Америкалык спортсмендер салмак таштоо үчүн кокаин колдонушкан

Fancy Bearsтин хакерлери машыктыруучулардын уруксаты менен кокаин пайдаланган америкалык спортчулар тууралуу маалыматтарды жарыялады. Наркотиктер тууралуу АКШнын Допингге каршы агенттигине жана Дүйнөлүк допингге каршы агенттигине маалым болгон.

Спортсмендер машыктыруучулардын уруксаты менен салмак таштоо үчүн наркотик колдонушкан. Маалым болгондой, кокаин Дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин (ДДКА) тыюу салынган заттар тизмесине кирбейт.

Хакерлердин тобу ДДКА менен АКШнын Допингге каршы агенттигинин жазышкан каттарын жарыялады. Анда америкалык спортчулардын шектүү допинг-пробалары талкууланган.

Наркотик колдонгон спортчулардан сырткары кан анализдери өзгөчө чыккан америкалык спортсмендердин аттары да эскерилген.

Fancy Bearsтин жаңы жарыялаган материалдарында спортсмендердин дагы бир тобу аталган. Ал спортчулар астма жана калкан бездери илдеттерине каршы күчтүү таасир этүүчү каражаттарды дарылануу үчүн пайдаланууга уруксат алган делет.

Adam Gemili. Фото: The Independent
Adam Gemili. Сүрөт: The Independent

Алардын арасында британиялыктар да бар болуп чыккан: тизесинен ылдыйындагы тарамыш үзүлүүсүнөн кийин ооруну басуучу каражат пайдаланган спринтер Адам Жемили жана веложарышчы 2014-жылы омурткасын кокустатып алган Ян Станнард.

Ian Stannard. Фото: The Guardian
Ian Stannard. Сүрөт: The Guardian

АКШнын Допингге каршы агенттигинин өкүлү Райан Мэдден билдиргендей, бул каттардын баары америкалык спортчуларга канчалык жогорку талаптар коюлаарынан кабар берет.

Мэддендин кошумчалашынча, спортсмендерден талап кылынгандын баарын жасашкан, эми кибер-шпиондордун эмне жарыялаганына көз салып туруудан башка аргалары жок.

Сүрөт: The Guardian

ТЕМА БОЮНЧА:


Теннисчи Рафаэль Надаль жана Риодогу 28 медаль ээлери допинг колдонгон