Сөгүнүү жана ичкилик ичүү үчүн штрафтын көбөйтүлүшү. Эмне өзгөрөт?

Эгерде президент Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске киргизилчү өзгөртүүлөрдү колдосо, коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана сөгүнүү үчүн штраф бир канча эсе көтөрүлөт.

Кыргызстандын парламенти коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү жана сөгүнүү үчүн штрафтын өлчөмүн кыйла көбөйткөн Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилчү өзгөртүүлөрдү биротоло колдоду.

Азыр документ президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун күтүп жаткан чагы, жаңы штрафтар мыйзам долбооруна кол коюлгандан кийин он күн өткөн соң күчүнө кирет.

Жазаны күчөтүү идеясынын өзү «Республика — Ата-Журт» фракциясынын үч депутаты Мирлан Жээнчороевге, Руслан Казакбаевге жана Өмүрбек Бабановго, ошондой эле социал-демократтардын башчысы Иса Өмүркуловго таандык.

Демилгечилер негиздеме-маалымкатта мыйзам долбоору «жаштардын тарбия деңгээлин жана коомдун адептүүлүгүн оңдоого» багытталган деп түшүндүрүшөт.

«Бул мыйзам долбоору менен биз коомдук тартипти бузган, коомдук жайларда сөгүнгөн, ичкилик ичкен, психотроптук заттарды колдонгон жарандар үчүн штрафты көбөйтөбүз», — деди Жээнчороев Kloop.kg менен болгон маекте.

Жалпысынан кодексте төрт берене — 364, 365, 366 жана 367-берене өзгөрөт.

Эгерде президент мыйзам долбооруна кол койсо штрафтар кантип көтөрүлөт?

364-берене, «Майда ээнбаштык». Коомдук жайларда сөгүнүү, мазактап тийишүү жана коомдук тартипти бузуу:

  • Жашы жеткендер үчүн штраф 300 сомдон 1500 сомго чейин көтөрүлөт;
  • Жашы жете электер үчүн штраф 200 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүлөт;
  • Жашы жеткендер үчүн административдик камак 3 суткадан 5 суткага чейин.

365-берене, «Өндүрүштө спирт ичимдиктерин ичүү». Иш ордунда ичкилик ичүү үчүн штраф 100 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүлөт.

366-берене, «Баңгизаттык же психотроптук заттарды колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү жана адамдык касиетке доо кетиргидей мас абалда пайда болуу».

Бул беренени бузган жашы жеткендер үчүн штраф 100 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүлүп, күнөөкөр 8 саатка коомдук иштерге тартылат.

Мыйзам бузууга бир жыл ичинде кайра жол берилсе, азыркы 100-200 сомдун ордуна штраф 1000 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлүп, күнөөкөр 8 саатка коомдук иштерге тартылат;

Эгерде жашы жеткен киши бул беренени бузгандыгы үчүн үчүнчү жолу кармалса, азыркы 200-300 сомдук штрафтын ордуна 2000 сомдон 3000 сомго чейин штраф төлөп, 8 саат бою коомдук иш аткарууга мажбур болот.

Эгерде 366-беренени жашы жете элек жаран бузса, штраф анын ата-энесине салынат. Азыр ал 100-200 сомду түзсө, эми 1000 сомдон 2000 сомго чейин болот.

Түзөтүүлөр колдоого алынса бул берене боюнча милиция көп батирлүү үйлөрдүн короолоруна рейд жүргүзүп, кирмелердин жана балдар аянтчаларынын жанында ичкилик ичип жатышкандарды таап чыкканга укук алат.

367-берене, «Жашы жете элек жаранды коомго каршы жүрүш-турушка тартуу». Өспүрүмдөрдү кайырчылыкка, ичкилик ичүүгө же акыл-эркине таасир этүүчү заттарды пайдаланууга тартуу 1000-2000 сомдон 5000-10000 сомго чейин көтөрүлөт.

Сөккүнү кантип аныктаса болот?

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге Кыргызстандын мыйзамдарында «уят сөздөрдүн толук түшүнүгү жок» экенин, ошондуктан кайсы сөз үчүн штраф төлөнүп, кайсынысына төлөнбөй турганы анча түшүнүксүз экенин айтты.

«Орус тилинде нормадан чыккан лексиканын бир түрү сөгүнүү болуп эсептелет. Тилде ошондой эле уятсыз сөздөр да бар, алар сөгүнүү болуп эсептелбейт жана азыраак тыюу салынган, бирок алар да адепсиз болуп саналат», — деди ал.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге майда штрафтар укук бузуучунун аң-сезимине таасир этпей турганын айтты — мекеменин маалыматы боюнча, акыркы 9 айда чогулган штрафтар он миңдеген гана сомду түздү.

Авторлоштор: Александра Титова, Марат Абдыкалыков, Алина Пак