Саляновага каршы Елисеевдин лицензиясы боюнча иш козголду

Башкы прокуратура «Ата Мекендин» депутаты Аида Саляновага каршы иш козгоду. Иш Максим Бакиевге жакын юрист Алексей Елисеевге берилген лицензия менен байланыштуу. 

Иштин козголгону тууралуу 26-декабрда белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Иш Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү — кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон.

Көзөмөл органынын билдирүүсү боюнча, иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогулткан материалдардын негизинде козголгон жана Максим Бакиевдин өнөктөшү юрист Алексей Елисеевге лицензия берүү менен байланыштуу.

2010-жылы Салянова юстиция министри болуп турган, ал иштеп турган кезде мекеме Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узарткан.

Бул факты боюнча кылмыш ишин Башкы прокуратура ноябрдын аягында эле козгогон. Анда башкы көзөмөл органы Елисеевдин лицензиясы мыйзамсыз жаңыртылган деп эсептээрин билдирген.

Салянованын ишин Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы иликтейт. Салянова өзү да 2011-жылдан 2015-жылга чейин башкы прокурордун кызматында иштеп турган.

Депутат өзүнө каршы козголгон иште кылмыш курамы жок экендигин, өз кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргой тургандыгын «Азаттык» үналгысына айтты.

Азыр Салянова учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы оппозицияда жүрөт. Аны менен пикир келишпестик Салянованын күйөөсүнө «көмүр жеткирүүдө алдамчылык кылды» деп айып коюлгандан кийин башталган.

Андан соң Салянова «Ата Мекен» фракциясына кирип, анын башчысы, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр тууралуу маселеде колдоп чыккандан кийин анын Атамбаев менен болгон чатагы күчөгөн.

Кыргызстанда Алексей Елисеевди «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы» үчүн алты жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан.

Елисеевди бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен байланыштырып жүрүшөт. Юрист кичүү Бакиевдин Өнүгүү, инвестициялар жана иноовациялар боюнча борбордук агенттик (ӨИИББА) боюнча өнөктөшү болгон.

Юрист Бакиевдин режими бийликтен кулатылган 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.