Чолпон Жакупова: Референдумдан кийин кантип жашаш керек?

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова референдумдагы мыйзам бузулган учурлар, бийликтин аракеттери жана Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр жөнүндө айтып берди. Жакупова шайлоодо жана референдумда бийлик утулду, анткени калктын ишениминен чыкты деп эсептейт.

Ток-шоудагы эң негизги нерселер:

  • Референдумда жана шайлоодо мыйзам бузулган учурлар тууралуу

Жакупова техниканын бузулушунан улам көптөгөн адамдар шайлоо укугунан пайдалана албай калышканын белгиледи. Анын пикиринде, анын бузулушу «кокусунан болгон эмес».

Депутат бийлик мурда шайлоочулардын тизмесине байланышкан маселелерди чечүүгө убада бергенине карабастан, алардын тегерегинде көп мыйзам бузуу болгонун да эске салды.

Анын айтымында, студенттер жогорку окуу жайларынын администрациясынын көзөмөлү астында жалпы добуш бергени, бийлик административдик ресурс колдонгонун көрсөтүп турат.

Жакупованын сөзүнө караганда, бийлик референдум өттү деп таанылышы үчүн жетиштүү, бирок каршы добуш бере турган жарандар азыраак болгудай катышууну камсыз кылгысы келген.

Жакупова шайлоо процессинде административдик ресурс кеңири колдонулуп турганда добуш сатып алуу маселеси чечилбейт деп эсептейт.

  • Президент тууралуу

Депутат президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр үчүн үгүттөгөнү — мыйзам бузуу деген пикирде.

Ал мыйзам боюнча мамлекет башчысы бардыгына бирдей карашы үчүн кызматка киришип жатып партиянын катарынан чыгышы керек экенин айтты. Анын сөзү боюнча президент калыс бойдон кала бериши керек эле.

  • Конституцияга киргизилген түзөтүүүлөр тууралуу

Жакупованын пикиринде, түзөтүүлөр бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын өзгөрткөндүктөн, бийлик мыйзамдуулугун жоготуп жатат. Анын айтымында, парламенттин ыйгарым укуктары азайып жатат, премьер-министр бюджетке байланышкан айрым маселелерди өз алдынча чече албайт.

  • КСДП тууралуу

Жакупованын оюна караганда, бийликтеги КСДП партиясы жарандардын ишеничинен кетип баратат, аны жергиликтүү кеңештерди шайлоонун натыйжасында мандаттарынын азайганы далилдеп турат. Андыктан ал бийлик үчүн азыр парламентти таратып же кайра шайлоого баруу опурталдуу деп эсептейт.

Депутат — укук коргоочу

Чолпон Жакупова — 2015-жылдын октябрынан тартып Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал депутаттык кызматка келгиче узак убакыт бою «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы болгон. Уюм адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоп, демократия жана укуктук мамлекет идеяларын илгерилетүү менен алек.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдү укуктук жактан талдап, эмне өзгөрөөрүн түшүндүрүп келишкен.

Жакупова — тарых илимдеринин кандидаты, адам укуктары боюнча эки монографиянын, жети окуу куралынын жана тогуз жыйнактын автору.

2008-жыл Жакуповага адам укуктарын илгерилеткени үчүн АШ Мамлекеттик департаментинин «Эң эр жүрөк аял» аттуу сыйлыгы ыйгарылган.

Ал Анжиян окуяларынан кийин өзбек аялдарын лагерден куткарып чыккандыгы үчүн сыйланган. Мындай сыйлык дүйнөдө 100 гана аялга берилген.

Демилгечилер Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышаары менен Жакупова аларга каршы чыккан.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте колдоо тапканда Чолпон Жакупова Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдү шайлоочулар референдумда кабыл алса депутаттык мандатын тапшырууга убада берген.

Боршайкомдун алдын-ала маалыматы боюнча, добуш берген шайлоочулардын 80 пайызга жакыны Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү колдогон соң, Жакупова депутаттык ыйгарым укуктарын январда тапшыраарын билдирген.