«Ур-токмок, пара жана мазак». Оштогу индиялык студенттер эмнеге нааразы?

Курсташынын өлүмү Оштогу индиялык студенттердин чыдамын түгөттү. Жүздөгөн студенттер митингге чыгып, кемсинтүү, акча тоорумай жана мазактоо сыяктуу топтолуп калган көкөй кести маселелерди чечүүнү окуу жайынан талап кылышты.

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) биринчи курсунун студенти Субхам Бангравдын өлүмү 13-ноябрда чет өлкөлүк студенттердин Ошто өткөн биринчи ачык нааразылык акциясына башкы себеп болду.

Субхам Бангравдын өлүмү эскерүү митингине жана Оштогу чет өлкөлүк студенттердин биринчи ачык нааразылык акциясына себеп болду.

Митингде студенттер окуу жайынын администрациясына жана Индиянын Бишкектеги элчилигине нааразы пикирлерин айтышты. Алар топтолуп калган маселелердин токтоосуз чечилишин талап кылышты.

Ректор Каныбек Исаков жана ОшМУнун жетекчилигинин башка өкүлдөрү студенттерге митинг башталгандан кийин бир саат өткөн соң чыгышты. Төрт саат бою студенттер өз нааразылыгын себептерин айтып отурушту — алар өз кыйынчылыктарын бир чоң тизме кылып түзүп чыгышкан эле.

Жогорку курстардын студенттери Kloop.kgге алар бул тизмени атайын митинг үчүн даярдашканын айтышты. Алардын айтымында, алар ар кайсы курстарда окуган өз жердештерине да кайрылышкан.

Тизмеде студенттер туш болуп келаткан 15 маселе бар — эгерде аларды топтоштурса, алар негизинен төрт категорияга тиешелүү:

  • Студенттердин шаардагы коопсуздугу;
  • Факультеттеги окуу процесси;
  • Визанын жол-жобосу;
  • Студентердин жетекчилери.

Чет өлкөлүк студенттерге эмне жакпайт?

  • Ур-токмок жана пара

Оштогу чет өлкөлүк студенттер Kloop.kgге алар үчүн коопсуздук маселеси биринчи орунда тураарын айтышты. Алардын айтымында, аларды жергиликтүү тургундар көп сабап, акчасын же башка баалуу нерселерин тартып алышат.

Реквием-митингде индиялык студенттер кодулоо жана басынтууга кабылганын айтышкан.

«Негизинен балдарга тийишет. Кыздар жок. Бизге жергиликтүү тургундар да, милиция кызматкерлери да көп кол салган райондор бар. Мындай учурлар көбүнчө Зайнабетдинов жана Ош райондорунда болот. Шаардын Араван районунда тынчыраак. […] Эгерде жаныбызда акча болбосо, алар (жергиликтүү тургундар — ред.) телефонубузду тартып алышат», — деди атын атагысы келбеген алтынчы курстун студенти.

Студенттер мындай окуялар боюнча жергиликтүү милицияга кайрылышпайт, анткени укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен коркушат. Милиция кызматкерлери алардын документтерин текшерип, көчөдөн көп токтотушат.

Студенттердин айтымында, документтери толук жайында болсо деле милиция кызматкерлери аларды кайра кайтарып бериш үчүн акча тоорушат. Алар милиция кызматкерлери кадимкидей соодалашып, адегенде 100 доллар (дээрлик 7 миң сом — ред.) талап кылышаарын айтышты.

«Биз жарды студент экенибизди айтканыбызда, алар акчанын суммасын 200дөн 500 сомго чейин түшүрүшөт. Анча акча да болбой калган учурлар кездешет. Анда алар “жок дегенде 50 сом бербейсиңби” дешет. […] Акча такыр жок учурлар болгон, анда алар паспортубузду тытып бетибизге ыргытышчу», — деди алтынчы курстун студенти.

Студенттер деканга жана Оштогу чет өлкөлүктөрдүн окуусун уюштарган компаниялардын өкүлдөрүнө кайрылышканын айтышты. Бирок алардан бул маселени чечүүдө анча майнап чыккан эмес.

