Күндүн гифкасы: Дизайнерлер 200 сомдук жаңы купюрадагы Алыкул Осмоновдун көзүн оңдоп чыгышты

Коомдук түйүндөрдү колдонуучулар Улуттук банк бет ачаарын өткөргөн жаңы 200 сомдук купюрага нааразы. Сүрөттө акын Алыкул Осмоновдун көзү кадимкидей эле чалырайып калган. Жаңы купюрага ачуусу келген дизайнер Никита Тарасенко #АкчаныЖөнТарткылачы деген хештег менен тамашалуу флешмоб баштады.

Тамашалуу Кыргызстан дизайнерлер партиясынын (КДП) башчысы, дизайнер Никита Тарасенко #АкчаныЖөнТарткылачы деген флешмоб уюштурду. Флешмоб Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган жаңы банкноталарга арналат.

Интернеттин башка колдонуучулары сыяктуу эле, КДП жаңы эки жүз сомдук купюрага, тагыраагы — анда тартылган Алыкул Осмоновдун сүрөтүнө нааразы.

Интернет колдонуучулардын пикиринде, купюрадагы кыргыз акынынын бети кыйшайып калган — көзү чалырайып, ээги жылып кеткен. КДП Улуттук банкка купюра кандай көрүнүшү керек экенин көрсөтмөк болуп, гифка түзүп чыкты. Гифка дизайнерлер оңдоп чыккан банкнотаны Улуттук банктын купюрасы менен салыштырат.

via GIPHY

КДПнын жетекчилери, дизайнерлер Никита Тарасенко менен Дмитрий Бондарев купюранын оңолгон көрүнүшүн сунуш кылышты.

Кыргызстандын Улуттук банкы 200, 500 жана 1000 сомдук номиналдагы жаңы банкноталардын бет ачаарын 6-декабрда өткөрдү. Жаңы купюралар соодага 2017-жылдын 1-январынан тартып чыга баштайт.

Авторлошу: Зияра Асылбекова

ТЕМА БОЮНЧА: