«Азия Микс» КВНдин чемпиону

«Азия Микс» кыргыз командасы биринчи жолу 2016-жылдын сезонунда жеңип чыгып, КВНдин Жогорку лигасынын чемпиону болду. Бул Борбордук Азиядан чыккан команда Жогорку лигада жеңип жаткан алгачкы учур болуп эсептелет.

Элдияр Кененсаров башчылыгында турган «Азия Микс» тобу КВНдин Жогорку лигасынын 30-сезонунун финалында жеңишке жетти.

https://www.instagram.com/p/BOXqSGNjlRJ/

Кыргыз командасы казак командасы «Спартаны», Москва циркинин курамасы менен Мурманск жана Ярославлдын курамаларын артта калтырган. «Азия Микс» астаналык «Спартаны» 0,3 упай артта калтырып жалпы 10,9 упай алган.

«Азия Микс» – КВНдин Жогорку лигасында жеңишти багындырган борбордук азиялык алгачкы команда.

https://www.instagram.com/p/BOX2yfzgjOK/

Жогорку лигада эң көп чемпион болгон команда бул Орусияныкы – 21. Украинанын командасы беш жолу, Арменияныкы үч жолу, Беларустуку болсо эки жолу чемпион болгон. Ал эми Азербайжан менен Абхазиянын командалары бир жолудан чемпион болгон.

Байге катары жеңген команда 700 миң рубль өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болот.