Алдамчылардын тобу Индиянын жашоочуларына Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүүнү убадалашкан

Алдамчылар индиялык абитуриенттерди Кыргызстандагы медициналык окуу жайларга киргизүү үчүн 26 миң доллардан алган. Акчаны алгандан кийин кылмышкерлер изин жашырышкан. Кылмыштуу топтун башчысы Кыргызстандагы университеттин бүтүрүүчүсү болгон.

Ири суммадагы акча үчүн абитуриенттерге Кыргызстандын медициналык окуу жайларына тапшырууну убадалаган алдамчылардын тобун жетектеген адам Нью-Делиде кармалган.

Ал мурда Кыргызстанда жогорку билим алган 40 жаштагы Гопалан Аниш Ачария болуп чыккан.

«Ал мурда Кыргызстандагы медициналык окуу жайда бакалавр даражасын алган. Ал ушул убакыт аралыгында көптөгөн ишеничке кирген адамдарды алдаган», — деп билдирген криминалдык полиция департаментинин комиссары Равиндра Йадав.

Окуу жайга «тапшыруу» эки миллион индия рупийине, же болбосо болжолдуу 26 миң АКШ долларына бааланган. Акча каражатын алгандан кийин алдамчылар изин жашырышкан.

Индия полициясынын маалыматы боюнча, кылмыштуу топ абитуриенттерди 2006-жылдан 2013-жылга чейин алдап келген. Алдамчылардан жабыркагандардын саны чындыгында көп болушу ыктымал.

ТЕМА БОЮНЧА:


«Ур-токмок, пара жана мазак». Оштогу индиялык студенттер эмнеге нааразы?