  • Окуудагы кодулоо

Студенттер өзүн орой жана сый-урматы жок алып жүргөн айрым окутуучулардын үстүнөн даттанышты. Алардын айтымында, окутуучулар студенттердин дарегине көп учурда жаман сөздөрдү айтышат.

«Алар бизди индиялык маймылдар же иттер деп атап жатышса, биз аларды кантип сыйламак элек?» — деди атын атагысы келбеген студент.

Студенттердин айтымында, аларды аудиторияны жыйнаганга, практика өтүп жаткан учурда астананы шыпырып, жууганга мажбурлашат.

«Биз эмне, тазалагычпызбы? Биздин окуу жайы менен түзгөн келишимибизде тазалоо тууралуу милдеттенмебиз жок. Биз көбүрөөк практикалык сабактарды каалайбыз, болбосо кийин кантип адамдарды дарыламак элек? […] Биз практиканы ОшМУнун клиникасында эмес, чоң ооруканаларда өткөрүүнү суранабыз, анткени биз жакта тиешелүү жабдуулар аз», — деди бешинчи курстун студенти.

Студенттер арыздары менен кайрылган декан Роман Калматов өз ыйгарым укуктарын тапшырып берди.

Студенттер айрым окутуучулар өздөрү берген сабактар боюнча жетиштүү билими жок экенин айтышат. «Стоматолог кантип бизге анатомияны бере алат?» деп сурашат алар.

Студенттер ошондой эле деканат алар ооруп калса Индияга кетиш үчүн окууну токтотууга уруксат бербей жатканын айтып арызданышты.

«Биз ооруп калсак биздин өтүнүчүбүздү аткаруудан көп учурда баш тартышат. Биз бул жакта дарылана албайбыз, анткени жергиликтүү дарылануу биз үчүн абдан кымбат, себеби биз Кыргызстандын жарандары эмеспиз, медициналык камсыздандыруубуз жок. […] Бул жерде Индиядагыдай деңгээлде дарылоо болбой калган учурлар кездешет. Ошондуктан биз уруксат сураганга мажбурбуз», — деди атын атагысы келбеген төртүнчү курстун студент кызы.

Студенттер медициналык камсыздоо үчүн атайын фонд түзүүнү талап кылышты.

«Биз оорулардан же кырсыктардан тышкары эмеспиз, ошондуктан студенттердин өздөрү акча чогулта турган фонд түзгүбүз келет», — деди атын атагысы келбеген төртүнчү курстун студент кызы.

  • «Тынч коррупция»

Студенттер факультетте ачык коррупция азайып, анын ордуна «тынч» түрү келгенин айтышат.

«Анатомиядан сабак берген окутуучу — иштеп жаткан стоматолог-дарыгер. Анын менчик клиникасы бар, анан ал эгерде биз тишибиздин ага дарылата турган болсок, бизге жакшы баа коюп берээрин айтат», — дешти атын атагысы келбеген бешинчи жана алтынчы курстун студенттери.

Студенттер ОшМУнун факультетинин жана клиникасынын техникалык жабдылышына да нааразы.

«Биз окууга ушунча акча төлөйбүз. Биз эч кайда барып отурбашыбыз үчүн медициналык шаймандардын жана жабдуунун баары биздин кампуста болушун каалайбыз. Биздин факультетте болсо ал тургай суу да жок, дааратканасы да тазаланбайт», — деп жазышты студенттер өз талаптарында.

Алар арыз-арманы менен мурдагы декан Роман Калматовго далай жолу кайрылышканын айтышты. Бирок ал же аларды укпай урушуп, же баары жайында болоорун айтып убада берип келген дешет.

  • Визанын жана окуу контрактынын кымбатташы

Индиялык студенттер визанын жана окуу контрактынын кымбатташына нааразы болушууда. Алардын айтымында, мурда визаны тууралаштырыш үчүн 2500 сомдой төлөп келишкен. Октябрдан тартып бул сумма 200 долларга (13 829 сомго — ред.) чыгып кетти.

