Балдар спортундагы педофилия: 2016-жылдагы үрөй учурган жаңжалдар

Спорт дүйнөсү 2016-жылы педофилияга байланыштуу эки ири үрөй учурган жаңжалга күбө болду. Спорт федерациялары «кооптуу машыктыруучулар» жөнүндө билип, жадагалса ата-энелерден да арыздарды алган. Бирок алар мунун баарына көз жумуп келишкен. Анткени алар өздөрү алектенген спорт түрүнүн аброюна шек келтиргиси келген эмес.

Америкалык гимнасттар

Ушул жылдын августунда Риодогу Олимпиада оюндарынын алдында Америкада жаңжал чыккан. Indianapolis Star гезитинин журналисттери макала чыгарып, анда алар жаш гимнасттарга карата машыктыруучулардын сексуалдык зомбулук көрсөткөнү боюнча факттарды келтиришкен.

Бул макала чоң резонанс жаратып, АКШнын гимнастика федерациясы боюнча суроо туудурган. Бирок федерациянын башчысы Стив Пенни мекеме көп жылдар бою педофил тренерлерди жаап-жашырганы боюнча айыптоолорду четке каккан.

В качестве иллюстрации использован кадр из сериала «Гимнастки» (Make It or Break It).
Сүрөт иллюстрация: «Гимнасттар» сериалынан кадр (Make It or Break It).

Кыздар гимнастикага 3-4 жашында келет, ал эми Олимпиадага болсо 16 жашынан баштап катыша алышат. Гимнастикадагы машыктыруучу ар бир үй-бүлө үчүн баланын медалы жана ийгилиги үчүн «дос жана үмүт» болуп саналат. Ал эми машыктыруучудан болсо федерациянын кадыр баркы көз каранды.

Журналисттердин айтымында, Американын гимнастика федерациясы көп жылдар бою жабыр тарткан кыздардын жана алардын ата-энелеринин арыздарына жооп берген эмес. Бардык арыздар эч ким ачып карабаган өзүнчө папкага салынып турган. Папкадагы арыздар 2006-жылы 54 кишиге карата жазылганын көрсөткөн. Андан кийин ушундай арыздардан канчасы жазылганы белгисиз.

«Прокуратурада айран калышкан. Алар мындай болот деп ойлошкон эмес. Менин кызым азыр 26да. Ал 10-11 жаш курагында ушундай болгон. Муну токтотуу үчүн федерация да эч нерсе кылган жок», — деген жабыр тарткандардын биринин энеси Жин Робинсон.

Арыздар сексуалдык зомбулук, өспүрүмдөрдү азгыруу жана балдардын порнографиясын жарыялоо боюнча жазылган. Бирок машыктыруучулар кыздарга мунун баары кыздардын физикалык жөндөмдөрү тууралуу билүү үчүн жана машыгууларды сабаттуу уюштурууга керек деп ишендиришкен.

Архивди карап чыккан журналисттер соңку 20 жылдан бери жаш спортчу кыздарга карата колдонулган 368 зомбулук учурун таап чыгышкан. Гимнастика федерациясы өз спорт түрүнүн имиджин сактоо үчүн бийликке ата-энелердин арыздарын бербей жүргөн. Колдонулган чара эң көп болсо машыктыруучунун залын алмаштырып койгон, бирок ал балдар менен иштөөсүн уланта берген.

Мисалы 2010-жылдын мыкты машыктыруучусу Марвин Шарп. Анын үстүнөн жазылган арыздар 2011-жылдан тарта келе баштаган. Бирок федерация аларга көңүл бурбоону артык көргөн. Шарп болсо 2015-жылы камалганга чейин машыктыруучулук ишин уланта берген.

Тренера Марвина Шарпа арестовали в 2015 году. Он покончил с собой в камере. Фото: Indianapolis Star
Машыктыруучу Марвин Шарп 2015-жылы камалгандан кийин ал абакта өз жанын кыйган. Сүрөт: Indianapolis Star

Же болбосо Жеймс Белл. Анын үстүнөн арыздар 90-жылдардан тартып эле келе баштаган, бирок аны 2015-жылы гана камакка алышкан.

Бир канча машыктыруучу өзүнүн абак мөөнөтүн алган, бирок муну менен баары бүтүп калган эмес. Педофил машыктыруучулардын курмандыктары өздөрү тууралуу жарыялап, зомбулук фактыларын жаап-жашыргандарга карата да чара көрүлүүсүнө чакырып келишет.

