Видео: Конституцияга түзөтүүлөр — бийликтин узурпациясыбы же өкмөттүн стабилдүүлүгүбү?

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун өтүшүнө эки аптадан ашыгыраак убакыт калды. Биз студияга Конституцияга түзөтүүлөргө макул жана каршы болгон топтордун өкүлдөрүн чакырганбыз. Алар менен бул түзөтүүлөрдүн өлкө үчүн кандай мааниси бар экенин талкуулайбыз.

КАРШЫ: Укук коргоочу Рита Карасартова мыйзамды кабыл алуунун продецураларынын бузулушунан улам бир канча ирет Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып келген.

Октябрдын аягында Карасартова парламенттик комитетти сотко берип, референдумду жактыруунун жокко чыгарылышын талап кылган. Комитеттин чечими укуктук-нормативдик акт болуп эсептелбегендиктен сот анын арызын четке каккан.

МАКУЛ: Активист Тариэль Искаков «Патриот» элдик кошуунунун башчысы. Искаков 2010-жылдагы окуяларга катышкан жана учурда «Апрель байрагы» коомдук бирикмесинин мүчөсү.