«Кыргызтелекомдун» казак провайдерлери менен «мыйзамсыз келишимдерди түзүшүнө» байланыштуу факты боюнча иш козголду

Башкы прокуратура «Кыргызтелекомдун» жетекчилиги казак операторлорунан интернет-канал сатып алуу боюнча «мыйзамсыз келишимдерди түзгөнүнө» байланыштуу факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Кыргызтелеком» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Эмил Эшеналиев эки казак компаниясы менен Интернетти айына 1 мбит/сек үчүн 30 доллардан сатып алуу боюнча «башынан пайдасыз» келишимдерди түзгөнүн Башкы прокуратура билдирди.  

Ага чейин компания Интернетти айына 1 мбит/сек үчүн 13,84 доллардан сатып алып жүргөн.

Мекеме келишимдер казак компанияларынын бир тараптуу талаптарына негизделгенин, бирок тараптар бааларды 2016-жылдын 31-декабрына чейин өзгөртпөшү керек болгонун билдирет.

«Келишимдер "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" мыйзамды бузуу менен, сынак өткөрбөстөн жана баа мониторингин жүргүзбөстөн түзүлгөн. Бул келишимдерди түзүүнүн натыйжасында [казакстандык] компанияларга […] 275 миң доллар ашык төлөнгөн», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Кылмыш иши андан ары иликтөө максатында Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди.

Компания келишимдерге аргасыздан кол койгон

«Кыргызтелеком» компаниясы аны казак провайдерлери Интернетти токтотуп коюу менен коркутуп пайдасыз келишимдерге кол коюуга мажбур кылышканын билдирди.

«Кыргызтелекомдун» маалыматына караганда, келишимдердин мөөнөтү 2016-жылдын июлунун акырында бүткөн жана казак жөнөтүүчүлөрү баанын көтөрүлө тургандыгы тууралуу маалымат беришкен.

Компания сүйлөшүүлөргө карабастан казакстандык тарап баасы жогорулатылган келишимдерге кол коюлбаса Интернетти токтотуп коерун айтып опузалаганын билдирди.

«"Кыргызтелеком" ААК түзгөн келишимдер атайылап аткарылбай келген, анткени биз жөнөтүүчүлөрдөн кымбаттатуунун объективдүү себептерин түшүндүрүүнү дайыма талап кылып келгенбиз. […] Казак жөнөтүүчүлөрүнө бир да ашыкча тыйын төлөнбөгөнүн баса белгилейбиз», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

«Кыргызтелеком» келишимдерге кол коюу тууралуу өз чечимин мамлекеттик мекемелерди, социалдык объектилерди жана түмөндөгөн абоненттерди Интернетсиз калтыра албаганы менен негиздеди.

Баалардын негизсиз көтөрүлүшү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков компания абоненттерге бааны канчалык негиздүү көтөргөнүн жана «Кыргызтелеком» менен казак провайдерлеринин ортосундагы тымызын бүтүм бар-жогун текшерип чыгууну Башкы прокуратурага 28-ноябрда табыштады.

Жээнбеков сөз болуп жаткан фактылар ырасталса компаниянын менеджерлери жоопко тартылаарын айтты.

«Кыргызтелекомду» депутаттык комиссия да текшерди. КСДПнын депутаты Анвар Артыков анын ишинин натыйжасында кыргыз компаниясынын казак провайдерлери менен жең ичинен бүтүмгө келгени аныкталганын билдирди.

Артыковдун айтымында, Эмил Ешеналиев эки казак провайдери менен пайдасыз келишимге дароо кол коюп, аларга акча которуп жиберген.

Интернеттин кымбатташы

Кыргызстанга интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет. Июлда казакстандык провайдерлер кыргыз операторлору үчүн интернет-трафиктин баасын 1 Мб/с үчүн 12-15 доллардан 30-50 долларга чейин көтөрүлөөрүн кабарлашкан соң Кыргызстанда интернет кымбаттаган.

Алар өз чечимин интернетти камсыз кылган орусиялык тарап бааны көтөрүп жибергени менен түшүндүрүшкөн.

Өз кезегинде орусиялык тарап Казакстанга интернет мурдагы эле баа менен, болжол менен 1 мибт/сек. үчүн 1 доллардан эле берилип жатканын билдирген. Андан тышкары, трафиктин өткөрүлүшү үчүн баа төмөндөп гана жүрүп отурушу керек экени белгиленген.

Кыргыз тарап Евразия экономикалык комиссиясына казакстандык провайдерлердин болжолдуу көмүскө келишими боюнча териштирүүнү суранып арыз берген.

Казакстандык жана кыргызстандык провайдерлердин эки айлык сүйлөшүүсүнөн кийин Интернеттин баасы мурдагы калыбына келген.