«Тентимиш-бир. Жылдыз согуштары: окуялар». Жүрөктө үмүт жанган козголоң

Бишкектин кинотеатрларында «Тентимиш-бир. Жылдыз согуштары: окуялар» аттуу фантастикалык фильм башталды. Бул баш каармандарын Фелисити Жонс жана Мадс Миккельсен ойногон жылдыз согуштары тууралуу баштапкы трилогиянын туундусу.

Кинотеатрларды жана көрүүчүлөрдү негизинен ашкере баатырдык фильмдер башкарып турган шартта, «Жылдыз согуштары. Күчтүн ойгонушу» чыккандан бери дүрбөлөң токтоп калганда «Жылдыз согуштарынын» ааламы боюнча жаңы фильмдин чыгышы керектүүдөй сезилет. Анын үстүнө бул фильм — номердик эпизоддордун катарына кирбей турган биринчи туунду. Ал алыскы галактика тууралуу баянды улантпай эле аны эң сонун толуктайт.

Бул жердеги баш каарман Жин Эрсону «Инферно» жана «Стивен Хокингдин ааламы» аттуу фильмдерден улам белгилүү болгон актриса Фелисити Жонс ойнойт. Сюжет боюнча Жин Эрсо жана анын командасы планеталарды жок кыла турган «Өлүм жылдызы» аттуу куралдын чиймесин уурдап чыгып көтөрүлүшчүлөргө бериши керек. Баарына эле үйүнө кайтып келүү буюрган эмес, бирок тараза ташында галактиканын тагдыры турат.

Бул фильм «Жылдыздуу согуштардын» эски жана жаңы үчилтиктерин бириктирүүгө тийиш.

Экинчи даражадагы ролдордо Мадс Миккельсен, Форест Уитакер жана Донни Йен сыяктуу жылдыздар тартылган.

Жаңы фильм мурдагыларынан балдар үчүн баянга окшобогону менен кескин айырмаланат, бизге болсо «Жылдыз согуштары. Күчтүн ойгонушу» тасмасын так ошондой көрсөтүшкөн. Бул фильм галактикалык масштабда болсо да согуштун дал өзүнө окшош, ал эми мурдагы жана жаңы трилогиянын фильмдери укмуштуу окуяларга көбүрөөк окшош болчу.

Фильм мурдагы трилогияда азыраак маалым болгон, мурда айтылбаган каармандардын окуясын көрсөтөт, ошондой эле көтөрүлүшчүлөр «Өлүм жылдызынын» чиймесин кантип уурдап чыгышынын сырын ачат.

Бирок фильм өз тамырынан алыс кетип, анда мурдагы фильмдерге бир да шилтеме жок деп ойлогон туура эмес. Фильмде аз убакытка болсо да Дарт Вейдер, R2-D2 жана Бейл Органдын кейипкери (канике Леянын багып алган атасы) көрүнө калат.

Күтүүсүз кайра тартылган учурлар

Disney студиясы фильмдин жарымын кайра тартты. Ал кезде The Hollywood Reporter басылмасы жазгандай, буга «Тентимиш-бир» аскердик киного окшобогону жана «Жылдыздуу согуштардын» маанайын бербегени себеп болгон.

Кызык жери, бул туунду башында аскердик драма катары эсептелип, юморду максат кылган эмес.

Көп кишилер «Тентимиш-бир» үчүн чочулай башташты, анткени ал кезде бул окуя экинчи даражадагы сыяктуу болуп көрүнүп турган. Балким ушул себептен улам «Тентимиш-бирди» жетинчи эпизодду күткөндөй күтүшкөн эмес, бирок ал бекер болуптур.

Кемчиликтеринин ичинен каармандардын жетишсиз ачылганын, Фелисити Жонстун ортозаар артисттик оюнун жана экинчи сорттогу терс каарманды белгилей кетсе болот. Биринчисин хронометраждын айынан кечирсе болот, бирок экинчиси менен үчүнчүсүн унутуп коюш кыйын. Жин Эрсо дээрлик фильм бүткүчө бети-башы өзгөрбөй жүрдү, терс каарман болсо бар, бирок эч нерсе менен эсте калбайт.

Баш каарман Жейн Эрсо.

«Тентимиш-бирге» мурда «Жылдыздуу согуштарга» эч кандай тиешеси болбогон Майкл Жакки́но композитор болду. Анын акыркы иштеринен жакында «Доктор Стрэнжге» жана «Стартрек: Чексиздик» фильмине жазылган саундтректерди атай кетсе болот. Ал фильмдердегидей эле, «Тентимиш-бирдеги» музыка жакшы, бирок эсте калбайт. Фильмде «Жылдыздуу согуштардын» мурдагы эпизоддорундагы тректер да колдонулат, бирок алар ашкере пайдаланылбаганы кубандырат.

«Тентимиш-бирдин» келечеги тууралуу айтсак, биринчи дем алышта 155 миллион доллар менен старт алганына карабастан, фильмдин сиквел-приквелдерге эч кандай шансы жок. Бул толук бүткөн окуя, анын уландысы болушу мүмкүн эмес.

Духу жагынан бул кинотасма «Катардагы Райанды сактоо» фильмине согуштук кагылыштары да, өлүм көрүнүштөрү да, фильмдеги сюжеттик бурулуштардын жоктугу да окшош. Албетте, ал күн мурунтан эле белгилүү болчу — кандай айткан күндө да «Тентимиш-бир» төртүнчү эпизоддогу приквел бойдон кала берет (анын сюжетин эске салып отуруунун зарылдыгы жок болсо керек).

«Тентимиш-бир. Жылдыздуу согуштар: окуялар» фильми — түзүк согуш киносу, ага барып келсе болот. Режиссер Гарет Эдвардс кемчилик кетирсе да жүз пайыз жакшы же жаман каармандары жок согуш маанайын берүүгө жетишкен.

Фильм согушта баары боло берээрин так көрсөтүп, «Жылдыздуу согуштардын» алыскы галактикасынын ааламына эптүү жалгашкан кинотасманы түзүп чыгат.

БЕРИЛГЕН БАА
«Тентимиш-бир. Жылдыздуу согуштар: окуялар»
tentimish-bir-zhyldyz-sogushtary-okuyalar-zh-r-kt-m-t-zhangan-kozgolo«Тентимиш-бир. Жылдыздуу согуштар: окуялар» фильми — түзүк согуш киносу, ага барып келсе болот. Режиссер Гарет Эдвардс кемчилик кетирсе да жүз пайыз жакшы же жаман каармандары жок согуш маанайын берүүгө жетишкен. Фильм согушта баары боло берээрин так көрсөтүп, «Жылдыздуу согуштардын» алыскы галактикасынын ааламына эптүү жалгашкан кинотасманы түзүп чыгат.