Фидель Кастронун жашоосу жана өлүмү сүрөттөрдө

Куба революциясынын лидери Фидель Кастро 25-ноябрь күнү кечинде 90 жаш курагында көз жумду. Ал Кубаны 50 жылдан бери башкарып келген.

Пожилой Фидель Кастро. Фото: Time.
Улгайып калган Фидель Кастро. Сүрөт: Time.

Фидель Кастро 25-ноябрдын кечинде көз жумган. Бул туурасында куба мамлекеттик телеканалынан 26-ноябрга караган түнү кабарлашкан. Ал 4-декабрда жерге берилет.

Фидель и Рауль Кастро. Фото: Ismael Francisco / Cubadebate.
Фидель жана Рауль Кастро. Сүрөт: Ismael Francisco / Cubadebate.

Куба революциясынын жол башчысынын сөөгү, маркумдун акыркы керээзи боюнча, кремацияланат (өрттөлөт).

Кастро успел попрощаться с народом. Фото: ABC News.
Кастро эл менен коштошууга үлгүргөн. Сүрөт: ABC News.

Фидель Кастронун ден соолугу 2006-жылы ичеги-карын ооруларынын күчөшүнөн кийин начарлап кеткен. Ошол себептүү ал Мамсоветтин жана Министрлер советинин милдет жана ыйгарым укуктарын өз иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген.

Фото: Roberto Salas.
Сүрөт: Roberto Salas.

ЖМК мурда дагы Кастронун өлгөнүн, же катуу ооруп калганын жазып чыккан. Мисалы, Кубанын лидери Паркинсон оорусуна чалдыгып, инсульт болуп жана мээсине кан куюлган деп шек санашкан. Бирок Кубанын өкмөтү дайыма ушак-айыңдарды четке кагып келген.

Фото: CUBA A DIARIO.
Сүрөт: CUBA A DIARIO.

Фидель 2016-жылы коммунисттердин съездинде чыгып сөз сүйлөп Куба менен коштошкон. Ал жакында өлөөрүн билдирип, анын коммунизм көз карашын аягына чыгарууну өтүнгөн.

Фидель Кастро и советский космонавт Юрий Гагарин.
Фидель Кастро жана советтик космонавт Юрий Гагарин.

Кастро өлкөнүн өкмөтүн башкарып турганча анын иниси Рауль Кубанын куралдуу күчтөрүнө жооп берип турган.

Фото: Museo del Comunismo.
Сүрөт: Museo del Comunismo.

Фидель Кастронун жашоосу жана саясий ишмердүүлүгү үчүн ага 638 жолу кол салуу болгон. Дээрлик баарын Американын Борбордук чалгындоо башкармалыгы уюштурганын билдиришкен.

Фидель Кастро и американский исламский духовный лидер Малкольм Икс.
Фидель Кастро жана америкалык мусулман диний лидери Малкольм Икс.

АКШ менен Кубанын ортосундагы мамиле дайыма дурус болбой, акыркы жылдарда гана байланыш калыбына келе баштаган. Барак Обама «эркиндик аралы» менен дипломатиялык мамилелерди жөнгө салган. Мындай кадам 1961-жылдагы президент Дуайт Эйзенхауэр убагынан бери биринчи жолу жасалып жатат.

Кастро и Никита Хрущев. Фото: Wikipedia.
Кастро менен Никита Хрущев.

АКШнын бийлиги 1961-жылы Кастрону бийликтен кулатууга аракет кылып, бирок америкалык аскерлердин Чочко булуңуна түшүрүлүшү ийгиликсиз аяктаган.

Фидель Кастро и Никита Хрущев пробуют вино в Грузии. Фото: Wikipedia.
Фидель Кастро менен Никита Хрущев Грузияда вино даамын татып көрүүдө.

АКШ жооп катары аралга карата экономикалык бөгөт койгон. Анда Советтер Союзу Эркиндик аралын экономикалык жактан колдоп турган.

Фото: Rolex Magazine
Сүрөт: Rolex Magazine

Кастро Кубада 1926-жылдын 13-августунда төрөлгөн, Гавана университетинен юридикалы билим алган.

Качан 1952-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин бийлик Фульхенсио Батистаны колго түшүргөндөн кийин Кастро тилектеш тобу менен куралдуу каршылык көрсөткөн топту башкарып калган.

Фото: Wikipedia.

Сантьяго-де-Кубадагы куралдуу кол салууда Кастро камалган. Ошондо сотто анын «Тарых мени актайт» деген сүйлөгөн сөзү эл арасында түшпөй айтылып калган.

Соттун чечими менен 15 жылга кесилип, бирок 1955-жылы амнистия боюнча эркиндикке чыккан.

Фото: NBC News.
Сүрөт: NBC News.

Түрмөдөн чыккандан кийин ал тилектештери менен бирге Мексикада революция жасоого даярдык көргөн. Алардын арасында Эрнесто Че Гевара да болгон.

Фидель Кастро и Че Гевара. Фото: Wikipedia
Фидель Кастро менен Че Гевара.

Кастро башкарган көтөрүлүшчү аскерлер тобу 1959-жылы Гавананы колго алган (Кубанын борбору), андан соң ал Кубаны 49 жылдан ашык убакыт башкарган.

Фото: AP.
Сүрөт: AP.

Айрымдары аны ырайымсыз тиран деп атаса, кээ бири революциялык каарман катары көрүшөт.

Сүрөт: Mashable