Орусия: Спорт тармагындагы аткаминерлер кызытма программасы бар экенин моюнга алышты

The New York Times басылмасы Орусияда кызытма-үлгүлөрдү алмаштыруу системасы бар экенин моюнга алган орусиялык спорт тармагындагы аткаминерлер менен болгон маектерди жарыкка чыгарды. Кызытманын колдонулушун Орусиянын кызытмага каршы агенттигинин (ОККА) башчысы жана Орусиянын олимпиадалык комитетинин (ООК) кызытмага каршы көз каранды эмес коомдук комиссиясынын жетекчиси моюнга алышты.

The New York Times гезити Москвада орусиялык спорт аткаминерлери менен болгон маектер топтомун жарыялады.

Басылманын суроолоруна ОККАнын башчысынын милдетин аткаруучу Анна Анцелович, ошондой эле ООКтун башчысы Виталий Смирнов жооп беришкен.

Өз жоопторунда орусиялык спорт аткаминерлери биринчи жолу Орусияда чын эле кызытма программасы көп жылдан бери бар экенин расмий түрдө моюнга алышты.

ОККАнын башчысынын милдетин аткаруучу Анна Анцелович. Сүрөт: Alexander Zemlianichenko/Associated Press.

«Бул институционалдык тымызын бүтүм болчу», — деди Анцелович. Ал ошондой эле жеке өзү бул системага тартылбагандыктан анын масштабына таң калганын кошумчалады.

Анцелович мамлекеттик аткаминерлер жасалмалоого эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Кызытмага каршы комиссиянын башчысы — Виталий Смирнов. Сүрөт: Alexander Zemlianichenko/Associated Press.

ООКтун башчысы Виталий Смирнов да орусиялык спортчулар кызытма колдонушаарын моюнга алды.

«Мурдагы спорт министри жана Олимпиада комитетинин президенти катары менин көз карашымда — биз көп ката кетирдик. Азыр жаш спортчулар эмне үчүн кызытма колдонууга макул болуп жатышканын түшүнүү зарыл», — деди ал.

Ричард Макларен. Сүрөт: BBC

Орусияда көп жылдык кызытма программасы бар экени тууралуу канадалык юрист Ричард Макларендин баяндамасынан кийин кеп боло баштады. Анын баяндамасы Орусиядагы бир катар спорттук иш-чараларды иликтөөгө жана токтотууга себеп болду.

Ошол эле The New York Times менен болгон маекте Макларен орусиялык аткаминерлер анын баяндамасында айтылган жүйөлөргө каяша айтпай калышканына кубанганын билдирди.

Анын айтымында, ушундан улам алар Дүйнөлүк кызытмага каршы агенттиктин Орусиянын спортун иликтөөгө алышынан арыла алышат.

Быйыл декабрдын башында Ричард Макларендин баяндамасынын экинчи бөлүгү жарык көргөн, анда канадалык юрист Орусиянын курама командасы 2010-жылы Ванкувердеги Олимпиадада ийгиликке жетпей калган соң орусиялык спортчулардын кызытма үлгүлөрүн алмаштырып коюу боюнча атайын иштелип чыккан система бар экенине далилдерди келтирген.

Сүрөт: Pavel Golovkin/Associated Press

ТЕМА БОЮНЧА: