TIME журналы Дональд Трампты жылдын адамы катары тандады

Американын TIME журналы АКШнын президенттик шайлоосунда жеңип чыккан Дональд Трампты жылдын адамы деп атады.

АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп тизме башындагы Хиллари Клинтондон, «хакерлерден», Режеп Эрдогандан, Бейонстон жана CRISPR геномдорун изилдөөчүлөрдөн ашып түштү.

«Ал демагогдор айласыз абалдан пайдаланаарын, чындык да, аны айткандар да күчтүү болоорун Америнын эсине салды; ал каар менен коркунучту көрсөтүп, тымызын шайлоочуларды тизелеп турган жеринен өйдө тургузду; ал кечээки күн тартибин талкалап, бүгүнкүсүн түздү — ошонун бардыгы үчүн Дональд Трамп TIME версиясы боюнча жыл адамы болду».

TIMEдын түшүндүрмө катында журналист Нэнси Гиббс «[журнал] өтүп бараткан жылдын окуяларына оң же терс экенине карабастан эң чоң таасир тийгизген адамды тандай тургандыгын» белгилейт. Журналдын мукабасында ага «Американын Бөлүнгөн Штаттарынын президенти» катары мүнөздөмө берилген.

TIME Трампты Кансыз согуш маалында коммунисттерге каршы жигердүү саясий куугунтук баштаган Кошмо Штаттардын сенатору Жозеф Маккарти менен салыштырат. «Ал өткөргөн ыңкылап чын эле Американын ыңкылабы катары сезилет — Трамптын чындыкка жана логикага кол салышы ага таптакыр зыян тийгизген жок, анын күчүнө күч кошту».

Трамптын жеңиши тууралуу текстте технологияларга өзгөчө көңүл бурулат. Коштомо макаланын авторунун пикиринде, алар биздин кантип жашаганыбызды, сүйгөнүбүздү, иштегенибизди, ойногонубузду, бир нерсе сатып алганыбызды жана бөлүшкөнүбүздү эле өзгөртүп тим болгон жок — алар шайлоо өнөктүгү жана шайлоочулар менен баарлашуу кандай өтүп жатканын да өзгөрттү.

«Балким, шайланган президент [Трамп] «Твиттерге» жазбай калат — бирок ага аудиторияга айткысы келген нерселерин айта турган башка жолун таап алганы гана себеп болот».

Макалада Клинтон тууралуу да сөз болот. Журналисттин пикиринде, ал добуштардын көпчүлүгүн ала алганы (Трамп 2 миллион добушту кем алганына карабай шайлоону утуп кетти), маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Демек, Америка аял-президентке даяр экен, деп эсептейт Гиббс. «Ал тажрыйбага, эстүүлүккө жана мүнөзгө — эркин дүйнөнүн жетекчисин шайлоодо мааниге ээ болгон сапаттарга караган шайлоочулар арасында Трампты жеңип чыкты».

TIME Трампты жыл адамы катары тандашы сыйлыктын тарыхына ылайык келет. Анын 90 жылдык тарыхында бул категорияда АКШнын үч президенти гана уткан эмес — акыркысы мамлекетти 1974-жылы башкарган Жеральд Форд болчу.

2015-жылдын адамы катары Германиянын канцлери Ангела Меркель таанылган. TIME аны Европадагы миграциялык кризисти жөнгө салып, миллион качкынды кабыл алганы үчун тандаган.