«Башкы маселе — суу эмес». Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы өзөндөрдү кантип бөлүшөт?

Дароо үч мамлекеттин — Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын — чек арасы кошулган Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара райондору курак саймага окшош. Өтө татаал жана аныктала элек чек ара маселеси анклавдар менен коштолуп, ал бат-баттан чек ара чатактарын пайда кылууда. Кошуналардын бири-бирине басым көрсөтүү каражаттарынын бири болгон суу — бул кургакчыл чөлкөмдө негизги ресурс.

Материалдын түп нускасы «ЛИВЕНЬ. Living Asia» сайтында жарык көргөн. Автору: Kloop.kgнин мурдагы редактору Дмитрий Мотинов.

Айылдын кыргыз бөлүгүндө жашаган Саламат арыктан суу алып жатат – бул арык айылдын баарын суу менен камсыз кылат.

«Кудугубуз менен краныбыз жок, айылдын баары ушундай арыктардан суу алат, — деп кыргыз чек ара айылында жашаган Саламат анча терең эмес арыкты көрсөттү. — Ичкенде деле ушуну ичебиз, бирок адегенде кайнатып алабыз — биздин балдарыбыз бар да, суу болсо бул жерде кир, буга таштанды ыргытышат».

Көк-Таш арыктар менен курчалган – аларда аккан суу Төрт-Гүл суу сактагычынан келет.

Айыл аркылуу ушундай арыктардын системасы өтөт, алардын суусу анча алыс эмес жердеги Төрт-Гүл суу сактагычынан келет. Бул айылда жашаган кыргызстандыктар аны Көк-Таш деп аташат, Тажикстандын жарандары болсо аны Сомониен дешет. Мамлекеттик чек ара айылды кыргыз жана тажик тараптарына бөлүп турат, бирок анын тургундары үчүн суу жалпы.

Суу сактагычтан келген суу айылдын кыргыз калкын да, тажик калкын да камсыз кылат.

Ушундай жерде жайгашкандыктан Көк-Таш мезгил-мезгили менен чек ара чатактарынын ортосунда калат. Андагы суу — тигил же бул жактын басымына же себеп, же курал болуп берет.

Мамлекеттик чек ара Көк-Ташты кыргыз жана тажик бөлүктөрүнө ажыратып турат.

Бул жердеги акыркы катуу кагылышуу 2015-жылдын августунда болгон. Тажикстандын жарандары Көк-Таштын тургундарынын көрүстөнгө тажик аймагы аркылуу өтө турган жолун тосуп коюшкан, кыргызстандыктар болсо тажиктердин Чорку айылына суу жеткире турган каналды бууп салышкан. Эки тарап тең каршылаш тарапты чырды биринчи баштаганын, калгандары жооп иретинде болгонун айтышкан. Натыйжада жүздөгөн жергиликтүү тургундар бири бирине таш ыргытышып, чатактан бир нече адам жабыр тарткан.

Суу үстүндөгү түтүн

Чек ара райондорунун негизги маселеси — чек ара көп жерлерде дегеле такталган эмес. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эмгиче 70тей талаш жер бар — бул бардык узундугу 1000 чакырымга аз эле жетпеген жалпы чек аранын болжол менен 30 пайызы.

Делимитация маселеси эки республика сүйлөшүүлөрдө ар башка документтерге таянгандыктан улам татаалдашууда: Тажикстан 1930-жылдагы карталар менен чек араны такташ керек деп эсептейт, кыргыз тарап болсо 1950-жылдардагы карталарга таянууну туура көрөт.

«Негизги маселе — суу эмес, чек аранын аныкталбаганы, — дейт Чоркунун тургуну, тажикстандык Мукаддас. — Биз бул жакта жер кимдики экенин эмгиче талашып келатабыз» .

Ал чек аранын талаш жеринде жайгашкан Исфара суусунун үстүндөгү көпүрөдө турат. Бул жер ушул аймактагы көп чырдын башы болсо керек — эки өлкөнүн чек арачыларынын айбаттуу кебетеси бул жерде жакында эле снайперлер атышып, минометтордун дүрмөттөрү жарылганын эске салып турат.

Ал кезде, 2014-жылдын январында, чыр суунун айынан чыккан эмес — кыргызстандыктар мурда Тажикстан аркылуу гана өтүп келген Ак-Сай айылына чейин жол кура башташканы тажик чек арачыларына жакпай калган. Бирок кагылышуу учурунда Исфарадан чыккан суу Төрт-Гүл суу сактагычына бараткан жердеги (так ушу Көк-Таш айылын суу менен камсыз кылган) кыргызстандык суу алгыч минометтон атылган. Бактыга жараша, атышуудан курулуш анча жабыркаган эмес.

Бул жердегилерди тартып жаткан журналисттерге эки өлкөнүн тең чек арачылары туталанып мамиле кылышат — суу сактагычка суу алып бара турган каналды тартып жатканымда кыргыз аскерлери тараптан мен жакты көздөй пластик шише учуп келип, менин жанымдан эки метрдей алыс түштү. Тажик чек арачылары кол булгап, алардын чек ара заставасын тартпашымды талап кылышты.

