Сүрөт: Өрттөнүп кеткен Center Barдан эмне калды?

Айтылуу оюн-зоок ишканасы Center Bar 25-декабрда күйүп кеткен. Өрттү төрт топтон турган өрткө каршы кызмат жети саат ичинде өчүргөн. Бул күнү барда Жаңы жыл алдында тазалап жыйнаштыруу иштери жүргөнү үчүн гана эч ким жабыркаган эмес.

Өрт Исанов көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишиндеги имараттын экинчи кабатындагы бардын техникалык бөлмөсүнөн чыккан. Бул имаратта совет мезгилинде «Айпери» сулуулук салону жайгашчу — азыр деле ошол ат менен белгилүү.

Техникалык бөлмөдөн өрт негизги залга өткөн. Бул күнү мекемеде жаңы жыл алдында тазалоо иштери жүрүп жаткан, ошондуктан кардарлардын эч кимиси жабыркаган эмес.

Бардын администратору Алик Ахметов Kloop.kgге өрт шыптан тамчылап турган белгисиз күйүүчү аралашманын айынан чыкканын айтты.

«Кечээ залды тазалап жүргөн кызматкерлер түтүн чыгып жатканын айтышты. Биз залдын жанындагы техникалык бөлмөдө түтөп жаткан жерге чыктык. Кызматкерлер шыптан күйүүчү аралашма тамчылап жатканын көрүштү. Аралашма буюмдарга таамп, от ошол жерден каптай баштады», — деди ал.

Имараттан чыккан түтүн көчөдөн көрүнүп жаткан, анткени от шахта боюнча жогору жылып, чатырга жеткен.

«Ал жакта коммуникациялык шахталар бар, өрт ошол жактан залга кирип барса керек. Бул оттун чыга турган бирден-бир жагы. Биз бир топ материалдык зыян тарттык. Азыр бул жерде эксперттер иштеп, өрттүн себебин издеп жатышат. Жакын арада так маалымат пайда болот деп үмүттөнөм», — деди ал.

Өрттөн Center Bar гана жабыркады. Коңшулаш жайгашкан LiveBar Roomsтун кызматкерлери алардын имараты жабыркабаганын билдиришти.

Бардан түтүн чыгып жатканы тууралуу кабар өрт өчүрүү кызматына 14:20да келип түшкөн. Өрттү өчүргөнү төрт топтон турган өрт өчүрүүчүлөр келип, отту 15:54тө көзөмөлгө алышкан. Өрт жети сааттан кийин гана 21:14тө толук өчүрүлгөн.

Бардагы техника, эмерек, жасалга буюмдары күйүп кеткен, күбүлүп түшкөн шып күйүп кеткен столдордо жана креслолордо упаранып жатат. Бардын ортосунда белектери менен жаңы жылдык балаты кол тийбеген боюнча турат.

Өрттүн себептери жана зыяндын өлчөмү аныкталууда.

Сүрөт: Метин Жумагулов