Азамат Өмүралиев: Орусиянын президенти — 2018. Навальныйбы?

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар авторлордун жеке позициясын чагылдырат. Автор: Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев.

Навальный — болжолдуу президент

Орусия, Москва, президенттик шайлоодон кийинки алгачкы күндөр. Жаңы шайланган президенттин аппаратын түзгөн жаштардын тобу бөлмөдө чогулат. Алар жарашыктуу кийинген, «Дождь» каналын көрүшөт жана Аарон Соркиндин фильмдериндегидей сөз ыргытып сүйлөшөт. Айрымдары университетти жаңы эле бүткөн.

Алардын алдында бир маселе — тагыраагы, толтура маселе турат. Экономиканы эмне кылыш керек, мунайдын арзандашын кантип токтотсо болот, министр кылып кимди шайлаган оң жана кандай ыкма менен энергетикалык кризисти токтотууга мүмкүнчүлүк бар?

Бул Орусиянын президентин шайлоо боюнча чайкоочулук эмес, болгону жеткен либерал, Хиллари Клинтондун тарапкери, мурдагы киносынчы Роман Волобуев тарткан «Эртең» аттуу фильминин сюжети.

Тилекке каршы, «Эртеңдин» бир гана сериясы чыкты, бирок ал деле даана көрүнүштү көзгө тартат — өлкө башына келген жаш, тажрыйбасы жок саясатчылар абдырап калып, өлкөнү бүлдүрүп алышы мүмкүн. Аймактардан жана ак эткенден так эткен мунайдолларлардан кол жууп калышы мүмкүн.

Сынамык сериянын сюжетиндеги бул идея айрыкча күйгүлтүк менен финалга даана так салат, анда бүт Москва боюнча жарык өчүп, энергетикалык кризистин башталышынан кабар берет.

Сериал тегин жерден тартылбаганы көрүнүп турат — ал Саздак аянтта 2011-жылы болгон нааразылыктан жана Москва мэрин 2013-жылы шайлоодон кийин пайда болду.

Ал жакта да, тигил жакта да негизги фигура Алексей Навальный болгон. Саздак аянтта ал анча белгисиз оппозициячылар жана Ксения Собчак менен бирге Москванын көчөлөрүнөн басып, айтылуу кыйкырыктарды ойлоп таап жүргөн. 2013-жылдагы шайлоодо ал 51 пайыз менен утуп чыккан Собянинге гана орун бошотуп, бүтүндөй 27 пайызга ээ болгон.

Кептин баары Саздак аянттын тарыхый масштабына жана мэр шайлоодогу ийгиликтүү өнөктүккө карабастан бул жаш оппозициянын ички мүшкүлдөрү тууралуу имиштер жүрө баштаганында. Ал митингдерден көчүп келген тамашага ишенсек, баары бир кыздын айынан араздаша кетишкен.

«Эртең» 2010-жылдары туюла баштаган өзгөрүш тууралуу тилекти эле эмес, бул саясий таптын компетенциясы тууралуу кабатырлыкты да камтый кетти. Навальный — Борис Немцов эмес; биринчиден анда жаштык максимализм жана кепке келбеген өжөрлүк үстөмдүк кылып турат, экинчиден, Немцовдон айырмаланып, ал эч качан жетекчилик кызматтарда болгон эмес.

Ошого карабастан, Навальный таанымал. Кечээ ал Орусиядагы президенттик шайлоодо ат салышаарын жарыялады.

Саздак аянттагы митинг

Навальный — болжолдуу президент

Баары эле Алексей Навальныйдын максаты — Орусиянын президенти болуу экенин аздыр-көптүр түшүнүп келген. Ал билими боюнча юрист, өз өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн саясий партиялардын чөйрөсүндө өткөргөн. «Яблоко» менен баштап, «Прогресс партиясы» менен бүтүргөн (бүтүргөн себеби — келе жаткан шайлоодо Навальный өз алдынча талапкер катары чыкчудай болуп калды).

Мындан тышкары, ал коомдук иши менен белгилүү — ар кайсы учурларда Навальный Орусиядагы турак-жай коммуналдык чарбасынын, жол коопсуздук кызматынын жана БШКнын ишмердүүлүгүн иликтеп келген. Акыркы жылы анын Коррупция менен күрөш фондунун аты чыкты, ал башкы прокурор Чайканын ишкерлигин, Шуваловдун иттерине арналган учакты жана Медведевдин дачасын иликтеген.

Анын кечээки билдирүүсү саналуу гана адамдар үчүн күтүүсүз болду. Бирок учур туура тандалган.

