Баптист аялдын сөөгүн кайра көмүү боюнча төртүнчү шектүү кармалды

Көзү өткөн 76 жаштагы баптист аялдын денесин кор кылууга шектелген дагы бир адамды милиция кармады. Сөөктү казып алып, кайра жерге берүү боюнча жалпы беш адам соттолууда.

Дүйнөдөн кайткан 76 жаштагы баптист аял Каныгүл Сатыбалдиеванын кызы Жылдыз Азаева Kloop.kgге билдиргендей, апасынын кайра көмүлүшү боюнча шектелип жаткан төртүнчү адам 27-декабрда кармалган.

Учурда дагы бир адам издөөдө. Баары биригип шектелгендердин саны беш, ал эми сотто сурак бергендер болсо үчөө. Алардын баары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун тургундары.

«Менин адвокатым дагы бир шектелип жаткан адамдын кармалганын мага айтты. Ал издөөдө жүргөн. Бирок ал иш боюнча өтө элек. Сотто азырынча үчөөнү гана айыптап жатышат», — деди Азаева.

Чүй облустун ИИБнин өкүлү Нурбек Токтосуновдун Kloop.kgге билдиришинче, шектүүнү Бишкектен экстремизмге каршы 10-бөлүмдүн кызматкерлери кармашкан.

«Ооба, биздин кызматкерлер Бишкекте кармашкан, бирок бардык комментарийди ИИМ берет», — деди ал. Макала чыгып жаткан убакта ИИМдин өкүлү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калды.

Кайра жерге берүү боюнча сот

Маркумдун сөөгүн кайра көмүү боюнча биринчи соттук отурум 27-декабрда башталган.

Учурда үч киши сурак берип жатышат. Алар Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 263-беренеси «Маркумдардын сөөгүн жана алар көмүлгөн жайларды кор кылуу» боюнча айыпталууда. Калган экөөнө азырынча айып тагыла элек.

Тергөөнүн версиялары боюнча, беш адам 76 жаштагы маркум көпчүлүк жергиликтүү тургундар сыяктуу мусулман эмес, баптист болгондуктан улам анын сөөгүн мыйзамсыз казып алып, кайра көмүшкөн.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева Kloop.kgге айткандай, биринчи отурумга бардык күбөлөр келбегендиктен сот 4-январга жылдырылган.

«Процесс башталды, бирок бардык эле күбөлөр келе алган жок. Баары биригип 16, биз тараптан үч күбө, айыпталып жаткандардан 13. Алардын көпчүлүгү келген жок», — деди ал.

Азаева энесинин сөөгүн кор кылуу боюнча жергиликтүү аким Сонунбек Акпаралиев жана имам Шумкарбек Чыналиев жоопкерчилик тартышы керек деп эсептейт. Айтымында, аткаминер аракетсиздикке барган болсо, ал эми имам кайра көмүү үчүн элди «козуткан».

Дини үчүн кайра көмүү

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын кайра көмүлүшү боюнча жаңжал 2016-жылдын октябрында башталган. Ага Сары-Талаа айылындагы мусулман көрүстөнүнө анын денесин жергиликтүү тургундар көмдүрбөй койгону себеп болгон.

Жергиликтүү тургундардын кыжыры келишине Сатыбалдиеванын дини түрткү болгон — ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманган.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат сурап акимиат менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып бир нече күн жүргөн.

Жергиликтүү тургундар энесине боору ачып, уруксат бериши үчүн Азаева бир тууганы экөө жергиликтүү имамдардын талабы менен айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан. Ошого карабастан, алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюшкан.

Маркумдун сөөгү үчүн бир жыл мурун башка баптист көмүлгөн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн жер бөлүп беришкен.

Бирок ал айылдын тургундары да Сатыбалдиеванын сөөгүн көмүүгө тыюу салып, ал коңшулаш Сары-Булак айылында христиан көрүстөнүндө жерге берилген. Бирок ошол эле күнү анын сөөгү христиандардын талабы менен үчүнчү жолу элге айтылбай башка жакта көмүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: