Парламент коррупция тууралуу билдирген мамлекеттик кызматкерлерге сый акы төлөөнү колдоду

Депутаттар Кылмыш кодексине коррупция тууралуу билдирүү үчүн акчалай сый акы карала турган түзөтүүлөрдү президентке кол коюуга жөнөтүштү. Мыйзам долбоору коррупциялык схемалар менен күрөшкө тартыш үчүн мамлекеттик кызматкерлерге багытталган.

Депутаттар «Коррупция тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырышты, ага ылайык коррупция тууралуу билдирген мамлекеттик кызматкерлер сый акы алышат. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда 16-ноябрда кабыл алынып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова «Азаттык» үналгысы менен болгон маекте мыйзам катардагы жарандарга эмес, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү экенин айтты.

«Бул мыйзам мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген адамдарга тиешелүү. Ал ири мамлекеттик органдардагы коррупцияны азайтууга багытталган. Эгерде аткаминер коррупциялык схеманын бетин ачса, ал сөзсүз коргоого алынышы керек», — деди ал.

Жаңы ченемдердин аткарылышы үчүн жооптуу мекеме — Башкы прокуратура.

Кол тийбестик кепилдиги

Мыйзам долбоору арыз ээсинин кол тийбестигине кепилдик берет. Прокуратура кызматкерлери жана мамлекеттик юристтер коррупция фактысы боюнча билдирген адам тууралуу маалыматты мамлекеттик жашыруун сыр менен бирдей даражада сакташы керек. Билдирүү келип түшөөрү менен ал маалыматты ачыкка чыгаруу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

Коргоого алына турган адамдар

Сөз болуп жаткан адамдарга:

  • Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Эмгек акысы мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын кызматчылары;
  • Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын кызматчылары кирет.

Сый акы

Коррупция тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызынын өлчөмүндө сый акы төлөнүп берилет.

Эгерде пландаштырылып жаткан коррупциялык келишим тууралуу билдирүү бюджет, мамлекеттик же муниципалдык мүлк тарта турган зыяндын алдын алса, сый акы алдын алынган зыяндын 30 пайызын түзөт. Бирок сый акы жүз миң сомдон ашпайт.

Туугандарын жана жакындарын коргоо

Мыйзам долбоору коррупция тууралуу билдирген адамды гана эмес, анын жакындары менен туугандарын да коргоону караштырат.

Арыз ээси өз пикиринде басым көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдардын тизмесин түзө алат.

Кызматтан кетирүүдөн коргоо

Коррупция тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин үч жыл бою прокуратура кызматкерлери арыз ээсин анын билдирүүсүнүн айынан кызматтан кетирип салышпаганына көз салышы керек.

Арыз ээсин аттестациялык комиссиянын жыйынында ал тартип бузган учурларды кароонун жыйынтыгы боюнча гана кызматтан кетирип же тартип жоопкерчилигине тартса болот. Жыйынга прокурор катышышы керек.

Арыз ээсинин маалыматы калп болсо, ал коргоого алынбайт

Эгерде коррупция тууралуу билдирүү калп болуп чыкса, коргоонун бардык чаралары жокко чыгарылат. Арыз ээсине төлөнгөн сый акы сот аркылуу кайтарылат.