«Биз жарды студентпиз. Бизде жылына виза алганга анча акча жок», — дешти алар.

Студенттер жыл сайын университетте контракт кымбаттап келатканына нааразы.

«Биз факультетте кийинки курстарда окугандардын контракты көтөрүлбөсүн деп талап кылганбыз. Биринчи курстан баштап факультетке кирген студенттердикин көтөрө беришсин, бирок биздикин эмес. Анткени биз бир суммага контракт түзгөнбүз, ал эми кийинки жылдары баштапкысынан бир канча эсе көп акча төлөп келатабыз», — деди атын атагысы келбеген төртүнчү курстун студент кызы.

  • Студенттик жамаат

Студенттерге алардын жамаатынын башчылары жакпайт, аларды факультет жетекчилиги эле «дайындап койгон» адамдар деп эсептешет. Алардын айтымында, жамаат башчылар декандын айтканын гана кылып, студенттердин чыныгы маселелерин чечишпейт.

«Биз кайсы бир маселе менен ага [факультеттин жаштар комитетинин башчысына] кайрылганыбызда, ал бизди укпайт жана биздин кайрылуу боюнча иштебейт. Ал студенттерге ачык эмес, бирок деканаттын айтканынын баарын кылат», — дешти аттарын атагысы келбеге бешинчи курстун студенттери.

Чет өлкөлүк студенттерге жакпаган жагдайлардын ар бир пункту боюнча декан, рекатор жана студенттерди Кыргызстанга алып келген компаниянын өкүлдөрү жооп беришти.

Студенттерге кандай жооп берилди?

  • Окутуучулардын компетенттүүлүгүнө кепилдик бар

ОшМУнун медициналык факультетинин мурдагы деканы Роман Калматов биринчи курстун студентинин өлүмүнө кийин кызматын тапшырган. Ал Kloop.kgге студенттердин ар бир кайрылуусуна көңүл буруп, алардын маселесин жеринде чечкенге аракет кылганын айтты.

ОшМУнун медициналык факультетинин мурдагы деканы Роман Калматов.

Анын сөзү боюнча, окутуучулардын жөнсүз жүрүш-турушу же компетенциясы тууралуу маселе болбошу керек, анткени алардын ар бири тандоо сынагы аркылуу жумушка алынат.

«Мен алардын компетенциясына кепилдик бере алам, анткени аларды мурдатан билем. Ишке орношуп жатканда алар өз ишин биле турганын көрсөтүп тест тапшырышкан. Натыйжада алардын мыктылары факультетте иштеп жатышат», — деди ал.

Калматов студенттердин арыз-арманын укпай койгонун төгүнгө чыгарып, өз жүйөсүн келтирди.

«Күнү-түнү алар мага ар кайсы маселе боюнча кайрылышкан. Мына карагыла, бул жерде алар өз маселесин, аларды чогуу бир батирде жашаган өздөрүнүн эле жердештери сабап жатканын жазышат. Же келип старостасын алмаштырууну суранышат, анткени ал түштүк Индиядан экен, топтун башка бөлүгү болсо түндүк индиялыкты каалайт», — деди мурдагы декан студенттердин билдирүүлөрү келип түшкөн өз телефонунун экранын көрсөтүп.

Экзамен тапшыруунун компьютерлешкен системасына өтүүгө байланыштуу ал факультетте дегеле коррупциянын кайсы бир түрү болоорун жокко чыгарды.

«Жакшы баа жөнүндө сүйлөшүп алыш мүмкүн эмес, анткени тестти биз эмес, университеттин башкы корпусундагы адистер тескешет. Алар болсо таптакыр кийлигише албайт, анткени агым чоң, убакыт болсо аз», — деди ал.

  • Тазалоо эмес, санитардык практика

Калматов биринчи жана экинчи курстардын ар бир студенти милдеттүү түрдө санитардык практикадан өтөөрүн айтты. Мындай практиканын программасы боюнча студенттердин баары имараттарды жыйноого жана тазалыкка көз салууга саат бөлүшү керек.

