«Окуучу»: Зомбулуктуу(-суз) каршылык

Быйыл Канн фестивалында Орусиянын «Окуучу» аттуу фильми көрсөтүлүп, ал сыйлык алып кетти. Kloop.kgнин кино сынчысы Азамат Өмүралиев тасманы көрүп чыкты — ал аны орус киносу бүт дүйнөнүн маселелери тууралуу кеп кылган сейрек учурлардын бири деп эсептейт.

Калининград, Орусиянын эң батыш облусу. Түштүктө — Польша, чыгышта жана түндүктө — Литва. Германия да анча алыс эмес.

Кеңири, үч бөлмөлүү батир. Кара футболкачан өспүрүм энесине кыйкырып, кайра аны кучактай калат. Орто жолдон — Байыркы Осуяттан да үзүндү келтирет.

Мектеп, он биринчи класстагы биология сабагы. Ушул эле өспүрүм горилланын кебин кийип алып класста секирип жүрөт — бул анын Дарвиндин теориясы боюнча туура эмес дарска карата жообу.

Кирилл Серебренниковдун фильминдеги баш каарман — жогорку класстардагы Вениамин, капысынан эле Библиянын үзүндүлөрү менен сүйлөй баштайт. Ал мугалимдер, теңтуштары жана дин кызматкерлери менен талашып-тартышып, сууда сүзүү боюнча ыплас сабактарга баруудан баш тартып, бир буту экинчисинен кыска болуп калган классташына сыйынуу аркылуу жардам бергенге аракет кылат.

Ойго биринчи келген элестерге карабастан, «Окуучу» — жапа чеккен өспүрүм жөнүндө эмес. Ал тургай ал кандайдыр козголоңчу жөнүндө да эмес. Ага эч ким тийишпейт — тескерисинче, ага эч ким такаат бере албайт. Баланын айланасындагылардын көбү андан ачык эле коркот.

«Окуучу» — быйыл Канн фестивалында көрсөтулгөн дагы бир чуулгандуу тасма. Орусиялык театр жана кино режиссери Кирилл Серебренниковдун иши «Өзгөчө көз караш» аттуу атайын сынактын алкагында көрсөтүлдү. Фильм сыйлык алып кетти.

«Окуучу» — көкүтүүчү тууралуу фильм. Вениамин кескин каражат катары роль онойт: ал директордон, ажырашкан энесинен жана класс жетекчиден турган башка кейипкерлердин тобун ачууга жардам берет. Айтмакчы, ал класс жетекчи — Вениаминге каршы турууга бел байлаган бирден-бир каарман. Ошондой эле ал — кумсалардын укуктарын жана балдарды жыныстык тарбиялоону коргогон даана либерал.

Бир караганда, Серебренниковдун тасмасы дин тууралуу же андан да жаманы Орусиянын турмушу тууралуу айтылган кеп болуп көрүнүшү мүмкүн. «Окуучу» андай эмес — ал андан кеңири.

Ооба, Вениаминдин төңкөрүшүндө диний тексттерди ашкере ээн-жайкын чечмелөөдөн улам келип чыккан терең коркунуч темасы көтөрүлгөн маанайлар кездешет. Христианчылык менен исламда желип-жортуп жүрүп отуруп Серебренниковдун каармандары кадимки акыл-эске чакырышат — диний тексттер биринчи миң жылдыкта жазылган, андан бери өтө эле көп убакыт өттү. Биз башка дүйнөдө жашайбыз. Биз башка эрежелер менен жашайбыз.

Бирок бул «Окуучу» тийип өткөн бир гана кичинекей өңүт. Фильм алда канча кеңири масштабдагы — консерваторлор менен либералдардын ортосундагы тирешүүгө киришет. Керек болсо республикачылар менен демократтардын, улуу жана кичүү муундун ортосундагы тирешүү.

Фильм дал ушул тегиздикте жаткан тирешүүнү колго алат жана анын жыйынтыгы мындай — либералдар (америкалык демократтар — жаш муун — башка туура келген дагы кандай синоним болсо да) дайыма эле төбөсүндө нур жаркырап турган периштелер эмес.

Вениаминдин класс жетекчисинин ролун Виктория Исакова аткарган

Вениаминдин кескин сөздөрүн өтө катуу кабыл алган класс жетекчинин долулануусу Улуу Британияда Брекзиттен кийин жана Америкада Трамптан кийин (же чакан Орусияда Алексей Навальныйдан кийин) орун алган кырдаалга үндөш.

«Окуучу» дегеле эч кимдин пикирин укпаган, илимий макалалар менен профессорлордун дарсынан салынган чепке бекинген заардуу либералдарды кыйшык күзгү аркылуу көрсөтөт.

Тынчтык жана адилеттик үчүн күрөшүп жатып алар колуна кылыч кармайт — ошентип нааразылык акцияларында дөңгөлөктөрдү өрттөп, автоунааларды талкалап, полициячылар менен мушташып жана эгерде фильмге кайрыла турган болсок, балдарга да кол көтөрүшөт.

«Окуучу» Британиянын Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдумуна чейин жана Трамптын күтүүсүз жеңишине чейин эле жарыкка чыгып, бирок тегеректеги пайда боло баштаган маанайды кармап калууга жетишкен. Либералдар тарабынан либералдар үчүн тартылган Серебренниковдун фильми коомдогу бул тапка чоң, кутулуп чыгып кетүүгө болбой турган дарт белгисин кашкайта койгон. Эгерде силер калыстыкты кааласаңар, анда ага алоолонгон өрт, жалаңдаган кылыч менен жете албайсыңар. Тарыхты окугула.

БЕРИЛГЕН БАА
«Окуучу»
Азамат Өмүралиев

«Маданият» бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com