Шайлоо: Бишкектиктерге төрт жыл мурун кандай убадалар берилди эле?

Бишкек шаардык кеңеши 11-декабрда шайланат. Айрым партиялар шаардык кеңеште буга чейин иштеген жана шайлоочулардын добушун кайра алганга аракет кылышууда. Төрт жыл мурун бул партиялар кандай убада беришти эле жана ал убадаларын аткарыштыбы?

КСДП

Социал-демократтар Бишкек шаардык кеңешинин азыркы курамында 45 орундун 21ин ээлеп отурушат.

Төрт жыл мурун алардын шайлоо алдындагы негизги урааны «Кыял ишке ашкан шаар» эле.

  • Шаардык бюджет

Ал кезде КСДПнын талапкерлери шаардык бюджет маселесин чечүүнүн камында болчу. Алар бюджеттин кирешесин кеминде эки эсе көбөйткүсү келген, бирок максатына жетишкен жок.

Алар саламаттык сактоо мекемелерин беренеге жараша каржылоону да жокко чыгара албай коюшту. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык мекемелер эмгиче беренеге жараша каржыланып келатышат.

КСДПнын шайлоо алдындагы убадаларында курулуш темасы басымдуулук кылган. 2012-жылдагы шайлоо алдында алар мектеп салып, менчиктештирилген бала бакчаларды артка кайтарып, транспорттук чечмелерди куруп, жолдорду кайра салып, башкалаанын архитектуралык келбетин оңдоп, шаардагы башаламан курулуш маселесин чечүүгө убада беришкен.

  • Мектептер жана бала бакчалар

Бишкекте төрт жыл ичинде эки гана мектеп салынды. Алар мэриянын курулуш тизмесине партиянын убадасына чейин эле киргизилген болчу.

Мэрия алты бала бакчаны оңдоп, шаардын балансына төрт бала бакчаны кайтарып алды.

  • Транспорттук чечмелер

Транспорттук чечмелерди куруу капиталды өтө эле көп талап кылган иш болуп чыкты. Мисалы, бир чечме куруш үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары турак-жайдын ээлери менен маселени чечип, трассаны кеңейтип, азыркы коммуникацияларды өзгөртүп чыгышы керек болчу.

«Натыйжада мындай долбоорду өз алдынча ишке ашырууга шаардын каражаты жок болуп чыкты, инвестор болсо табылган жок», — деди шаардык кеңештин басма сөз кызматындагылар.

  • Жол салуу

Жолдор быйыл күзүндө гана жандуураак оңдоло баштады. Кытай грантынын эсебинен Бишкекте 49 көчө оңдолот. Долбоор президент Алмазбек Атамбаевдин КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында КЭР өкмөтү тарабынан бекер берилген жардамдын эсебинен үч фаза менен ишке ашырылат.

  • Башаламан курулуш

КСДПнын шаардык кеңештеги депутаты Нуржан Тынымсеитова башаламан жана системасыз курулуш менен күрөш оңунан чыкпаганын моюнга алды. Анын айтымында, Бишкектеги курулушка уруксат кагаздары негизинен 2006-2009-жылдары берилген, ал кезде мыйзамды аткарууга көзөмөл жүргүзүү жагы абдан начар болчу.

«Натыйжасын азыр көрүп жатабыз. Мындай учурда үй куруп алгандарга чара көрүш  кыйын — формалдуу жагынан аларда баары жайында да», — деп жазды ал Vesti.kg сайтында жарык көргөн шайлоо алдындагы басма сөз баракчасында.

Ал партиянын демилгеси менен бюджеттен шаардын толук планировкалоо планын (ТПП) иштеп чыгууга 20 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.

ТПП шаардын кайсы жеринде турак-жай салынып, кайсы жерине өсүмдүктөр отургузулуп, кайсы жерине сквер, балдар аянтчалары жана башкалар жайгашаарын аныктайт.

«Биз иштеп чыгуучуларды бир нече жолу угуп чыгып, өз сунуштарыбызды жана пикирлерибизди айтканбыз. Азыркы тапта бул иш бүткөнү калды», — деди ал.

  • Башка пункттар

Шайлоо алдындагы программанын башка пункттары тууралуу айта турган болсок, эски заводдор кайра калыбына келген жок, жаңылары салынган жок, ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, майыптардын жана Бишкектин башка жарды тургундарынын жашоосу жакшы жагына да, жаман жагына да өзгөргөн жок.

«Республика»

Бишкек шаардык кеңешине кирген дагы бир партия — «Республика». Анын депутаттары 11 орунду ээлейт. Бул жолу ал шайлоого «Республика — Ата Журт» деген аталыш менен баратат.

Төрт жыл мурун партиянын программасы «Тагдыр тагдыр менен, бирок тандаш өзүбүздөн» деп аталган.

  • Бала бакчалар

Депутаттар жылына бештен бала бакча салууга убада беришкен. Албетте, 20 бала бакча салынган жок.

Бала бакчаларга байланышкан жагдай оор бойдон турат. Бул тууралуу мэриядагылар да, Билим берүү министрлигиндегилер да айтышууда.

«Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды салуу пландалган жок. Азыр менчиктештирилип кеткен мектепке чейинки мекемелерди шаардын менчигине кайтарып алуу боюнча иш жүрүп жатат. Капиталдык курулуш программасына муниципалдык бала бакчаларды киргизбейбиз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк гана каралган, анда мэрия жер, коммуникация жана имарат түрүндө салым кошот», — деп билдирди Бишкектин мэри Албек Ибраимов 2016-жылдн 8-декабрындагы басма сөз жыйынында.