«Ал программаны мен ойлоп тапкан эмесмин. Бул Билим берүү министрлиги бекитип, университет кабыл алган программа», — деди мурдагы декан.

Калматовдун айтымында, студенттер көп учурда факультетте чуру-чуу түшүп жүрүшөт, ошонусунан улам ал учурда сабак берип жаткан окутуучулардын ачуусун келтиришет. Ал студенттер көп учурда дубалдарды бут кийими менен булгап коюшаарын айтты.

«Биз аны көргөндө: “Булгап салдыңарбы, эми артыңардан жыйнагыла. Факультетте жалгыз силер окубайсыңар” деп айтабыз. Албетте, аларга бул жакпайт. Бирок өзүңөр көрүп турасыңар, имарат жаңы, жаңыдан эле оңдолгон», — деди ал.

  • Студенттерди жергиликтүү маданиятка ылайыкташтырышат

Мурдагы декан чет өлкөлүк студенттерге кол салуу маселеси чын эле олуттуу болгонун айтты. Бирок анын сөзүнө караганда, студенттерди жергиликтүү маданиятка ылайыкташтыруу программасынын шарапатынан улам андай учурлар кескин азайган.

Сүрөттө ОшМУнун медициналык факультетинин мурдагы деканы Роман Калматов өз студенттери менен.

«Былтыртан бери биз шаар тууралуу бардык негизги маалымат жана кыргыз, орус тилдеринде баарлашуу үчүн жалпы фразалар жазылган китепчелерди чыгарып келатабыз. Ал китепчелерде алар башынан эле бааны билип, жергиликтүү соодагерлер аларды алдап кетпеши үчүн азык-түлүктүн чекене баалары да жазылган», — деди ал.

Анын айтымында, факультет каалаган студенттерди комуз чертүүгө, улуттук бийлерге да үйрөткөн. Чет өлкөлүк студенттердин өнөр көрсөтүшү октябрдын башындагы өзбек делегациясынын иш сапарынын программасына да кошулган. Калматовдун айтымында, бул программа студенттердин коопсуздук маселелерин чечүүгө жардам берди.

  • Өздөрү себепкер болушат

Ошто чет өлкөлүктөрдү окутууну уюштурган компаниянын өкүлү Мухаммед Васим Kloop.kgге студенттер ага көп кайрылып, кол салуу жөнүндө айтышаарын билдирди.

Ал буга студенттер өздөрү да кыйыр күнөөлүү, анткени чуру-чуусу менен башкалардын ачуусуна тийишет деп эсептейт.

Мухаммед Васим студенттер санап өткөн пункттардын көбүнө макул. Бирок ал коомчулуктун мындай мамилесине студенттер кыйыр түрдө өздөрү себеп болуп жатышат деп эсептейт.

«Алардын маданияты башка, бул жердики башка. Алар кыйкырып, ал тургай сабап кеткен коңшулары тууралуу көп арызданышат. Бирок жагдайды териштире келгенде, көп учурда студенттер өздөрү бака-шака түшүп, катуу сүйлөшүп, түн ортосуна чейин тамак даярдап жатышкан болот. Анан кошуналары уктай албай жатканын айтып арызданышат», — деди ал.

Васим студенттердин милиция кызматкерлери акча тооруганы тууралуу сөздөрүн да ырастады.

«Бул кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү. Алардын айлыгы аз болсо керек. Бирок биз эч нерсе кыла албайбыз, анткени студенттер милицияга кайрылгандан коркушат», — деди компаниянын өкүлү.

Анын айтымында, студенттер бир жолу алардан чөнтөк телефон тооругандар боюнча милицияга кайрылышкан. Бирок тез эле муну ким кылганын издөөдөн баш тартышкан, анткени аларды участокко күбө катары чакыра беришкен. Анын айынан алар сабакты калтырууга аргасыз болушкан.

