Казакстандык окуучу жаңы коомдук тармак негиздеди

15 жаштагы казакстандык мектеп окуучусу CoffeeFold деп аталган коомдук тармакты иштеп чыкты. Сайт 2016-жылдын октябрында ачылып, азырга чейин миңдеген адамдар колдонуп жатышат.

Бэла Темиеванын өздүк коомдук тармагын негиздөө идеясы 12 жашында келген. Эки жылдан кийин ал өз стартабын орундатып, CoffeeFold коомдук тармагын ишке киргизген.

Коомдук тармактын дизайны кофенин өңдөрүнөн турат.

Жаш стартапчынын айтымында, аны Facebookтун жаратуучусу Марк Цукерберг менен мейманканалар тармагынын негиздөөчүсү Конрад Хилтон шыктандырган.

«Кичине кезимден бери мени жок нерседен кандайдыр бир уникалдуу жана көпчүлүк адамдарга кызыктуу болгон эмгектерди жараткан адамдар шыктандырган. Мен үчүн бул Марк Цукерберг менен Конрад Хилтон. Менин оюмча, коомдук тармак — менин келечегим үчүн жакшы пайдубал жана ошондой эле жакшы идея. Анткени менин билишимче, Казакстанда мындай долбоорлор болгон эмес», — дейт Бэла.

Коомдук тармакта видео, музыка, сүрөт бөлүшүп, сурамжылоо жүргүзүүгө болот.

Коомдук желени жаратуу үчүн Бела программисттер менен кызматташып, дизайн жагын өзү караган.

«Коомдук тармактын бардык идеясы, өзгөчөлүктөрү, дизайны — толугу менен менин идеям. Функциясынан башкасынын баары меники. Аны менен программисттер алектенишкен, мен жөн гана жараянга көз салып тургам. Мага веб-дизайн боюнча айрым түшүнүктөр жана оригиналдуу аталыш ойлоп табуу талап кылынды», — деп бөлүшкөн ал.

Сайттын аталышы «CoffeeFold» — Coffee (кофе) жана Folder (папка) сөздөрүнөн куралган.

Сайтта оюн бөлүмү да караштырылган.

«Мен үчүн кофе үй шарттары менен айкалышат. Бардык адамдар кофе ичкенче сүйлөшүүнү жакшы көрүшөт. Fold сөзү болсо Folder папка сөзүнүн кыскартылганы. Мен үчүн бул иштеген жер сыяктуу, иш столу. Натыйжада сүйлөшүүгө жагымдуу болгон иш столу десе болот», — дейт ал.

Азырынча мектеп окуучусунун долбоору «Вконтакте» коомдук тармагынын эски версиясын эске салат. Бул кат алышуу үчүн чат сыяктуу, кызыктуу сүрөт, видеолору бар сайт. Коомдук желенин колдонуучулары сурамжылоо жүргүзүп, кичи оюндарды ойной айлышат.

Коомдук тармак бир ай мурда ишке кирип, учурда 1150 колдонуучусу бар. Андан сырткары IOS жана Android түзмөктөрү үчүн колдонмолору бар.