Муфтият молдолордун баарына жаш жете электердин никесин кыюуга тыюу салды

Кыргызстандын башкы муфтийи Максат Токтомушев жашы жете электердин никесин кыюуга тыюу салган чечим чыгарды. Чечим жашы жете электердин никесин кыюуга тыюу салган түзөтүүлөр күчүнө киргенден кийин чыкты.

Чечим муфтиятта катталган молдолорго жашы жете электердин никесин кыюуга тыюу салат, деп билдирет Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Үй-бүлөлүк жана Кылмыш кодекстерине киргизилген түзөтүүлөр 18-декабрда күчүнө кирген. Аларга ылайык, молдо жубайлар ЗАГСтан никеси катталганы тууралуу документ алып келмейинче аларга нике кыя албайт.

Жаңы эрежелерди бузгандыгы үчүн жашы жете электердин ата-энеси, күйөө бала жана дин кызматкери беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Дин кызматкери нике тууралуу журнал алып барышы керек, ал мыйзам бузулган учурда сотто далил катары кызмат кылышы мүмкүн.

Түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова демилге көтөргөн.

Ал Үй-бүлөлүк жана Кылмыш кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 2015-жылдын декабрында сунуш кылган.

Бирок парламент мыйзам долбоорун 2016-жылдын майында четке кагып, бул жарандык активисттердин нааразылыгын пайда кылган — блогер Данияр Айтман депутаттарды «педофилдер» деп, укук коргоочулар менен кризистик борборлордун өкүлдөрү болсо 30-майда Өкмөт Үйүнүн алдына митингге чыгышкан болчу.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандардын дагы бир бөлүгү Кылмыш кодексинде жашы жете электер менен байланышкандар үчүн ансыз деле жаза бар экенин айтып, дагы бир ченемдин кереги жок деп эсептеген.

Бирок өзгөртүүлөрдү жактагандардын талабы менен мыйзам долбоору үчүнчү окуудагы кароого кайтарылып, аны адегенде парламент жактырып, кийин ага президент кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:


Өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салуу: Депутаттар мыйзам долбооруна каршы добуш беришкенин кантип түшүндүрүштү?