Кайрат Примбердиев «Голостун» финалына өттү [+видео]

Кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев Орусиянын Биринчи каналында өткөрүлгөн «Голос» долбоорунун финалына өттү. Ал «Кыял кыздар» мюзиклиндеги 'And I Am Telling You I'm Not Going' ырын аткарган.

Кайрат Примбердиев өзүнүн атаандашы Олег Кондраковду артта калтырып «Голостун» финалына жолдомо алды. Улуттук добуш берүүдө Кайрат 58.8 пайыз, ал эми насаатчысы Дима Биландан 60 пайыз добуш алган.

Кыргыз ырчысы жарым финалда 'And I Am Telling You I'm Not Going' ырын аткарган. Бул ыр Женнифер Хадсондун аткаруусунда 1981-жылдагы «Кыял кыздар» мюзиклинде жаңырган.

Кайрат ошондой эле өзүнүн атаандашы Кондраков жана музыкант Николай Носков менен Носковдун «Паранойя» ырын аткарышкан.

Мурдагы баскычтардан айырмаланып, жарым финалда жеңүүчү СМС-добуш берүү менен аныкталат. Насаатчынын берген упайы телекөрүүчүлөрдүн добуштары менен кошулуп эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжалары менен ар бир насаатчынын командасынан бирден катышуучу финалга жолдомо алат.

Финалда командалардын насаатчылары өз ара жарышка чыгат. Ар бир командадан финалга өткөн ырчы өз насаатчысы менен дуэт аткарып, эки ырды өзү жалгыз ырдайт. Финалист ошондой эле көрүүчүлөрдүн добушу менен да тандалат.

Бул 2012-жылдан бери «Биринчи каналда» чыгып келаткан «Голос» вокалдык долбоорунун бешинчи сезону. Бул көрсөтүү голландиялык «The Voice of Holland» долбоорунун ылайыкташкан түрү болуп саналат.

Долбоорго адис музыканттар катышып, каалаган музыкалык жанрда өнөр көрсөтө алаарын калыстарга далилдешет. Сынакта катышуучулар «Тыңшоо», «Эрөөл», «Нокаут», чейрек финал, жарым финал жана финал баскычтарынан өтүүсү керек.

'And I Am Telling You' Женнифер Хадсондун аткаруусунда