Кантип шайлоочулар өз участкаларындагы тизмеден жоголууда?

Шайлоо жана референдум күнүнүн алдында өлкө ичиндеги шайлоочулар күтүлбөгөн көйгөлөргө туш болууда — кээ бири өз участкасындагы тизмеден өздөрүн таба албай жатса, айрымдары өз дареги боюнча бөлөк адамдардын добуш берип жатканын айтууда. 

Бишкектин тургуну Самат Рыскулов (аты өзгөртүлдү) боло турган шайлоо боюнча быйыл да көнүмүш маалымдоо алаарын күткөн эмес — биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болгондуктан ал добуш бере албайт.

Анын батирине төрт маалымдоочу кагаз, болгондо да бөлөк адамдардын аттарына келгенде ал үчүн сюрприз болгон.

Бул дарек боюнча чындыгында эч кандай Света Баракова жашабайт.
Бул дарек боюнча чындыгында эч кандай Света Баракова жашабайт.

«Менин дарегим боюнча такыр мага чоочун кишилер добуш беришет экен!» — деп таң калат Рыскулов.

Ал өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясынан маалыматты териштирүүгө аракет кылганда, ага шайлоочулардын тизмесин көрсөтүүдөн баш тарткан.

Бир тепкич жогору турган аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрайымы Рыскуловго тизмелерди Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) түзүп чыкканын айткан.

Рыскулов МККга чалып өз дарегинде кандайча төрт чоочун киши катталып калганы боюнча түшүндүрмө уга алган эмес. Бирок ал колл-борборунун кызматкеринен кимге арыз менен кайрылуу боюнча нускама алган. Ал эми муну шайлоодон кийин гана кыла алат.

МККнын кызматкеринин айтымында, башка дарек боюнча катталып калган адамдар да кантип мындай болуп калганын түшүнө албай жатышат.

«Дүйшөмбү күнү МККга барып, кимдир бирөө менин дарегиме катталып калганбы-жокпу тактайм. Мен үчүн бул шайлоо маселеси деле эмес, башаламандык болуп жатканында», — дейт Самат.

Референдумдун жана жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдында буга окшогон окуялар күтүлбөгөндөй көп болуп чыкты. Бийлик дагы эмнеге мындай болуп жатканын азырынча түшүндүрө албай жатат.

Адамдардын орун которуусу

Бишкектен 230 километр аралыкта жайгашкан Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында да ушундай көйгөй аныкталган.

Алар Арстанбек Кадыров аттуу жергиликтүү тургунду МККнын төрагасы Тайырбек Сарпашевге ачык кат жазууга мажбурлашкан.

Шайлоонун алдында Чаектин жашоочулары башка райондун шайлоо участкаларында болуп чыккан.
Шайлоонун алдында Чаектин жашоочулары башка райондун шайлоо участкаларында болуп чыккан.

Арстанбектин агасы, Бектен Кадыров, өзү Чаек айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бир тууган Кадыровдор 28-ноябрда шайлоочулардын тизмесин тактаганда баары жайында болгон.

Бирок 11 күн өткөндөн кийин 9-декабрда Бектен өзүнүн жубайы сыяктуу эле башка добуш берүү участкасына түшүп калган.

«Мындай картина жүздөгөн адамдарда болуп жатат», — деп белгилейт Арстанбек Кадыров.

Калкы жети миң адамды түзгөн кичинекей айыл үчүн мындай өзгөрүүлөр олуттуу кырдаалдарды жаратышы мүмкүн.

Бишкекте болгондой эле Жумгал райондук АШКсы да МККга шылтоодо.

Адамдардын орун которуусуна байланыштуу окуялар Кыргызстандын бардык эле аймактарында чыгууда. Коомдук желелерден мындай маалыматтар көп эле учуратууга болот. Ал эми мунун баары шайлоонун алдында болуп жаткандыктан абалга таасир этүү иш жүзүндө мүмкүн болбой жатат.

Ошондуктан, мисалы, өзүн башка шайлоо участкасынан тапкан Оштун тургуну Бабур Мадиханов сыяктуу адамдарга ошол участокту издөөдөн башка аргалары жок.

«Мен бул туурасында 3-4-декабрда билдим. Мен эми №5291 участкасында болуп чыктым. Бул участканын кайда жайгашканын деле билбейм. Жакшы алдын ала билдим, эми ошол участканы издейм», — деп айтты ал.

Эмне үчүн мындай болууда?

Бийлик өкүлдөрүнөн ачык түшүндүрмө алууга азырынча мүмкүн боло элек. Боршайкомдун байланыш кызматынан да, МККнын кызматкерлери да Kloop.kgнин кабарчыларына болуп жаткан окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Өзүн журналист эмес экенин айтып, жөнөкөй шайлоочу катары байланышка чыккан кабарчы менен МККнын кызматкерлеринин бири сүйлөшкөн.

«Эгерде шайлоо участкаларынын биринде адамдардын саны 2500дөн ашса, анда бул райондун тургундарын башка участокко которуп коюшат», — деп түшүндүрдү МККнын кызматкери ошол сүйлөшүүдө.

Бирок бул ошол эле Чаек айылындагы көйгөйдү чечмелебейт, анткени ал жердеги бир дагы участкада 1500дөн ашык шайлоочу жок.

Бийликтин үн катпаганы ыктымал көз боёмочулуктарга жол ачып жатканы боюнча күмөндөрдү жаратууда, кантсе да 100 пайыздык далилге ээ болбой туруп, серепчилердин бири да бул боюнча ачык билдире элек.

«Мунун артында кандайдыр бир көз боёмочулук кылып, добуштарды манипуляциялап жатканы боюнча менде күмөн саноого негиз пайда болууда», — деп билдирди «Прецедент» компаниясынын юристи Нурбек Токтакунов.

Юристтин ою боюнча, эмне болсо да биринчи кезекте МККнын түшүндүрмөсүн күтүү керек.

Жергиликтүү кеңешти шайлоо жана Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча референдум жекшемби күнү 11-декабрда өтөт. Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге 35 саясий партия ат салышууда.

Референдумда кыргызстандыктар учурдагы Конституцияга чындыгында түзөтүү киргизүү керекпи-жопу чечиши керек. Түзөтүүлөрдү Кыргызстандын бийлиги демилгелеп, алар тарабынан адам укуктарына жана бийлик бутактарына тиешелүү өзгөртүүлөрдүн пакети сунушталган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча маалымдама. Эмне өзгөрөт?