Англиялык футболчулар

Ноябрдын аягында англиялык футболчулардын мекенинде ири жаңжал чыккан. Баары «Крю Александра», «Бери» жана «Шэффилд Юнайтеддин» мурдагы оюнчусу, 43 жаштагы Энди Вудворддун билдирүүсүнөн кийин башталган.

BBCге курган маегинде Вудворд «Крю Александрада» тарбияланып жүргөн төрт жыл аралыгында өзүнүн машыктыруучусу Барри Беннел тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирген.

Тренер Барри Беннел годами подвергал насилию юного футболиста и даже женился на его сестре.
Машыктыруучу Барри Беннел көп жыл бою жаш футболчуга зомбулук көрсөтүп, анын бир тууган эжесине үйлөнүп алган.

«Мен футбол, ойночумун, ал эми машыктыруучу бир канча машыгууну чогуу өткөрүүнү сунуштады. Баары орунсуз кол тийгизүүдөн башталып, андан кийин ал мени зордуктап койду», — деген футболчу.

Бала 14 жашында болгондо педофил машыктыруучусу анын 16 жаштагы эжесине үйлөнүп алган. Вудворддун айтымында, бул факт анын психикасын толугу менен начарлаткан. Ал зомбулук тууралуу чоңдорго айтып бере алган эмес, анткени Беннел анын футболдук карьерасына балта чаап салам деп коркуткан.

Ал бир топ жыл өткөндөн кийин эми гана качан Беннел тор артына камалган соң айта алган.

Беннел 90-жылдарда «Крю Александрада» иштеген кезде жаш футболчулардын ата-энелери сексуалдык зомбулук боюнча билдиришкен. Бирок ал кызматынан алынган эмес, болгону анын өзүн жалгыз балдар менен калтырышкан эмес. Кийинчерээк педофил машыктыруучу камалган.

Вудворд башынан өткөргөн окуясын айтып бергенден бир канча күн өткөн соң «Крю Александранын» мурдагы оюнчусу, 44 жаштагы Стив Уолтерс дагы Беннелдин сексуалдык зомбулугу тууралуу үн каткан.

Уолтерс The Guardianга курган маегинде Вудворд сыяктуу эле машыктыруучу тарабынан кыйноого кабылганын айткан. Эң перспективдүү жаш футболчулардын бири болуп туруп өзүнүн карьерасын талкалап алуу коркунучунан улам таасирдүү машыктыруучусунун зомбулуктары тууралуу айтып бере алмак эмес.

Уолтерс 17 жашында катуу ооруга кабылган. Дарыгерлердин айтымында, ал жыныстык жол менен жуккан болушу ыктымал. Натыйжада ал эң төмөнкү баскычта ойноп, алган күчтүү психологиялык жаракаты болсо аны бир нече жолу өз жанын кыюуга алып барган.

Үрөй учурган ушул сыяктуу билдирүүлөр күн сайын көбөйө берген. Жаңжал чыккандан кийин ачылган атайын номурларга күнүнө жүздөгөн телефон чалуулар болгон.

Стив Уолтерс нашел в себе силы признаться в том, что подвергался сексуальному насилию со стороны своего тренера. Фото: The Guardian
Стив Уолтерс. Сүрөт: The Guardian.

Зомбулук көрсөткөндөрдүн арасында Беннел эле эмес башкалардын да аты аталган. Бул болсо мындай көрүнүштүн ири масштабынан кабар берет.

Англиянын футбол ассоциациясы бул иштер боюнча өзү иликтөө иштерин баштаганын айтып чыкты. Белгилүү болгондой, балдарга карата зомбулук көрсөтүү «Манчестер Сити», «Сток Сити», «Ньюкасл» жана башка англис клубдарында катталган.

The Telegraph белгилегендей, клубдар өспүрүмдөргө карата колдонулган сексуалдык зомбулуктар тууралуу билген, бирок жаш футболчулардын оозун жабуу үчүн акча төлөп коюуну чечкен.

Учурда өспүрүмдөргө карата зомбулук боюнча иликтөө иштери уланууда жана ал барган сайын жаңы факттар менен толукталууда.

Иликтөө бир гана футболду эмес, спорттун башка түрлөрүн да камтышы мүмкүн.

Башкы сүрөт: Англиянын футбол ассоциациясы/TheFA.com