Башкы прокуратура: Соттор коррупция боюнча иштерди негизсиз создуктурууда

Башкы прокуратура билдиргендей, соттор эркиндиктерден ажыратпай же коррупциялык кылмыштар боюнча негизсиз эле иштерди создуктурууда. Мындан улам айыпталып жаткандар жазаланбай калууда.

Башкы прокуратуранын башкармалыгы 28-декабрда 2013-2015-жылдарга карата коррупциялык иштер боюнча жазалардын анализин сунуштады.

Анализге ылайык, укук коргоо органдары коррупциялык кылмыштардын бетин ачып чыгарганы менен сот органдары эркинен ажыратпай турган жазаларды колдонушат.

«Күнөөлүү жактардын көпчүлүк бөлүгү жазалардан бошотулуп кетет. Айыпталган кызмат адамдарын жоопкерчиликтен бошотуу боюнча кеңири жайылган ыкмасы бул негизсиз соттук териштирүү болуп саналат, натыйжада иштин мөөнөтү өтүп, күнөөлүү жактар жазаланбай кала беришет», — делет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Анализде жер боюнча мыйзам бузуу системалык мүнөзгө өткөнү айтылат. Бардык учурда жерди берүү, аукцион жана сынактарды өткөрүүнүн тартиби бузулган делет.

Жоопкерчиликке 518 кызмат адамы тартылса, 159 кылмыш иши козголгон.

Коррупция менен күрөшүү — президент Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылы президенттик кызматка отуруп жаткан учурда жар салган башкы багыты болчу.

Акыркы беш жыл ичинде коррупция боюнча жоопкерчиликке бир канча жогорку мансаптуу аткаминер тартылган. Алардын ичинде министрлер, депутаттар жана президент администрациясынын башчысы да бар.

Бирок Кыргызстан коррупцияны кабылдоо боюнча эл аралык Transparency International уюмунун рейтингинде жогорку деңгээлде кала берүүдө — 167 мамлекеттин ичинен 123-орунда турат.

ТЕМА БОЮНЧА: