«Азаттык»: Максим Бакиевдин байлыгын текшертсе болот

Британиядагы жаңы мыйзам Максим Бакиевдин Лондондун четиндеги үйүн териштирүүгө жол ачабы? Британияда чет өлкөлүк жарандардын шек жараткан кыймылсыз мүлктөрүн камакка алууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору талкууланып жатат. “Кылмыштуу каражаттар” аттуу бул мыйзам долбоору Британияда жашаган мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевдин мүлктөрүнө кандай таасирин тийгизет?

Бакиев 3,5 миллион фунт стерлингдик үйдө жашаганы тууралуу жазып чыккан Лондондогу Global Witness бейөкмөт уюмунун өкүлү Чидо Данн “Азаттыкка” маек куруп, алгач соңку мыйзамдын чоо-жайын түшүндүрүп берди.

Маектин түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Чидо Данн: Лондондо жана жалпы эле Британияда паракорлорго жана алардын байлыктарына бейиштегидей шарт түзүлгөнү узак убакыттан бери айтылып келет. Өз өлкөсүндө акча уурдаган же башка кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк саясатчылар бул жакка келип, үй жана виза алып, балдарын мектепке жөнөтүп жатышат. Алар кадыресе бардар турмушта жашашат.

Жаңы мыйзам долбоору дүйнөгө “Лондон мындан ары коррупционерлердин бейиши болбойт” деген кабарды жеткиргиси келет.

Биринчиден, “булагы белгисиз болгон байлыкты текшерүү” түшүнүгү киргизилип жатат. Бул концепция полициянын шектүү үйдү териштирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, полиция Максим Бакиевдики сыяктуу шек жараткан үйдү аныктап, анын кожоюну бул үйдү өз акчасына сатып ала алмак эмес деген тыянакка келсе, анда сотко кайрыла алат. Полиция соттун чечими аркылуу Максим Бакиевден же үйгө ээлик кылган компаниядан акчанын булагын ачык көрсөтүүсүн талап кыла алат. Натыйжада акчанын булагын түшүндүрүү түйшүгү үйдүн кожоюндарына же ага ээлик кылган компанияга түшөт.

Депутаттар сунуштаган дагы бир өзгөртүүгө ылайык, эгер кыймылсыз мүлктүн Максим Бакиевге же ал сыяктуу башка саясатчыларга байланышы бар экени аныкталса, биз сыяктуу бейөкмөт уюмдар, коомчулуктун өкүлдөрү британ сотуна кайрылып, үйгө арест койдурууну сурана алышат.

“Азаттык”: Максим Бакиев сиз айткан үй тууралуу так бир билдирүү жасаган эмес. Андыктан сотко кайрылардан мурда кыймылсыз-мүлктүн шектүү акчага сатып алынганы же шектүү саясатчыга таандык экени тууралуу далилдер керек да?

Чидо Данн: Сөзсүз, Британияда жашаган адамдардын укуктары да бузулбашы керек. Далили жок туруп, соттон буйрук алуу туура болбойт. Антпесе бул мыйзам адамдарды куугунтуктоо үчүн колдонулуп калышы мүмкүн. Ага жол берилбейт. Британ өкмөтү адам укуктарын бузуп албайлы деп өтө этият мамиле кылаарын билебиз. Албетте, анын аки-чүкүсү мыйзам кабыл алынгандан кийин белгилүү болот. Ошондой эле ал мыйзамды судьялар кандай чечмелерине да жараша. Кайсы бир далилдер талап кылынаары бышык. Бирок канчалык күчтүү далилдер керек экени алдыда белгилүү болот.

“Азаттык”: Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, эгер Британиядагы кайсы бир кыймылсыз мүлк шектүү акчага сатылып алынганы аныкталса, анда кандай чаралар көрүлөт?

