Ырчы Жорж Майкл дүйнөдөн кайтты

Британ музыканты 54 жашында өз үйүндө көз жумду. Полиция артисттин өлүмүндө шектүү эч нерсе тапкан жок. Ырчы жаңы альбомун чыгарууну пландап жүргөн.

Жорж Майкл Англиянын Оксфордшир графтыгындагы өз үйүндө дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмү тууралуу басма ээси кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, анын өлүмүндө шектүү эч нерсе болгон эмес. Жорж Майклдын үй-бүлөсү азырынча анын өлүмү тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Декабрды Жорж Майкл жетинчи студиялык альбомунун үстүнөн иштөөгө арнаган. Ал продюсер Naughty Boy менен иштешкен. Жаңы альбом жазылып бүткөн-бүтпөгөнү тууралуу азырынча эч нерсе белгисиз. Музыканттын Symphonica аттуу акыркы альбому 2014-жылы чыккан.

Жорж Майкл — белгилүү британ ырчысы, Gremmy сыйлыгынын ээси, өз альбомдорунун 100 миллион көчүрмөсүн сатууга жетишкен.

Жорждун өз аты — Йоргос Кириакос Панайоту. Ал 1980-жылдары, Wham! менен дует ырдап жүргөн кезинде аты чыккан.

Так ушу Wham! тобуна эң таанымал жаңы жылдык хиттердин бири таандык.

Башкы сүрөт: The Daily Beast