Аскаровдун иши: Айыптоочулар укук коргоочуну өмүр бою абакка кесүүнү кайрадан суранышты

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурумда соттогу тараптардын жарыш сөзү болду. Коргоочу тарап Аскаровдун күнөөсү жок деп эсептеп, аны бошотууу суранды. Мамлекеттик айыптоочу аны өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырууну өтүндү.

Аскаровдун иши боюнча жарыш сөз 20-декабрда башталды. Анын алдында укук коргоочунун өзүнө сөз берилди — анын айтымында, анын иши боюнча далилдерди Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери бурмалап коюшкан.

Өз сөзүндө Аскаров кайрадан укук коргоо органдары ага басым көрсөтүп, кыйноого алганына көңүл бурду.

«Менин соттогу ишим чоң басым, олуттуу зомбулук аракеттери, отурум залында кол салуу менен коштолду», — деди ал.

Соттолуучунун адвокаты Нурбек Токтакунов жарыш сөз учурунда Аскаровдун кармалышынын жана аны кыйноонун себептеринин бири — «милиция кызматкерлеринин өчү» экенин билдирди. Өзүнүн укук коргоочу катары жазган макалаларында Аскаров укук коргоо органдарындагы кыйноону жана зомбулукту чагылдырып келген.

Токтакунов судьядан айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү көп жагынан ар башка чыгып калып жатканына, ошондуктан Аскаровду соттош үчүн далил жетишсиз экенине көңүл бурууну суранды. Сөзүнүн жыйнтыгында Токтакунов укук коргоочуну актоону өтүндү.

«Эгерде сот Аскаровду актап чыкса, бул укук коргоо системасына кишини кыйнаган болбойт деген даана сигнал болот, бул сот реформасында алдыга ташталган кадам болуп калат. Эгерде аны актасаңар, адамдар аша чапкан туура эмес экендигин, колго чаба турган күч бар экендигин, жол-жобону бузганга болбой тургандыгын түшүнөт жана бул сот реформасын алдыга жылдырат», — деди Токтакунов.

Коргоочу тараптын башка өкүлү Айдар Сыдыков укук коргоочунун иши боюнча карама-каршылыктар боюнча бир катар жүйөлөрдү келтирди. Адвокат айыптоочу тараптын 36 күбөсүнүн ичинен экөө гана укук коргоочуну милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн көпүрөдөн көргөнүн айтышканын билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу коргоочу тараптын айтканына жооп катары прокуратура жөн эле бирөөнү абакка отургузууга эмес, күнөөкөрдү жоопко тартууга кызыкчылыкта экенин айтты.

Прокурорлордун бири Аскаровдун иши боюнча толук баалуу далилдер келтирилбегенин айткан адвокаттардын билдирүүсүнө таң калганын айтты. Прокурордун айтымында, айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү — далилдин өзү.

«Аскаров Базар-Коргондун милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштеринин бетин ачканы үчүн алар өч алып жатат деп адвокаттар ырасташууда. Бирок ага макул болгон күндө деле, 2010-жылы гана ишке орношкон дагы эки милиция кызматкеринин көрсөтмөсүн кантип түшүндүрөбүз? Алар Аскаров көпүрөдө милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө жана милициянын башчысы Мыктыбек Сулаймановду кармап алууга буйрук бергенин айтып жатышат. Күч органдарынын кызматкерлери качып кетип, Сулайманов жыгылып калганда, кол салгандар токтоп калып аны сабай башташкан жана ошол жерден өлтүрүшкөн», — деди прокурор.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, прокурор судьядан соттолуучунун азыркы жазасын күчүндө калтырып, анын мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

«Мен сот учурунда Аскаров Кудайдан коркуп жок дегенде кайсы бир күнөөсүн моюнга алабы дедим эле. Жок, баарын танып атат, болгондо да Куран кармап касам ичип атат. Мен сот коллегиясынан мурдагы инстанциялардын чечимин өзгөртүүсүз күчүндө калтырууну суранам», — деди ал.

Соттук териштирүү 10-январда эртең мененки саат 10до улантылат. Коргоочу тарап жана айыптоочу тарап репликаларын айтышат, андан кийин Аскаров акыркы сөзүн айтып, судья өкүмдү угузат.

Мурдагы отурумдар

Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин жети отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн уккан. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышкан.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышкан, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан эмес. Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышкан, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан эмес, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсүн жалган деп билдирген. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн уккан. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берген.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айткан. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышкан, бирок ал ошол жакта эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан эмес. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айткан.

Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айткан.

Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн уккан.

Туражанова Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын жана Азимжан Аскаровдун кармалышы менен сурагы кандай өткөнүн айтып берген.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылган.

Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берген, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышкан.

Төртүнчү отурумда Аскаров менен кошо соттолгон камактагылар суракка алынып, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан «көрсөтмө берүүдөн коркуп жатышканын» сотко айтышкан. Алар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылышканын айтып арызданышкан.

Күбөлөрдүн баары башаламандык болгон күнү көпүрөдө болушпаганын жана ал жактан Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышкан.

Бешинчи отурумда коргоочу тараптын бардык күбөлөрү — Аскаровдун кошуналары жана туугандыгы бар аял — жергиликтүү тургундар көпүрөдө кагылышып жатканда жана милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан маалда аны «үйдүн жанынан көрүшкөнүн» айтышкан. Алар 2010-жылы көрсөтмө бергиси келишкен эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн».

Алтынчы отурумда сот укук коргоо органдарынын эки өкүлүн жана укук коргоочу Азиза Абдирасулованы суракка алган. Аскаровдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчиси кыйноо колдонулбаганын жана «баары мыйзамдуу болгонун» айтып жаткан, укук коргоочу болсо Аскаров кыйноого алынганын айткан.

Жетинчи отурумда укук коргоочу өзү көрсөтмө берген. Аскаров бийликти чатак тууралуу эскерткенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айткан. Ал милициянын өлүмүнө өзүнүн күнөөсү бар экенин танып, тергөө маалында андан күнөөнү моюнга алган көрсөтмөлөрдү алыш үчүн кыйноого алынганын билдирген.

Сегизинчи жана тогузунчу отурумдарда сот укук коргоочунун тогуз томдук ишинин материалдарын бүт изилдеп чыкты — судья айыптоочу жана коргоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн окуду. Судья ошондой эле укук коргоочу тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин да окуду, ал жерде Аскаров «мыйзамсыз кармалганы» жана кыйноого дуушар болгону айтылган. БУУнун комитети Кыргызстандын жетекчилигине укук коргоочуну бошотууга кеңеш берген.

Соттун жүрүшүнөн тексттик трансляция:

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.