Чидо Данн: Менимче, эгер британ соту үйдүн кожоюну тууралуу шектенүүгө негиз бар экенине ишенсе, үй уурдалган акчага сатылып алынганына көзү жетсе, анда кыймылсыз мүлккө арест коюлат. Үйдү сатууга же башкага өткөрүүгө мүмкүн болбой калат. Анан ишти полиция иликтеп чыгат. Иликтөө аяктагандан кийин үйдү колго алуу жана каражатты кайтаруу иши башталат. Бул жараяндын өзүнчө түйшүгү бар. Бул мыйзам дароо эле коррупцияга байланышы бар байлыкты артка кайтара албайт. Ошентсе да бул процессти тез баштаганга мүмкүнчүлүк берет.

“Азаттык”: Эгер 2017-жылдын жазында бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кыргыз өкмөтүнүн Максим Бакиевдин үйү тууралуу иликтөөнү баштатууга мүмкүнчүлүгү болобу?

Чидо Данн: Кыргыз өкмөтүнүн мындай ыйгарым укугу болоорун же болбой турганын азырынча так айта албайм. Полиция жана бейөкмөт уюмдар булагы белгисиз байлыкты текшертүүгө мүмкүнчүлүк алаары бышык. Бирок кыргыз өкмөтүнө андай ыйгарым укук берилеби же берилбейби так билбейм.

“Азаттык”: Сиздин уюм Максим Бакиевдин Лондондун четинде 3,5 миллион фунт стерлингдик үйдө жашаары тууралуу биринчилерден болуп кабарлап чыккан эле. Сиздерде Максим Бакиевдин үйү тууралуу иликтөө баштатууга жетиштүү далилдер барбы?

Чидо Данн: Менимче, мындай иликтөөнү баштатуу үчүн кайсы бир тарап биздин баяндамадагы далилдерди колдоно алат. Бул мыйзамдын акыркы версиясы кандай болооруна жараша болот. Бирок Global Witness уюмунун баяндамасы ал үйгө Белизде катталган компания ээлик кылаарын, үйдө Максим Бакиев жашаганын айгинелейт. Бакиев ал үйдүн кожоюну экени аныкталбаса да, ага жашыруун компания ээлик кылаары белгилүү.

Global Witness бейөкмөт уюмунун өкүлү Чидо Данн.
Global Witness бейөкмөт уюмунун өкүлү Чидо Данн.

Албетте, бул мыйзам ушул варианты менен кабыл алынса, кайсы бирөө бул далилдерди колдонуп, сотко кайрыла алат. Биздин Максим Бакиевдин үйү тууралуу баяндамабыз бул мыйзамды сыноо үчүн өтө ылайыктуу кейс болот.

“Азаттык”: Максим Бакиев жашайт делген үйдүн шектүү жактары кандай?

Чидо Данн: Үй өзү Саррей аттуу кооз жана коопсуз райондо жайгашкан. Аны Белизде катталган компания сатып алган. Ал компания (Limium Partners Limited) Максим Бакиев Британияга келип, баш паанек сурагандан саналуу жумалар өткөндөн кийин түзүлүп, үйдү колуна алган. Бул мөөнөттүн өзү шек жаратат. Мындан тышкары үйгө ээлик кылган ал белиздик компания жашыруун ишканаларды ачуу менен алектенген агент тарабынан түзүлгөн.

Дал ошол агент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган мезгилде өлкөдөн акчаны чыгарып кетүүгө шектелген компанияны да түзгөн. Биз окшош компаниялар окшош адамдар тарабынан, окшош учурда түзүлгөнүн көрүп жатабыз. Кыргыз өкмөтү Бакиев мындай компанияларды колдонуп, өлкөдөн акча чыгарганын билдирип келген. Global Witness уюму ал үйдө Максим Бакиев жашаганын далилдеген. Бул үйгө жөнөткөн катыбызды алып барган курьердин барагына “Бакиев” деген адам кол койгон.

Булардын баары ал үйгө Бакиев кожоюндук кылаарын далилдебесе да аны менен үйдүн ортосундагы күчтүү байланышты күбөлөп жатат.

Аталган маалыматтар полициянын акча кайдан келгени тууралуу иликтөө жүргүзүүсүнө түрткү бере алат.