Цукерберг кантип «Темир кишиден» Жарвисти жасап чыкты?

Марк Цукерберг «Темир кишиден» жасагандай кылып Жарвис аттуу жасалма интеллект жасап чыкты. Ал «Facebookтун» башкы директорунун үйүн башкарып, ага музыка коюп берет, атайын замбирекчеден таза боз футболкаларды бүркүп чыгарып берип турат.

Цукерберг бир жыл мурун жасалма интеллект жасап чыгуу максатын койгон

Ар бир жылдын башында Марк Цукерберг кийинки 12 айга өзүнө максат коет. 2010-жылы анын максаты мандаринди (кытай тилинин диалектин) үйрөнүп чыгуу болгон, 2015-жылы болсо айына экиден китеп окугусу келген.

Быйыл Цукерберг өзүнө «Темир кишиден» жасагандай жасалма интеллект жасап чыгууга убада берген. Негизи ал үйдөгү жарыкты, камераларды жана музыканы башкарып турушу керек болчу.

Бул дүйшөмбүдө, 19-декабрда, «Фейсбуктун» негиздөөчүсү долбоор аяктаганын билдирип, Жарвисти жаратуу процесси сүрөттөлгөн пост чыгарды (Жарвис — жардамчы Темир кишинин урматына аталган жасалма интеллект).

Жарвистин колунан эмне келет?

«Акылдуу үйгө» туташкан жасалма интеллекттен күтүлгөн нерселердин баары келет. Ал жарыкты жандырып-өчүрүп, музыканы иштетип-токтотуп, тост кууруп, эшик ачып берет (анда адамдын жүзүн тааный турган иш милдети бар). Мындан тышкары, Жарвис атайын модификацияланган замбирекчени пайдаланып Цукербергге анын көнүмүш боз футболкаларын бүркүп берип турат.

Жарвистин иш милдеттеринин ичинде анча иштиктүү эмес жөндөмдөр да бар. Мисалы, Цукерберг аны жөнөкөй оюнга үйрөтүп койгон: ал өзү же аялы Присцилла жасалма интеллекттен «кимди кытыгыласа болот» деп сурашат, Жарвис болсо туш келди «Макс» же «Бист» деп жооп берет (алардын кызынын жана итинин аты).

Цукерберг Жарвисти кантип жасаган?

Цукерберг өзү Жарвисти жасоо процесси беш чоң блокко бөлүнгөнүн жазган: бириккен үй, нукура тил, беттерди жана объектилерди тааный билүү, Facebook Messenger үчүн бот жана кепти тааный билүү.

Jarvis үй системалары менен колдонуучулук түзмөктөрдүн ортосундагы байланыш каражаты болуп эсептелет.

Биринчиден, иштеш үчүн Жарвис бүт үйдөгү түзмөктөрдүн бирдиктүү системасына (жарыктандыруу лампалары, камералар, тиричилик техникасы) жеткилиги болуш керек.

Экинчиден, жасалма интеллект нукура тилди түшүнүшү зарыл, мисалы «Канье Уесттин бир нерсесин ойноп берчи» дегенди түшүнө билүүгө тийиш.

Үчүнчүдөн, Жарвис Цукербергге коноктор жөнүндө кабар берип же үйдөгү үй-бүлө мүчөлөрүнүн кайсы жерде экенин айтып бериш үчүн адамдарды бетинен таанышы зарыл.

Төртүнчүдөн Цукерберг Жарвис менен бир түзмөктөн эле эмес, каалаган телефондон сүйлөшкүсү келген. Бул үчүн ал Facebook Messengerде чат-бот түзүүгө туура келди.

Акырында Жарвис оозеки кепти таанып, үн менен жооп бериши керек болгон.

«Жасалма интеллект биз ойлогондон жакын дагы, алыс дагы»

Facebookтун башчысы белгилегендей, Жарвисти түзүүдөгү анын максаты азыркы дүйнөдөгү жасалма интеллекттин абалы тууралуу көбүрөөк билүү болгон. Анын айтымында, жасалма интеллект бир топ маанилүү нерселерди жасай алат — машиналарды башкарып, ооруларды дарылап, планеталарды ача алат.

Бирок заманбап жасалма интеллекттин маселеси адамдардын өзүндө катылган. Биз интеллект эмне экенин дагы эле билбейбиз жана бул суроого жооп тапмайынча, чыныгы жасалма интеллект жарата албайбыз.

Жарвисти ким үндөштүрөт?

Цукерберг Жарвис кимдин үнү менен сүйлөөрүн айткан жок, бирок ар кандай божомолдорго негиз бар.

Быйыл октябрда ал «Фейсбуктагы» өз баракчасында Жарвисти үндөштүрүш үчүн кимди чакырса болоорун сураган. Адамдар ага Морган Фриманды, белгилүү окумуштуу Нил Деграсс Тайсонду жана Темир кишинин өзүн аткарган кичүү Роберт Даунини сунуш кылышты.

Кызык жери актер бул комментарийге жооп берип, эгерде өнөр акысын Пол Беттани ала турган болсо (Темир киши тууралуу фильмдерде Жарвисти үндөштүргөн) сунушка да макулдук бергендей болду.

Бирок Цукерберг да, Facebookтун өкүлдөрү да Жарвисти кичүү Дауни үндөштүрдү беле деген журналисттердин суроосуна жооп беришкен жок.