Түркиядагы теракт: Аскер кызматкерлеринин автобусу жарылып, 13 адам каза болду

Автобустун жарылышынын натыйжасында 13 адам каза болуп, 48и жаракат алган. Кайсери шаарындагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Күрдистандын эркиндик шумкарлары» тобу алган.

Reuters маалымат агенттиги кабарлагандай, террористтер автомобилге мина орнотуп, анын жарылышынан өтүп бараткан автобус жабыркаган. Автобус аскерлерди ташып бараткан, алардын ичинен 13ү каза болуп, калгандары медициналык мекемелерге ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

Жарылуу жергиликтүү университеттин жанында катталган. Жарылуудан жабыр тарткан аскер кызматкерлери ыкчам кызматтын аскерлери болгон. Алар кызматтан кыска мөөнөттүү эс алууга чыгып, үйлөрүнө бараткан.

Түркиянын вице-премьер-министри Вейси Кайнак ЖМКнын жарылуу болгон жерден видео жана сүрөттөрдү жайылтпоосун өтүнгөн. Айтымында, бул Түркиянын жарандарынын арасында дүрбөлөң салбоо үчүн керек, анткени бул декабрь айында эле катталып жаткан экинчи жолку жарылуу.

Бир апта мурда 11-декабрда Стамбулдун борборунда эки жарылуу болгон. Соңку маалыматтар боюнча 38 адам каза таап, 160тайы жаракат алган. Жабыркагандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон.

Бул жардыруулар үчүн да жоопкерчиликти «Күрдистандын эркиндик шумкарлары» уюму алган болчу.

Анда биринчи жардыруу түндөсү «Бешикташ» түрк футбол клубунун стадионунун жанында жүз берген. Ага улай эле бир канча секундадан кийин дагы бир жардыруу болгон.

Взрыв на стадионе «Бешикташ».
«Бешикташ» стадионундагы жардыруудан кийин.

Түркиянын ИИМинин маалыматы боюнча, жарылуучу зат автомобилде болгон жана алыс аралыктан ишке киргизилген. Бирок окуяга күбө болгондордун билдиришинче, жарылуучу затты стадиондон өтүп бараткан машинадан белгисиз адамдар ыргытышкан.

Экинчи жардыруу алыс эмес жердеги паркта катталган. Ал, Түркиянын ИИМинин божомолу боюнча, жанкечти террористтин аракети болгон.

Сүрөт: Туран Дулут

ТЕМА БОЮНЧА:


Стамбулда эки жардыруу. Эмне белгилүү?