Биринчиден, Навальныйды үч башка иш боюнча көптөн бери көшөрө соттоп келатышат. Ал үч жолу штраф төлөөгө жана шарттуу мөөнөттөргө кесилген жана өткөн айга чейин шайлоого катыша алмак эмес. Орусиянын мыйзамдары боюнча оор кылмыштар боюнча соттолгон жарандар президенттик шайлоодо талапкер болууга акысы жок.

Навальныйдын бир оор кылмышы бар болчу — ал «Кировлестин» иши боюнча 5 жылга эркинен ажыратууга кесилген. Бирок өткөн айда Адам укуктары боюнча Европа соту процесс мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөнү тууралуу токтом кабыл алды — натыйжада өкүм жокко чыгарылып, иш болсо кайра кароого жөнөтүлдү.

Навальныйдын кечээги билдирүүсү бул процесске дароо саясий мүнөз берет: эми судья анын күнөөсү бар-жогун чечпейт. Азыркы түзүлгөн кырдаалда «Кировлес» боюнча сот бир гана маселеге — Навальный шайлоого уруксат алабы же жокпу деген суроого барып такалат.

Биринчиден, премьер-министр Медведев жана президент Путин жакынкы күндөрү чоң басма сөз жыйындарын өткөрүп, анда Навальный боюнча суроо сөзсүз коюлат.

Бүгүнкү күндө Навальный — орус ТВсында тыйылган тема. Аны федералдык каналдардын ток-шоуларына чакырышпайт жана анын атын жаңылыктарда дээрлик эч качан айтышпайт. Жаңы кырдаалда Навальный негизги оппозициялык талапкер болушу мүмкүн, анда аны сыналгынын экранына жолотпой коюш алда канча кыйын болот. Бул ири өнөктүк так ушу Навальныйдын талапкерлиги тууралуу бийликтин комментарийлери менен башталышы мүмкүн.

Навальный — болочок президент

Алексей Навальный — популист. Ага кандайдыр башка сыпат бериш кыйын — ал социалист эмес, либерал эмес, оңчул радикал да эмес. Анын шайлоо алдындагы программасы бүтүн бойдон жөнөкөй шайлоочуга жага турган пункттардан турат.

Ал минималдуу айлыкты 25 миң рубга чейин көтөргүсү келет. Майда жеке ишкерлер үчүн салыкты алып салгысы келет. Коррупция менен күрөшүп, ооруканалар менен жолдорду оңдоп, чет өлкөлүк аскерлердин турушун азайтып, соода мамилелерин калыбына келтиргиси келет. Ал Борбор Азиядан келип мыйзамсыз жүргөндөрдүн баарын кетирип, Кыргызстан жана Тажикстан менен визалык режим киргизгиси келет.

Навальный — популист. Ал болжолдуу шайлоочуларын жоготуп алам деп Крым тууралуу позициясын айткандан коркот жана Брекзит менен Трампка жардам берген маанай аркылуу ойнойт. Улуу Британия менен Кошмш Штаттар да мыйзамсыз мигранттарды кууп чыгууга убада беришкен эле да. Аларда да өзгөрүүлөр тууралуу убада берилген, аларда да эл «истеблишмент» аталган башкаруучу таптан жадап бүткөн. Навальный башка радикалдар сыяктуу эле бийликке каршы баратат.

Шайлоодо жеңишке жетүү — анын негизги максаты экени түшүнүктүү. Навальный президенттикке бара турганын түшүндүргөн кечээки ролигинде өз максаты — шайлоонун тышкы көрүнүшүн эмес, кадимки шайлоо өткөрүүгө жетишүү экенин айтты. Албетте, ага ошондой шайлоо керек, ансыз анын эч кандай мүмкүнчүлүгү болбойт. Бирок Навальный үчүн жеңиштин мааниси — бул шайлоодо болбосо да кийинкисинде — чоң экени көрүнүп эле турат.

Алексей Навальный Орусиянын президенттигине талапкерлигин коерун билдирген ролик

Ал өз өнөктүгүн идеалдуу эмес, популярдуу программадан баштап жатат да. Ал адамдарга аткарылышы кыйын же мүмкүн болбогон нерселерди убада берип жатат. Ал адамдардын тескери сезимдерине — нааразылыкка жана чоочундарды жек көрүүгө басым жасап жатат. Ал жеңишке жетишкиси келет.

Навальный — идеалдуу талапкер эмес, либерал деп айтканга да такыр болбойт. Ал эч качан шайлануучу кызматта иштеген эмес. Ал «Эртең» сериалынын каармандары туш болгон каталардын курмандыгы болушу ыктымал. Бирок бул анын жеңишин ого бетер чындыкка жакындатат — Брекзит менен компетентсиз Трамптын жеңишин деле болжогондор аз эле болчу.

Башкы сүрөттүн булагы: РИА Новости