Семетей Султанов футбол федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды

Бул кызматка жалгыз талапкер болгон Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын азыркы президенти Семетей Султанов экинчи мөөнөткө кайрадан шайланды.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын (КРФФ) президентин шайлоо 27-ноябрда болуп өттү.

Федерациянын президенттигине Семетей Султанов жалгыз талапкер болгон. Добуш берүүдө ал өлкөнүн бардык аймагындагы 50 өкүлчүлүктүн бирдиктүү колдоосуна ээ болгон.

КРФФнын президентинен тышкары Федерациянын вице-президенти жана аткаруучу комитеттери да шайланган.

Семетей Султанов Футбол федерациясын 2012-жылдын 7-декабрынан бери башкарып келет.

Ушул убакыт аралыгында кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде 102-орунга көтөрүлүп, 2019-жылы БАЭде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна чыгууга талапкер саналат.

Андан сырткары U-16 өспүрүмдөр курамасы да футбол боюнча Азия чемпионатында тайпалык баскычтан суурулуп чыгып ийгиликке жетүүдө.

Бул Кыргызстан үчүн кайсы бир жаш курактагы турнир болбосун финалдык баскычта мелдешкен алгачкы учур.

Сүрөт: КРФФ

ТЕМА БОЮНЧА: