Бишкек: Тоңгон муздарды имараттардын ээлери кагып түшүрүшү керек

Бишкекте бир да муниципалдык ишкана башкалаадагы имараттардын чатырынан тоңгон муздарды кагып түшүрбөйт. Мэриядагылар муздарды имараттардын ээлери кагып түшүрүшү керек экенин айтышты.

Акыркы жумаларда байкалган өзгөрмөлүү аба ырайынын айынан шаардагы имараттардын чатырларына чоң муздар толуп калды. Тоңгон муздар тротуарлардын жана парковкалардын үстүндө салаңдап, дайыма кулап түшүп, шаар тургундарына коркунуч келтирүүдө.

Мэриядагылар Kloop.kgнин кабарчысына тоңгон муздарды акимдер кагып түшүрүшү керек экенин ырасташты. Бирок, Свердлов районунун администрация башчысы Самарбек Болотбековдун айтымында, бюджетте тоңгон муздарды кагып түшүрүүгө берене каралган эмес.

Болотбеков кыш мезгили башталганда район администрациясы «имараттардын ээлерине тегеректеги жерди кардан жана тоңгон муздардан тазалоо зарыл экенин билдирээрин» айтты.

«Ар бир имарат ээси өзү ошондой чара көрүшү керек. Мэрия тарабынан, райондук администрация тарабынан өз алдынча башкаруусу жок, башкача айтканда үй комитеттери жок үйлөргө жардам көрсөтүлүп жатат», – деди Болотбеков.

Свердлов районунун башчысы ошондой эле тротуарларды жана жалпы пайдаланылуучу жерди тазалоого күн сайын «Тазалык» ишканасынын 110 кызматкери жана район администрациясынан 60тай киши чыгаарын кабарлады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова шаардык саламаттык сактоо департаментинде жаракаттардын түрлөрү боюнча статистика жүргүзүлбөй тургандыгын, башкача айтканда, кимдир-бирөө кулап бараткан тоңгон муздан жаракат алган учурлар бар-жогу белгисиз экендигин билдирди.

«Жолдун тайгактыгына байланышкан жаракаттар бар, бирок тоңгон муздар боюнча бир да киши кайрыла элек. Дагы бир жагы бар, ал [саламаттык сактоо департаменти] жаракаттардын мындай түрүн каттабайт», — деди Алмамбетова.