Орусиянын ТУ-154 учагы Кара деңизде кыйрады. Эмне белгилүү?

Учак асманга көтөрүлгөндөн 20 мүнөт өткөндөн кийин кыйраган. 92 жүргүнчүнүн ичинде Биринчи каналдын, «Звезда» жана НТВ каналдарынын операторлору, «доктор Лиза» катары таанымал коомдук ишмер Елизавета Глинка жана Александров атындагы музыкалык ансамблинин артисттери болгон.

Кыскача:

  • Орус коргоо министрлигинин кабарлашынча, ТУ-154 учагы Сочинин аймагында Кара деңизде кыйраган;
  • Учактын бортунда 92 адам болгон: аскерлер, жунралисттер жана Александров атындагы музыкалык ансамбли болгон. Алар Сириядагы орусиялык аскерлерге жаңы жылдык концерт тартуулоо үчүн Сирияга учуп баратышкан;
  • Каза болгондордун арасында Биринчи каналдын, «Звезда» жана НТВ каналдарынын операторлору, «доктор Лиза» катары таанымал коомдук ишмер Елизавета Глинка болгон;
  • Учак кыйраган жер менен каза болгондордун сөөктөрү табылган;
  • Орусиядагы маалымат агенттиктеринин булактарынын кабарлашынча, учак бузулгандыктан же учкучтун катасынан улам кыйраган.

Кененирээк:

Орусиянын коргоо министрлиги кабарлагандай, ТУ-154 учагы Подмосковьеден Сирияга Москва убактысы боюнча саат 5:20да учуп, 20 мүнөттөн кийин (5:40) радардан чыгып кеткен.

Учактын бортунда 92 адам болгон. Алардын арасында аскер кызматкерлери, журналисттер жана Александров атындагы музыкалык ансамблинин артисттери болгон. Алар Сириянын Хмеймим авиабазасындагы орус аскерлерине жаңы жылдык концерт тартуулоо үчүн жолго чыгышкан болчу.

Авиа кырсык факты боюнча кылмыш иши козголгон.

  • Кыйроонун курмандыктары

Кыйроо болгон жерден жети адамдын сөөгү табылган. Артур Лебедев менен Нина Зоотованын сөөктөрүн таанышкан.

Фото: НТВ
Сүрөт: НТВ

Бортто баары биригип, соңку маалыматтарга караганда, 92 адам болгон. Анын ичинен 68и Александров ансамблинин артисттери болгон.

Ансамблдин солисти Вадим Ананьев уулдуу болгондуктан кесиптештери менен барбай калган. Ошондуктан ал тирүү калган.

Жүргүнчүлөрдүн арасында коомдук ишмер Елизавета Глинка да болгон (Доктор Лиза деген ат менен белгилүү, Украинанын аймагындагы Донбастагы аскердик салгылашуу убагында балдарды алып чыгып кеткенден кийин таанымал болгон). Муну анын жолдошу тастыктаган.

Биринчи каналдын басма сөз кызматы жүргүнчүлөрдүн арасында телеканалдын үч кызматкери болгонун ырастаган: корреспондент Дмитрий Рунков, оператор Вадим Денисов жана үн оператору Александр Сойдов.

Телеканал «Звезда»Телеканалы да кыйраган учактын бортунда үч кызматкери болгонун кабарлаган: телеканалдын корреспонденти Павел Обухов, оператор Александр Суранов жана оператордун жардамчысы Валерий Ржевский.

Телеканал "Звезда"

Названы имена членов съемочной группы телеканала «Звезда» на борту Ту-154

25 декабря 2016, 10:18

Телеканал «Звезда» публикует имена членов своей съемочной группы, которая должна была находиться на борту Ту-154, потерпевшего крушение в акватории Черного моря у берегов Сочи. Корреспондент «Звезды» Павел Обухов, оператор - Александр Суранов, и помощник оператора - Валерий Ржевский.

... Подробнее »

 

НТВ да өз кызматкерлеринин набыт болгонун ырастаган.

Жүргүнчүлөрдүн толук тизмеси Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында жарыяланган.

  • Кыйроо болгон жер

Издөө-куткаруу кызматынын мүчөлөрү ТУ-154 учагынын болжолдуу кыйраган жерин табышкан.

«Жээктен 6-8 километр аралыктагы акваторияда майдын тагы табылган, ошол жер учактын болжолдуу кыйраган жери болушу мүмкүн. Ал жакка куткаруучулар жөнөтүлдү», — деп кабарлайт «Интерфакс» өз булагына шилтеме жасоо менен.

Орусиянын ӨКМси да учак кыйраган жер табылганын ырастаган.

  • Кырсыктын келип чыгуу версиялары

«Интерфакс» маалымат агенттигинин булагы учактын кыйроосу боюнча бир нече версияларды божомол келтирген.

Анын айтымында, Сочинин аэропортунан алыс эмес жерде көчүп конгон канаттуулардын станциясы жана орнитопарк жайгашкан.

«Канаттуу учактын кыймылдаткычына кирип кеткен болушу мүмкүн», — деген ал.

Кыйраган учак урандыларындагы майдын тагы күйүүчү майдын сапатынын начар экенинен кабар бериши да мүмкүн.

«Учактын техникалык жактан бузулушунан тышкары майдын сапаты боюнча версия да каралууда», — деген ал.

Орусиянын ӨКМси Сочиге «Центроспас» отрядынан жана «Лидер» борборунан куткаруучуларды жана сууда сүзүүчүлөрдү жөнөткөн. Адистер ТУ-154 учагы кыйраган аймактагы Коргоо министрлигинин издөө иш аракеттеринде катышмакчы.

Сүрөт: Антон Громов / LiveJournal