Васим визанын тарифтерин жогорулатууга ректораттын же компаниянын тиешеси жок экенин айтты — анын сөзүнө караганда, жаңы жол-жобого ылайык виза берүү процесси Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

«Мурда биз визаларды ИИМдин алдындагы калкты тейлөө борборунда тууралаштырчубуз, алардын тарифи 2600 сомдун тегерегинде болчу. Азыр ТИМге өткөрүп беришкенден кийин визанын наркы 200 долларга (13 829 сомго — ред.) чейин чыкты, бул бизнес-визанын категориясына барабар. Студенттер үчүн ал өтө кымбат», — деди ал.

Ал өз компаниясы жана окуу жайынын ректораты ТИМге кат менен кайрылып, студенттерге бериле турган визанын категориясын жана наркын кайра карап берүүнү суранышканын кошумчалады. Азыр компания менен ОшМУ жооп күтүп жатышат.

Контракт түзүүчү компаниянын башка бир өкүлү Магарде Бхупендра Кумар Kloop.kgнин редакциясына Субхам Бангравдын өлүмүнөн кийин индиялык абитуриенттер кескин азайышы мүмкүн экенин айтты. Индиянын ЖМКлары Кыргызстанда каза тапкан студенттин өлүмүн чагылдырышкан.

«Субхамдын бир тууганы ал ооруканага жаткырылганын билээри менен сыналгыдан чыгып жардам сурады. Субхамдын өлүмү жөнүндө жергиликтүү гезиттер жазып чыгышты. […] Албетте, ата-энелер эми балдарын бул жакка жөнөтүүдөн коркуп калышы толук мүмкүн. Алар: "Акчаны көбүрөөк төлөсөк да, Кытайга же Орусияга эле жөнөткөн жакшы экен. Сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлө турган жактарга жөнөтүш керек экен" деп ойлоп калышы ыктымал», — деди ал.

  • Талаптар эмес, сунуштар

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Kloop.kgге митингде студенттер талап койбой эле, сунуш киргизишкенин айтты. Ал бул маселени саясатташтыргысы келбегенин, азыр ректорат чет өлкөлүк студенттердин маселесинин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков. Сүрөт: ОшМУ.

Ал мындан ары эгерде студенттер оорусунун абалы жөнүндө бардык зарыл маалымкаттарды алып келип берсе, университет студенттердин дарыланыш үчүн өз өлкөсүнө кетүү тууралуу өтүнүчүн канааттандыраарын билдирди.

«Биз студенттерге ден соолугуна байланыштуу эки айга чейин сабакка келбегенге уруксат беребиз. Кайтып келишкенде алар үчүн окутуунун жана экзамен тапшыруунун жекече программасы иштелип чыгат. Эгерде дарылоо эки айдан ашса, студенттерге экинчи жылга калуу сунуш кылынат», — деди ал.

Ректор окуу жайы чет өлкөлүк студенттерди окутууга жооптуу компаниялар менен медициналык камсыздандыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Бүт дүйнө жүзүндө практика ошондой. Чет өлкөгө чыгаарда камсыздандыруу кагазын тууралаштырыш керек. Ошондой документ болгондо гана контрактылоочу компаниялар кишини [бара турган өлкөсүнө] жеткиришет», — деди ал.

Исаков студенттик жамааттын жаңы башчысын шайлап алууга уруксат бергенин айтты.

«Былтыр алар жетекчисин шайлап алышкан, быйыл болсо анысы жакпай калыптыр. Мен аларга: “Бул демократия. Өзүңөр шайлагансыңар” дедим. Бирок биз университетибиздин уставынын алкагында карап көрүп, студенттик өз алдынча башкаруу органдарын жана акыйкатчы шайлоо өткөрөбүз», — деди ал.

Ректор университеттин демилгесине ылайык факультеттеги студенттер менен жума сайын жолугушуулар өткөрүлө баштаганын билдирди.

«Эки проректор жума сайын студенттер менен жолугушуп, алардын маселелерин угуп, чечкеге аракет кылышат. Балким алардын кайсы бири оорусу боюнча жардам сурап жаткандыр, же айрымдарынын туугандары ал жакта [Индияда] жаратылыш кырсыктарынан жабыркап жатышкан чыгаар», — деди Исаков.

