Эски смартфондордо жаңы жылдан кийин WhatsApp иштебейт

Маалымат алмашуу WhatsApp тиркемеси жыл аягына карата эски смартфондордо иштебей калат. Колдонуучулар смартфондордогу өз операциялык системаларынын версиясын жаңыртып же жаңы телефон сатып алышы керек болот.

Мессенжерди иштеп чыккандар WhatsApp эски операциялык системаларда иштебей калаарын билдиришти.

Жыл аягына чейин тиркемени колдобой кала турган чөнтөк патформалардын тизмеси:

  • Android 2.1 жана Android 2.2 базасындагы телефондор
  • Windows Phone 7
  • IPhone 3 GS/ IOS 6

Бул платформаларды колдонуучулар билдирүү жиберип же кабыл ала албай калышат. Компания бардык эски смартфондорду колдонуучуларга жаңыларын сатып алууга же өз операциялык системаларынын версияларын жаңыртып алууга кеңеш берет.

Мурда тиркеме Blackberry OS, Blackberry 10, Nokia S40, Nokia Symbian S60 менен иштебей кала тургандыгы кабарланган, бирок Whatsapp бул платформадагы колдоону 2017-жылдын июнь айына чейин узарткан.

Иштеп чыгаруучулар муну көпчүлүк колдонуучулар пайдаланган чөнтөк платформаларына көңүл койгусу келгендиги менен түшүндүрүштү.

«Биз 2009-жылы WhatsAppты негиздегенде, чөнтөк түзмөктөрүн колдонуунун көрүнүшү бүгүнкүдөн кыйла айырмаланып турган. Ал учурда сатыкта болгон смартфондордун 70 пайызга жакыны Blackberry жана Nokia операциялык системаларын колдонушчу», — деп айтылат сайтта.

WhatsApp — Интернет аркылуу тез арада кабар алмашуу боюнча чөнтөк тиркемеси. Тиркемени 2009-жылы Ян Кум менен Брайан Эктон чыгарган.

2014-жылы WhatsApp мессенджерин Facebook компаниясы сатып алган. Иштеп чыгаруучулардын 2016-жылдын февралындагы маалыматы боюнча колдонмону миллиарддан ашык колдонуучу пайдаланат.

Сүрөт: Info Fueguina