенттин ишмердүүлүгүндө кылмыш курамы бар-жогун иликтей алышат.

Импичменттин жол-жобосу Башкы прокуратура кылмыштын белгиси бар экендигин өз корутундусунда ырастап бергенден кийин башталат. Бирок Кыргызстанда башкы прокурор президентке баш ийет жана азыр бул кызматты ээлеп турган Индира Жолдубаева мурда Атамбаевдин кол астында иштеген.

Президентке импичмент жарыялоодо Жолдубаеваны кызматтан алыш үчүн Текебаев 120 депутаттын ичинен жок эле дегенде 80 депутаттын колдоосун алышы керек. Теориялык жактан алганда президентти колдогон социал-демократтардан башка бардык депутаттар ишенимден баш тартуу идеясын колдосо, анда ошондой мүмкүнчүлүк бар.

Конституция жана «Белизгейт»

Текебаев менен Атамбаевдин ортосундагы саясий тирешүү президент баш болгон бийлик Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылгандан бери башталды.

Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандарды сынга алып, алардын арасында мурдагы министрлер жана мурдагы президент Роза Отунбаева бар.

Текебаев жана «Ата Мекендин» дагы эки депутаты — мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жана мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов — «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга каржылык кызыкчылыгы болгон деп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргенден кийин чатак ого бетер күч алды.

Атайын кызматтар Белизден келген документтерге таянып, «Мегаком» мамлекеттештирилгенге чейин анын акцияларынын жарымынан көбүнө ээлик кылган Southfield Management компаниясында «Ата Мекендин» депутаттарынын акциясы болгон деп жатышат.

Текебаев жана сөз болгон эки депутат өз кезегинде бул документтер жасалма экенин айтып, бийликтин аракетин каралоо далалаты деп аташты.

«Тастыктоочу документ деп айтып жаткан кагазында ID-cardдагы маалымат колдонгон. Бирок бөлөк мамлекеттин жарандары менен болгон операцияларда биздин ички документ эч качан колдонулбайт.
Ошону дагы туура жазгандан эринишкен:
1) паспортумдун сериясы туура эмес көрсөтүлгөн;
2) туулган күнүм туура эмес көрсөтүлгөн;
3) англис тилиндеги жазылган фамилиям туура эмес көрсөтүлгөн;
4) атасынын аты паспорттордо англис тилинде жазылбайт. Ага карабастан одоно ката менен атамдын аты көрсөтүлгөн
», — деп жазган Салянова.

Авторлоштор: Элдияр Арыкбаев, Элмурат Асан