Сүрөт: Бишкектин паркындагы арт-отургучтар

Бишкектин төрт паркы арт-отургучтар менен шөкөттөлдү. Отургучтарды K’Art долбоору жасады. Алардын максаты — борбордун көрүнүшүн жакшыртуу. Отургучтар мэриянын уруксаты менен орнотулду.

K’Art шаардык долбоору Бишкектин гүл бакча жана парктарына арт-отургучтарды орнотушту. Алар Бишкектин Горький, Тоголок Молдо, Эмен парктарында жана Токтогул атындагы гүл бакчага коюлду.

Отургучтар жаңы орнотулду.
Отургучтар жаңы орнотулду.

K’Artтын максаты — борбордун тышкы көрүнүшүн жакшыртуу. Бул идея New Bishkek шаардык долбоорлор боюнча сынакта «Сырткы көрүнүш» номинациясында жеңишке жетишкен.

Жаңы орнотулган арт-отургуч.
Жаңы орнотулган арт-отургуч.

Сынак активисттерди шаардын көйгөйлөрүнө тартуу жана мындай долбоорлорго коомчулукту тартуу үчүн уюштурулган.

Долбоордун демилгечиси Даниэль Абдылдаевдин айтымында, шаарды арт-объекттер менен кооздоо идеясы DOXA Art-groupтун инсталляциясынан кийин келген.

Шаардыктардын арт-отургучтарга карата пикири кандай болот болду экен?
Шаардыктардын арт-отургучтарга карата пикири кандай болот болду экен?

«Биз DOXA Art-groupтун “Көз айнегин” талкуулап, шаар үчүн эмне кылсак болот эле деп ойлондук. Мен дал келүүчүлүккө ишенбейм, бирок кийин эле New Bishkek сынагы жарыяланып калды. Албетте, биз катышалы деп чечтик. Жеңип алганыбызда аябай кубандык», — деп жазган өз барагында Абдылдаев.

Түрдүү деңгээлдеги отургучтар.
Түрдүү деңгээлдеги отургучтар.

Даниэль Kloop.kgге айткандай, K’Art отургучтарынын прототибин Киевдеги отургучтардан алган.

«Биз ар кайсы өлкөлөрдөн ар кандай мисалдарды изилдеп чыгып, бизге Киевдеги отургучтар жагып калды. Алардан эргүү алып, ошого окшош кылалы деп чечтик», — деди ал.

Активисттер ушул отургучтар менен эле чектелип калууну каалабайт. Алар мозаика искусствосун, стрит-арт жана башка элементтерди өздөштүрүүнү пландоодо.