Таксисттер менен милиция кызматкерлеринин мушташы: Айдоочулар ээнбаштык үчүн айыпталып, милиция кызматкерлери жабыркаган тарап болуп чыкты

Бийлик милиция кызматкерлери менен жапырт мушташка катышкан эки таксистти ээнбаштык кылгандыгы жана бийлик өкүлдөрүнө кол салгандыгы үчүн айыптады. Кармалгандар азыр тергөө изоляторунда отурушат.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kg менен болгон маекте милиция кармалган эки таксистке айып койгонун айтты.

«Мушташты баштаган киши кылмыш ордунда кармалган, экинчи таксист бир нече күндөн кийин көкүтүү үчүн кармалды», — деди ал.

Анын айтымында, таксисттер «бийлик өкүлүнө карата күч колдонгондугу» жана «ээнбаштыгы» үчүн кармалган. Эгерде милиция кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч келген деп табылса, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, он жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.

Милиция менен «Жорго Такси» компаниясынын таксисттеринин ортосундагы жапырт мушташ «Көк-Жар» калктуу конушунда 6-декабрга караган түнү чыккан. Мушташта участкалык инспектор жана кайгуул бөлүмүнүн эки кызматкери жабыркаган.

ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казакбаев мурда Kloop.kgге милиция кызматкерлери кадимки рейд жүргүзүп жүрүшкөнүн айткан. Анын сөзүнө караганда, таксисттин автоунаасы аларга шектүү көрүнгөн, анткени ал номери жок, бирок «Жорго Таксинин» айырмалоочу белгилери менен болгон. Милиция кызматкерлери айдоочунун документин текшермек болушкан.

Таксинин айдоочусу Мирлан Таалайбеков ага жарандык кийимчен белгисиз адамдар келип күбөлүгүн көрсөтүп тинтип киришкенин айтып берген. Ал коркуп кетип коркунуч баскычын басып жибергенден кийин көп өтпөй окуя болгон жерге анын кесиптештери жетип барышкан.

Бишкек ШИИБ жапырт мушташка 200-250дөй таксист катышканын айтып жатат. «Жорго Таксинин» башкы директору Алтынбек Каримов таксисттин таламын талашып, Zanoza.kg басылмасы менен болгон маекте мушташ болгон жерде 57 гана айдоочу болгонун айткан. Ал ошондой эле рациядан таксист жардамга чакырып жаткан угулуп жаткан аудиозажууну жарыкка чыгарган.

Экспертизанын жыйынтыгына таянуу менен ШИИБ таксинин айдоочусун Мирлан Таалайбеков наша чеккен деп билдирди. Милиция кызматкерлеринин тести тескери натыйжа берген.