Amazon кассасы жана кезеги жок дүкөндү көрсөттү

Amazon корпорациясы кассирлери да, кезектери да жок Amazon Go дүкөнүн көрсөттү. Бул компаниянын офлайн-дүкөндөр базарындагы алгачкы кадамдарынын бири — компания кийинки жылдары дагы эки миң түйүн ачууну пландаштырууда.

Amazon Goдо чын эле касса жокпу?

Америкадагы Amazon компаниясы кассасы да жок, чек текшергичи да жок дүкөндөрдүн жаңы форматын көргөздү.

Кийинки жылдын башында Сиетлде ачыла турган эксперименталдык дүкөн сатуучуларга азык-түлүктү жыйнап алууга мүмкүндүк берет — болду, ошол эле. Эч кандай кассир, эч кандай кезек жок — алдың да кеттиң.

Дүкөндөрдүн иш тартибин түшүндүргөн ролик (англис тилинде)

Amazon Goнун артында видеокамера менен компьютерлердин системасы турат, алар сиздин дүкөндөгү кыймыл-аракетиңизди бүт талдап турат. Эгерде бир куту лапылдак алып себетиңизге салып койсоңуз, система аны автоматтык түрдө сиз сатып алган буюмдардын тизмесине кошуп коет.

Алармандан бир гана нерсе — дүкөнгө кирип бараткандагы атайын панелди телефону менен сылап коюу гана талап кылынат.

Сатып алганыңыз үчүн эсеп ушундай түрдө болот

«Акылдуу» Amazon системасы алармандарга чечимин өзгөрткөнгө да мүмкүнчүлүк берет — эгерде сиз ал лапылдактарды алгыңыз келбей калса жөн гана кутуну ордуна коюп коесуз. Система аны сиздин тизмеңизден чыгарып коет да, ал үчүн акча албайт.

Дүкөндөн чыгып баратканда телефонуңузга сатып алган өнүмдөрүңүздүн тизмеси менен эсеп келет, акча болсо сиздин насыя картаңыздан алынат.

Amazon буга чейин ушундай нерсе кылды беле?

Amazon — Кошмо Штаттардагы эң ири онлайн-дүкөн. Анын өз офлайн-дүкөнү жок, бир-эки китеп саткан түйүнү гана бар, бирок компания товар жеткирүү жаатында жигердүү эксперименттерди жүргүзүп келет.

Биринчиден, Amazon биринчилерден болуп товарларды жеткириш үчүн дрондорду ишке киргизе баштады. Amazon Prime Air долбоору товарларды алда канча тез жана үнөмдүү жеткириш үчүн квадрокоптерлерди пайдаланууга багытталган. Бирок азыр компания АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык агенттиги менен мамилесинде кыйынчыктарды баштан кечирүүдө, андыктан жакын арада бул системаны күтпөй эле койсо болот.

Amazon Dash баскычтарынын көрүнүшү ушундай

Экинчиден, Жефф Безостун компаниясы алармандарга буга чейин кассирлери жана кезеги жок чечимдерди сунуш кылган. Ар бири 5 доллар турган Amazon Dash баскычтарын ар бир ашканага орнотуп койсо болот — сиздин кир жуугуч порошогуңуз же сыраңыз түгөнүп калган сайын жөн гана ошол баскычты басып коесуз. Калганы көшөгө артында болот — компания сиздин картаңыздан сатып алган товар үчүн акчаны чыгарып алып, керектүү товарды так эле эшигиңиздин алдына алып келип берет.

Amazon Go Сиэтлде гана пайда болобу?

Компания АКШда дагы эки миң дүкөн ачууну пландаштырып жатканы кабарланууда.

Компания үч типтеги дүкөндөрдү ачат: Amazon Go тибиндеги тамак-аш дүкөндөрү; ИКЕИ сыяктуу зор супермаркеттер жана «convenience stores» (алар Штаттарда кеңири тараган: аларда снектерди, тоңдурулган тамакты, майда техниканы, кеңсе товарларын жана дары-дармек сатып алса болот).

Чет өлкөлүк базарга чыгуу боюнча кандайдыр планы тууралуу Amazon азырынча билдире элек.

Сүрөт: The Verge