Кыргызстан: ЖМКдагы чет өлкөлүк үлүштү 35 пайыз менен чектөө аракети

Кыргыз парламентинин депутаттары ЖМКдагы чет өлкөлүк үлүштү 35 пайыздан ашпагыдай кылып чектөөнү сунуш кылып жатышат. Мурда алар чет өлкөлүк үлүш 20 пайыздан ашпасын деген сунуш киргизишкен эле.

Социалдык маселелер боюнча парламент комитети 20-декабрда ЖМКдагы чет өлкөлүк үлүштү чектөөнү сунуш кылган жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөрдү изилдеп чыкты.

Мыйзам долбоорунун азыркы версиясында демилгечилер — депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Таабалды Тиллаев жана Жыргалбек Турускулов — чет өлкөлүктөргө ЖМКнын үлүшүндө 20 пайыздан ашык ээлик кылууга тыюу салууну сунуш кылып жатышат.

Бирок комитеттеги талкуу учурунда Рыспаев чектөө 35 пайызды түзөөрүн жана түзөтүүлөр сыналгыга гана тиешелүү болоорун билдирди.

«Радиоканалдар жана интернет-сайттар үчүн чектөө киргизилбесин деген сунуштар келип түштү, ошондуктан биз телеканал ачкысы келген чет өлкөлүктөр үчүн гана чектөөнү калтырууну чечтик», — деди ал.

Рыспаев азыр Кыргызстанда ЖМКдагы чет өлкөлүк үлүш эч кандай чектелбей турганын айтты. Анын сөзү боюнча ЖМКны жөнгө салуунун мындай ыкмалары дүйнөлүк практикада колдонулат.

«Мисалы, ЖМК жөнүндө мыйзамда чет өлкөлүк түзүүчулөр үчүн чектөө каралган эмес, а бирок ар бир мамлекет эгемендигин жана коопсуздугун коргоо зарылдыгынан улам жок дегенде минималдуу шарттарды жана чектөөлөрдү белгилейт», — деди ал.

«Экстремизмге каршы күрөшкө жардам бербейт»

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко ЖМКдагы чет өлкөлүк үлүштү азайтуу экстремизм менен терроррчулукка бөгөт кое албай турганын белгиледи.

«Коопсуздук менен сөз эркиндигинин ортосундагы айырмага доо кетиргенге болбойт, ал эми ЖМКда чет өлкөлүк үлүштү азайтуу экстремизм менен терроррчулукка бөгөт кое албайт», — деди ал.

Никитенконун пикиринде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) түз милдетин аткарбай, саясий оппоненттерди каралап, башка пикири бар активисттер менен журналисттерди аныктоо менен алек.

Ал сунуш кылынган чектөөлөр жергиликтүү ЖМКларга өз контентин түзүүгө жардам бербейт деп эсептейт.

ЖМК жөнүндө мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөр

ЖМК жөнүндө мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл июнь айында сунуш кылынып, ал айдын аягында эле биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору үчүн 79 депутат добуш берген.

Түзөтүүүлөр кабыл алынса, уставдык капиталында 35 пайыздан ашык чет өлкөлүк үлүшү бар ЖМКлар документ күчүнө киргенден тартып бир жыл ичинде кайра катталып, чет өлкөлүк түзүүчүнүн үлүшүн азайтууга милдеттүү болот.

Мыйзам долбоорунун быйыл май айында талкууга чыккан биринчи редакциясында чет өлкөлүк тараптарга Кыргызстанда дегеле ЖМК түзүүгө тыюу салуу сунуш кылынган болчу.

Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан соң укук коргоо уюмдарынын жана ЖМКлардын өкүлдөрү митингге чыгып, мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууну талап кылышкан.

Журналисттердин жана коомдук ишмерлердин сын пикирине жооп катары Рыспаев мыйзам долбоорунун текстин өзгөртүп, ЖМКнын уставдык капиталындагы чет өлкөлүк үлүштү жана ЖМКнын чет өлкөдөн каржыланышын 20 пайыз менен чектөөнү сунуш кылган.

Сүрөт: YouTube