  • Шаардыктардын коопсуздугу жана тазалык

Партия видеобайкоонун эсебинен шаардын коопсуздугун камсыз кылууга убада берген. Жарандардын коопсуздук маселеси да, таштанды маселеси да чечилбеген бойдон калды.

Партия келаткан шайлоодо да кайра эле коопсуздук менен тазалыкты убада кылып жатат. Азыркы убадалар төрт жыл мурункудай эле.

«Башкалаада “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштайт — бул шаар боюнча беш миң жарыктандыруу түйүнүн жана видеокамера орнотуу жана бекитүү, квартиранттарды каттоонун ыңгайлуу механизмин түзүп чыгуу, милициянын күчөтүлгөн иши жана башкалар», — деп айтылат партиянын шайлоо алдындагы убадаларында.

Партия шаарды жашылдандыруунун беш жылдык программасын түзүүнү, таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну, сугаттын арык системасын калыбына келтирүүнү, жашыл зоналарда курулушка тыюу салууну жана шаарда 50 коомдук даараткана куруп чыгууну пландаштырууда.

Айтмакчы, мэрия ага чейин эле бүткүл шаар боюнча 18 жаңы, бекер коомдук даараткана салууну пландаштырып койду.

  • МАИчилери жок шаар

2012-жылы партиянын «мындан ары паракорлукка жол бербеш үчүн шаарды коррупциялашкан МАИден куткаруу» планы тургундардын көңүлүн бурган эле. 2012-жылы партиянын башчысы премьер-министр болуп турганда Ысык-Көлгө бараткан жолдон МАИчилерди алып салган. Бирок азыр партия шаарды МАИчилерден куткара алган жок.

  • Башка убадалары

«Республика» КСДП сыяктуу эле шаардык бюджетти көбөйтүүгө убада берген, бирок аны аткарган жок.

«Ата Мекен»

11-декабрдагы шайлоого бул партия катышпайт. 2012-жылы партиянын программасы «Бишкегим — Ата-Мекеним!» деп аталган.

  • Дүкөндөрдөгү социалдык текчелер

Партия өкүлдөрү жеңишке жетип калышса «шаардын бардык ири дүкөндөрүндө социалдык бурчтар пайда болот, ал жерде калктын аз камсыздалган катмарлары үчүн биринчи керектелүүчү товарлар арзаныраак баа менен сатылат» деп убада беришкен.

Социалдык текчелер го пайда болду, бирок бардык дүкөндөрдө эмес жана депутаттардын аракети менен эмес, соода түйүндөрүнүн ээлеринин каалоосу менен гана пайда болду.

  • Укук коргоо органдарын колдоо

Эгерде «республикачылар» МАИден таптакыр кутулганды сунуш кылышса, «атамекенчилер» өздөрү жеңип чыккан шартта шаардын укук коргоо түзүмдөрүн жигердүү колдоого убада беришкен.

«Биз ― шаардагы кайгуулдарды көбөйтүүнү, участкалык милиция кызматкерлеринин санын жана ыйгарым укуктарын арттырууну, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кайрадан куралданышын жана жаңы техника менен жабдылышын колдойбуз», — деп убада берген партия өз шайлаочуларына.

Быйыл жаздан тартып Бишкектин көчөлөрүн ИИМдин жаңы түзүмү — Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматын бириктирүүдөн улам келип чыккан Кайгуул милициясынын автоунаалары кыдырып жүрөт.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында башкалаада милициянын 800гө жакын кызматкери ишке тартылган. Бөлүктүн кызматкерлери GPS-навигатор жана видеокаттоочу түрүндө заманбап техникалык жабдуу алышты. Бул иштин баары өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында жүргүзүлдү», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

«Замандаш-Современник»

«Замандаш-Современник» партиясы Бишкек шаардык кеңешинин азыркы курамында алты өкүлү бар. Быйыл партия шайлоого барбайт.

Төрт жыл мурун «Замандаш – Современник» партиясынын программасынын негизги идеясы Бишкекти Борбор Азиянын өсүш чордонуна айландыруу болгон, ал эми негизги урааны «Бишкек заманга жараша өнүгүшү керек» деген ураан эле.

  • Жолдогу тыгындар менен күрөш

Жолдогу тыгындар маселесин чечиш үчүн «транспорт маселесин эле чечип тим болбой, шаардын тарыхый жана маданий турпатын сактап кала тургандай кылып шаардын борбордук бөлүгүнөн мамлекеттик мекемелерди жана соода борборлорун алып чыгуу» сунуш кылынган.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө мамлекеттик мекемелердин баары жана соода түйүндөрүнүн 90 пайызы жайгашканын эске алганда, идея жараксыз болуп чыкты — тыгындарга байланышкан кырдаал ого бетер курчуп, шаардын борборунда ири дүкөндөр салынып эле келатат.

  • Бишкектин бюджетин көбөйтүү

Бул партия шаардык бюджетти көбөйтүш үчүн да күрөшкөн – жеңишке жетишсе шаарда чогулган акчанын 40 пайызына чейинкиси өзүндө калат деп убада берген.

  • «Телегейи тегиз короо»

Шайлоо алдындагы программасында партия үйлөрдүн тегерегиндеги жерлерди көрктөндүрүүгө тартууну, «Телегейи тегиз короо» аттуу сынактарды такай жүргүзүп турууну сунуш кылган.

Жеңүүчүлөр материалдык белектер менен сыйланышы керек болчу. Мындан тышкары, партия окуу жайларынын жанындагы жерлерди көрктөндүрүүгө жаштарды жана өспүрүмдөрдү тартууга чакырган.

Ушунун баары бүгүн жасалып жатат, бирок депутаттар ага катышкан жок.

Быйыл Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орунга 14 саясий партия аттанды. Алар өз убадасын аткарышабы?

Сүрөт: Sputnik