Исфарадан келген сууну бул жерде 35 жыл мурдагыдай эле — 1982-жылы СССРдин сугат жана суу чарба министри кол койгон документтерге ылайык бөлүштүрүшөт — суунун 55 пайыз өлчөмү Тажикстанга, 37 пайызы Кыргызстанга, 8 пайызы Тажикстанга кетет.

Бул жерден Төрт-Гүл суу сактагычына чейин жыйырма беш чакырым жол бар — суу сактагычка суу жеткире турган канал так эле жолдун жээги менен жүрүп отурат. 1970-жылдардын башында салынган суу сактагыч тегерегиндеги жерге жан киргизип койгон — бул жерде өрүкзар менен жүзүмзарлар пайда болуп, айдоого жарактуу жердин аянты 3-4 эсе көбөйүп, жаңы айылдар салына баштаган.

Төрт-Гүл көлүндө пластик шише калкып жүрөт.

Төрт-Гүл мурдагыдай эле тегерегиндеги бир далай чарчы чакырым жерди суу менен камсыз кылат, бирок суу мурдагыдай жетпей баратат — Баткен облусунун калкы акыркы жыйырма жылда эле 100 миңден ашуун кишиге арбыды. Суу сактагычтын көйкөлгөн бетин тигинден-мындан жээкке шиленген таштанды бөлүп турат — негизинен ал пластик шишелер.

Көлдүн жээгинде да таштанды толуп калган.

Чатактар жана алардын чечилиши

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кырдаалы республикалардын ортосундагы чек аралар административдик мүнөздө болуп, анча мааниге ээ болбогон совет системасы кулап калгандан кийин күчөп кеткенине карабастан, алгачкы олуттуу чатактар бул жерде 1980-жылдардын башында эле башталган. 90-жылдары эле жагдай өтө курч болуп, Тажикстандын талаш жерлерди өз карамагына өткөрүп берүү талаптары менен коштолгон.

Мезгил-мезгили менен суу талаш-тартыштын негизине айланып турган – аны бөлүштүрүүнүн айынан бул жерде 1998-жылы да кагылыштар болгон, ал эми 2008-жылдын мартында Тажикстандын жарандары каналдардын бириндеги кыргызстандык дамбаны эксковатор менен бузуп салууга аракет кылышкан — анткени ал тажик аймагына суу жибербей турган болчу.

Көк-Таштан орто эсеп менен отуз чакырымдай аралыкта Кара-Бак деген башка кыргыз айылы жайгашкан. Ал да тажик чек арасына жакын жерде турат, андыктан эки өлкөнүн жарандарынын сугат сууну биргелешип пайдалануу маселеси бул жерде бир топ курч коюлууда. Айылды аралап, Кыргызстандын аймагын эки чакырымча кесип өткөн Чилгази каналын кыргыз тараптын да, тажик тараптын да калкы пайдаланат.

Каналдын көпчүлүк бөлүгү — 20 чакырымга жакыны — Тажикстандын аймагы аркылуу өтөт. Жакынкы убакка чейин чек ара аймагындагы жерлердин калкы аны пайдалануу туурасында жөн гана оозеки макулдашып келишкен, анын натыйжасында сугат суу менен камсыз кылуу олуттуу үзгүлтүккө учурап келген.

Айылдын суу пайдалануучулар ассоциациясында 20 жылдан ашуун иштеп келаткан Батриддин Нажимийдинов Чилгази бир топ жакшы жабдылганына карабастан акыркы жолу ага үч же төрт жыл бою суу келбей калганын эскерет. Он жыл мурун ал бетондолуп, анын шарапаты менен мурда 40 пайызга чейин жетип жүргөн жоготуулар дээрлик жоюлган.

Кыргыз аймагын аралап өтүп, каналдагы суу андан ары Тажикстанга барып Лаккон айылын камсыз кылат.

Суунун үзгүлтүгүнө байланышкан маселе макулдашууга кол коюу менен чечилген — 2015-жылы кыргыз жана тажик тараптардын суу чарба башкармалыктары каналды биргелешип пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюшкан — кыргызстандыктарга ал аркылуу өткөн суунун 20 пайызы тийет — ал секундасына 200 литрге барабар.

Көк-Таштан айырмаланып, Кара-Бакта ичилчү суу бар — бул жерде колонкалар системасы иштейт.

Кара-Бактын калкы сууну көбүрөөк алып кетпешине жергиликтүү кыргызстандык мурап көз салат. Анын айлыгын тажик тарап төлөп берет. Кара-Бактын тургундары каналды «Достук» деп атаганы көп нерседен кабар берет.

Жантыгы жетишсиз болгондуктан бир жыл ичинде канал катуу булганып турат – жазында аны айылдын баары кетмен-күрөк менен тазалайт.

Чек арадагы мындай кызматташтыктын шарапаты менен Кыргызстан тараптагы 10 миңден ашуун тургундар суу өтө зарыл болуп турган эң кургакчыл жай мезгилинде сугат суу менен камсыз болуп турушат.

Каналга сугат суу зарылчылык туулган жай мезгилинде гана берилет. Чек арадагы айылдардын башка да суу ала турган жерлери бар – Карабакка ал ошол эле Төрт-Гүл суу сактагычынан келет.
Сүрөт: Дмитрий Мотинов