Ошто бекер Wi-Fi менен автобустар жүрөт

Оштун автопаркында Орусиядан келген, бекер Wi-Fi жана билеттердин электрондук эсептөөсү орнотулган 30 жаңы автобус пайда болду. Автобустар айрым багыттагы маршруттук таксилердин ордун басып, Оштогу кыймылды жеңилдетет.

Оштун мэриясы Жүргүнчү транспорт жана муниципалдык автотранспорт ишканасынын агенттигинин автопаркына 30 жаңы автобус кабыл алды. Автобустарда бекер Wi-Fi жана билеттердин электрондук эсептөөсү орнотулат.

Автобустар Орусиядан октябрдын аягында алынып келген. Аларды сатып алууга бюджеттен үч миллион еврого жакын акча жумшалды.

Муниципалдык автопаркты кеңейтүүгө Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы насыя катары каражат бөлдү. Ошол эле насыя боюнча Оштун мэриясы дагы 23 троллейбус сатып алмакчы.

Оштун мэриясынын шаардык чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун айтымында, маршруттук таксилердин кыймылын жана алардын жол багыттарын азайтуу менен кошо шаардык жүргүнчүлөрдү тейлеш үчүн жаңы автобустарды ишке киргизүү пландаштырылууда. Бошоп калган маршруттук таксилер жаңы багыттарга жөнөтүлөт.

«Алар [маршруттук багыттар боюнча жүргүнчү ташыган менчик компаниялар] менен түзүлгөн макулдашуу боюнча, муниципалдык автобустар келгенде алардын багыттарына өзгөртүү киргизүүгө акыбыз бар экенин белгилеген пункт бар. Биз аларга бул багыттар бошотулушу керек экенин эскерттик. Ошондуктан бул боюнча талаш-тартыш чыкпайт», — деди ал.

Алынып келген автобустарда «Евро 4» классындагы кыймылдаткыч орнотулуп, майыптар үчүн пандустар караштырылган.

Айдоочулар автобусту айдаганга, тейлегенге жана майда оңдоо иштерине үйрөтүлөт.

Оштун автопаркына 2012-жылы Кытайдан 65 автобус келген. Бирок чынында азыр алардын 15и гана иштеп жатат.

Азыр бул автобустар эки атайын маршруттук багыт алды. №2 автобус түштүк-чыгыш тараптан түндүк-батыш тарапка, ал эми № 12 автобус түштүк-чыгыш тараптан түштүк-батыш тарапка каттайт.

«Бик интернешнл» кеңеш компаниясынын кеңешчи-эксперти Кубанычбек Асанов Кытайдын мурунку, Орусиянын кийинки автобустарын салыштырып көрүп, Орусияныкы жүргүнчүлөр үчүн алда канча ыңгайлуу экенин жана азыркы стандарттарга толук туура келээрин белгиледи.

Ал жаңы автобустар шаардагы жол тартибинин топтолуп калган бир катар маселелерин чече алаарын кошумчалады.

«Бул жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн оңолушу, жүргүнчүлөрдүн ыңгайы, шаардын борбордук бөлүгүнүн жеңилдеши, шаарда тыгындардын жана тиешелүү түрдө жол кырсыктарынын да азайышы», — деди ал.