ЗИЛ лыжа базасы: Жаңжал уланууда

Лыжа сезонунун ачылышында жергиликтүү тургундар кайрадан ЗИЛ базасына артыкчылык берүү талаптары менен келишти. Базанын генералдык директору алардын талаптарынан баш тартып, эгер жергиликтүүлөр тарабынан коркутуп-үркүтүү улана берсе базаны жабаарын айтты.

Жергиликтүү тургундар менен ЗИЛ лыжа базасынын администрациясынын ортосундагы чыр-чатак беш жылдан бери уланып келүүдө. Акыркы жаңжалдын чыгышына жана базанын жабылышына базанын аймагында жашоочулардын базар салуусуна тыюу себеп болгон.

Жаңжал жөнгө салынып, ЗИЛ лыжа базасы 2-декабрда сезонду ачкан болчу.

zil
База ноябрдын аягында жергиликтүү тургундар менен болгон чырдан улам жабылган болчу. Бирок жаңжал кийин жөнгө салынып, база лыжа сезонун 2-декабрда ачкан — анда эс алуучулар пайда боло баштаган.

Жергиликтүү тургундар лыжа базасынын ачылышына мурдагы артыкчылыктарын, 30 бекер билет берүү өтүнүчү менен келишкен.

«Менден кандай айырмаңар бар, айткылачы? Кандай? Эмнеге мен силерге 30 скипас (кирүү билетин – ред.) беришим керек?» — деп кайрылган жашоочуларга базасынын жетекчиси Акбар Рыскулов.

Рыскуловдун айтымында, акыркы чыккан чырдан кийин жана базанын убактылуу жабылышынан кийин ЗИЛдин негиздөөчүлөрү жергиликтүү тургундар үчүн эч кандай артыкчылык берилбеши боюнча бир канча документти кабыл алышкан.

Базанын жетекчисинин ою боюнча, тургундар ЗИЛ берген бардык нерсенин кадырына жеткен эмес.

Мурда жашоочулар көптөгөн артыкчылыктарга ээ болгон, анын ичинде скипастарга да. Акыркы жаңжалдан кийин тургундар үчүн бардык бонустар жокко чыгарылган.
Мурда жашоочулар көптөгөн артыкчылыктарга ээ болгон, анын ичинде скипастарга да. Акыркы жаңжалдан кийин тургундар үчүн бардык бонустар жокко чыгарылган.

Жергиликтүү аксакал Мустафа Керимкулов дагы айылдыктар туура эмес кылган деп эсептейт. Керимкуловдун пикири боюнча, жаш муун чек тааныбайт.

«Силер бул жерге өтө көп күч жана акча жумшадыңар. Өсүп келаткан муун кызуу — бирин токтотсоң, башкасы ашып өтөт. Үч контейнер турган жерде азыр 30. Биз чектен чыгып кеткенибизди түшүнүп турабыз», — дейт Мустафа Керимкулов.

Туура эмес болуп жатканын айылдын дагы бир тургуну Касымбек да мойнуна алат.

«Бизге жаңжалдын кереги жок. Бизге болгону скипастар керек», — дейт ал.

Жергиликтүү тургундар туура эмес кылганын мойнуна алышып, бирок барыбир бонус берилүүсүн суранууда.
Жергиликтүү тургундар туура эмес кылганын мойнуна алышып, бирок барыбир бонус берилүүсүн суранууда.

Маселе жергиликтүү тургундар менен лыжа базасынын администрациясынын жолугушуусунда чечилген жок. Айылдыктар жаңжалдын жөнгө салынышы үчүн депутаттарга кайрылуу ниетинде.

Акбар Рыскуловдун айтымында, айыл тургундары өз алдынча чогулуш өткөрүшүп, абалды талкуулап, базанын жолун тособуз деп коркутушкан. Эгер андай болсо, Рыскулов ЗИЛди жабууга даяр.

«Алардын жолду жабаары тууралуу мага айтышты. Эгер алар ошого барса, анда биз базаны жөн эле жаап, кетип калабыз», — дейт ал.

Эгер тургундар жол тосушса, ЗИЛдин жетекчиси лыжа базасын жабууга даяр.
Эгер тургундар жол тосушса, ЗИЛдин жетекчиси лыжа базасын жабууга даяр.

Лыжа базасы менен Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы чыр-чатак беш жылдан бери уланып келүүдө. Жергиликтүү аксакал Мустафа Керимкуловдун ою боюнча, жаңжал жер талаштан келип чыккан.

«Лыжа базасы менен эки айыл коңшулаш жайгашкан. База жайгашкан жер ошол эки айылдын энчиси. Ал (Рыскулов – ред.) жердин картасын көрсөтүп, сатып алганын айтат. Бул жерди сатып алса болот беле, билбейм. Жашоочулардын айтымында, бул алардын жери. Ошентип келишпестик болууда» — дейт ал.

Жашоочулар менен базанын администрациясынын ортосунда 2016-жылдын ноябрь айы аяктап калганда ЗИЛдин аймагына жергиликтүүлөр контейнер орноткондон кийин талаш-тартыш келип чыккан. Анда айылдыктар базар кылууга уруксаты бар экенин айтышкан.

ЗИЛдин башчысынын колунда базардын аймагын алдын ала көп жылга ижара акы төлөп алганын тастыкаган документтери болгон. Ысык-Ата районунун бийлиги жергиликтүү тургундарга базар салуу үчүн башка жер бөлүп берүүнү убадалаган.

Видео: Арсений Мамашев

ТЕМА БОЮНЧА:


ЗИЛ лыжа базасы жергиликтүү тургундар менен болгон жаңжалдан улам жабылууда. Эмне белгилүү?