Ректор жергиликтүү тургундар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү студенттерге кол салган фактылар бар экенин моюнга алды.

«Биз азыр чет өлкөлүк студенттер кол салуу тууралуу арыз жазса алардын кызыкчылыгын коргой турган англис тилдүү юрист издеп жатабыз. Ал адвокат катары студенттерди коштоп, ал жактагылар [милиция органдарында] орой мамиле кылбашына көз салат», — деди ал.

Исаков окутуунун контракты жогорулап бараткандыгын айткан студенттердин нааразылыгына макул эмес. Анын айтымында, студенттердин айтканы негизсиз.

«Индиянын өзүндө медициналык факультетте бир жылдык окутуунун эң аз деген баасы — 30 миң доллар (эки миллион 74 457 сом — ред.), Кытайда — сегиз миң доллар (553 188 сом — ред.). Биздин университетте болсо эки миң долларга жакын, бул медициналык билим берүүнүн дүйнөлүк масштабында салыштырмалуу аз эле. Андыктан мен аларга макул эмесмин жана ага жүйө келтире алам. Мына, мисалы, биз жаңы атайын окуу корпусун салдырдык, экинчиден, англис тилдүү окутуучулардын түзүмүн курап чыктык, жаңы лабораториялар жана жаңы технологиялар менен жабдыдык. Эки миң доллар ал тургай алардын бир жылдык окутуусунун өздүк наркын да жаппайт. Менин эсебимде, билим берүүнүн дүйнөлүк экспортунун рейтингинин алкагында контракттын суммасы алты же жети миң доллардан кем болбошу керек», — деди ал.

Исаков студенттин жарандыгына карабастан университетин талаптары баарына бирдей экенин айтты. Анын сөзү боюнча, эгерде студент экзаменди ийгиликтүү тапшыра албай калса, эрежеге ылайык ал мугалимдердин эмгек акысын төлөп берип, жайкы каникул учурунда иштеп берүүгө калышы керек.

«Бул насыялык система. […] Экзамендерге чейин студенттер модуль тапшырышат. Эгерде алар өз учурунда насыясын тапшырганга аракет кылбаса, алар жайкы каникул маалында кайрадан окуп, кошумча чыгашаларды төлөп берүүгө тийиш. […] Бул талаптар кыргыз студент болобу, чет өлкөлүкпү, баарына бирдей», — деди ректор.

ЭМФ — ОшМУнун негизги киреше булагы

ОшМУнун эл аралык медициналык факультети 2015-жылы негизделген. Анда Индиядан, Непалдан жана Пакистандан келген 1600гө жакын студент окуйт. Контракттын орточо баасы эки миң доллар турат.

Орточо эсеп менен, чет өлкөлүктөрдөн университеттин бюджетине бир жылда келип түшкөн акча 3,5 миллион долларга жакын, аны сомго которгондо 250 миллион сом болуп чыгат.

Экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаковдун Kloop.kgге айтканына караганда, базар экономикасына өтүү менен ОшМУ жергиликтүү гана эмес, чет өлкөлүк да студенттерге медициналык билим берип, жергиликтүү жогорку окуу жайларынын арасында өз ордун ишеничтүү тапты.

Анын айтымында, университет көбүрөөк кардарларды тартуу аркылуу өз позициясын мындан ары да бекемдеп, факультеттин материалдык-техникалык базасын оңдоп, анын окутуучулук курамынын сапатын жогорулатышы керек.

«Тилекке каршы, биздин көптөгөн окуу жайларыбыз сапатка эмес, көлөмгө басым жасап иштейт. […] ОшМУ андай мамиледен баш тартышы зарыл. Кереги тийбеген ушунча факультеттер жатат. Аларды жоюп, суроо-талап жараткандарын күчөтүш керек деп эсептейм», — деди ал.

Авторлошу: Дастан Үмөттегин