Бишкектин бардык мектептери 13-декабрга чейин ОРВО боюнча карантинге жабылды

Бишкек мэриясынын алдындагы координациялык комитет бардык мектептерди 12-декабрь аяктагыча жабууну чечти. Ага окуучулар арасында ОРВОнун жапырт жайылып кетиши себеп болду.

Мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ОРВО боюнча кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу башкалаанын бардык мектептери 12-декабрь аяктагыча жабылат.

«Отурумда окуу процессин жети окуу күнүнө, башкача айтканда декабрдын 5ин 12си менен кошо санаганда токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды. 35 мектеп өз ишин токтотту», — деп ырастады Kloop.kgге санэпидкөзөмөлдүн директору Артур Буюклянов.

Карантин бала бакчаларга тиешеси болбойт жана окуучулардын кышкы каникулуна таасир этпейт — аларды азайтуу пландалган жок.

Санэпидккөзөмөлдүн шаардык борборунун директору Артур Буюклянов Kloop.kg менен болгон маекте азыркы абалды эпидемия деп атаган туура болбой тургандыгын айтты.

«Бул эпидемия эмес, бул ооруга чалдыккандардын сезондук көбөйүшү. Азыр биз башкалаанын бардык мектептеринде карантин киргизип жатабыз. Андан тышкары дарылоо мекемелеринде оорулуулар менен жолугушууну азайтуудабыз. Ошондой эле коомдук транспортто — маршруттук таксилерде, автобустарда — дезинфекция жүргүзүүнү чечтик», — деди ал.

ОРВО — бул оор респиратордук вирустук оору, эл ичинде суукка урунуу деп аталат. Өткөн ай ичинде Бишкекте 1000ден ашуун киши ооруканага жаткырылган, алардын 805и — төрт жашка чейинки балдар.

Бишкектин мектептери ОРВО боюнча кырдаал начарлай баштаганда 30-ноябрдан тартып акырындап карантинге жабыла баштады. Адегенде шаардын жетекчилиги жети мектепте, кийин 20 мектепте окуу токтотулганын жарыялашты.

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Бишкектеги ОРВО: Жети мектепке карантин киргизилди, дарыгерлер жумасына алты күн иштеп жатышат [+ ооруганда эмне кылыш керек]